kyrgyzfolklore - кыргыздын элдик музыкасынын булагы! 🎶
Жаңы музыкалык ачылыштарды өткөрүп жибербөө жана кыргыз элдик музыкасынын сыйкырдуу дүйнөсүнө сүңгүп кетүү үчүн биздин каналга жазылыңыз! 🎵🏞️
#Кыргызстан #Фольклор #Музыка #Культура #KyrgyzFolklore
Пікірлер
Мага да жакты❤❤❤
😍кайфую
❤❤❤
Как называется песня который на Английском тут
shiloh dynasty
Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
Тоо булагы аккандай, алма бүчүр ачкандай мен сени сүйөм.... 🤍💔
Татымың тоонун балы, Аселдейим, Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин. Арзуумду аягандай туюлармын, Ичимден канча сага эзилбейин. Кайырма: Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим, Тоо булагы аккандай, Алма бүчүр ачкандай, Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм. Жаздын таңы аткандай, Булбул гүлүн тапкандай. Жыпарың тоонун балы, Аселдейим, Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин? Түбөлүк эриш-аркак бололу бир, Жоготуп такыр сени издебейин, Издебейин, издебейин, Аселдейим.
Суйу жазы ким болсода маладец❤❤
Ыйлачы ыйлап алчы жамгыр🥲🥲😢🫠👍
"СЕН" Сөзү : К. Качкынбаеваныкы Обону : Мирбек Атабеков, Омардыкы Сен барда болбойт кайгы тушаган, Канат байлап уча алам, Кайрайт мени бүт аалам. Мен кайда барсам өзүң оюмда, Сүйүү деген сонун да Кайырма: Сен кайдан келдиң? Сен менен гана баарын жеңдим Жок дебей мага жообуң бергин Балапаным менин перим, аа. Термеген, ырахатка бул убак, Ыргагындай угулат, Жүрөгүмдөн ыр курап. Сен менен сезимимди аруулап, Өмүрүмдү жаңылап... Кайырма: Ишенем сүйүү баяны, Бактылуу болот аягы...
Кымбатым...
❤😊❤😊
🎉🎉😊
КЫРГЫЗСТАН лучше всего 🇰🇬🇰🇬🇰🇬😊
Көкү рөктө туйлады, көөдө нгө сыйбады, Көнүл менен касташтым, кыйбадым. Каректерин жалганчы, көз жашын бал тамчы, Көркөмү нө кул болдум, кайырчы. Кайырма: Тажадым мен, тажадым баарынан, Чарчадым мен, чалындым багымдан. Бар туруп балын татпадым, Оң болоор жалгыз калганым. Махабатым, жанылдым, жазганмын, Билсем дагы катага малындым. Күнөө менде билем, жаным, Сүйөм деген сөзүм шамым. Кетким келет камынып, эркиме таарынып, Ээлеп алган сезимди кагылып. Түшүнбөдүм, жалгыз бой күрөштөн чарчадым, Чеги болоор түгөндүм, жалынып. Кайырма:
Неужели я нашла...
❤❤❤
Алга Кыргызстан!!!
😂
Дениздеги жалгыз калган кайык сымал, Шамалы жок дарегимден жылбай турам. Айнек үйгө камакталган балык сымал, Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам. А сен мага дем бересиң, жел бересиң, a cен мага түпсүз, терең көл бересиң. Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм? Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм, Махабат мейкининде бийге түшөм. Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп, Табияттын же мыйзамын мен буза алармын. Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп, Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын. Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан, Буулукканда бир өзүңө жолугам. Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман, Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок, Бир өзүңдөн башка жанга орун жок, Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө. Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң, А сен мага дем бересиң, жел бересиң, Сен мага түпсүз, терең көл бересиң. Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм? Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм, Махабат мейкининде бийге түшөм, Махабат мейкининде бийге түшөм.
🔥🔥🔥
Аииий соонун болот экен молодец 👍😍😍😍❤️❤️🥰🥰❤️🔥❤️🔥
Сөз жок соонун 🥰🥰👍❤️ бирок сураныч Анжелика эженин дагы ырларынан ушундай чыгаргылачы э мага жагат ушундай муузыкалар.🙏
Молодец соонун болуптур 👍❤️🇰🇬✊️
Жолугуп махабаттын даамын татсаң, Жүрөгүң үмүт кылат. Жалгыздык кучагына азыр батсаң, Жан шерик күтүп турат. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Өмүрүң көрккө келет жолун улап, Махабат жандап турса. Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап, Тагдырың калчап турса. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Турмушуң сызык болот, Ар кандай кызык болот. Махабат коштоп турса, Өзүңдү алдабагын. Тагдырды кармабагын, Сүйүү келсе. Махабат - өмүр көркү. Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса, Чыдагын сен ансыз болбойт
Очень классная песня❤
Очень классная песня❤
Любимая песня 🥹👍❤️
Соонун болуптур 👍👍👍🇰🇬🇰🇬❤️❤️✊️
Кыргызтаным кандай сонун керемет❤❤❤❤🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
❤
Любимая песня🥲🥺
👍
Кара ушул жерге сенин жолуң сени алып келди Сага кеңештердин кереги жок баарыны билесин Секин секин шашылба айтсам укпайсың Баары болот убагында албетте жашсың Алыс алыс жактарды кыялданасың Баары болот убагында албетте жашсың Алдыга карай жүрө бер Максатыңа жетесиң сен Өзүңдү унутпа Жаша - баары алдыңда Жаша бул дүйнөдө убакытын аз текке кетирбе Баса баягы ырыңды жазып бүттүнбү көрсөтчү Секин секин шашылба айтсам укпайсың Баары болот убагында албетте жашсың Алыс алыс жактарды кыялданасың Баары болот убагында албетте жашсың Алдыга карай жүрө бер Максатыңа жетесиң сен Өзүңдү унутпа Жаша - баары алдыңда Алдыга карай Максатыңа жет Алдыга карай Жаша - баары алдыңда Алдыга карай Максатыңа жет Алдыга карай Жаша - баары алдыңда
Мен сени ойлой берем, кышта, жазда, Майрамда, ысык-суукта, сезим азда. Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн, Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка. Кайырма: Жашым жаш, чачым кара болгон менен, Эң алыс өмүр деген жолдон келем. Ошол жол такыр бүтүп калмайынча, Мен сени миң жаңыртып ойлой берем. Мен сени ойлой берем таңда, кечте, Жарым түн жакын калып, жарык өчсө. Алыстан из калтырып учкан жылдыз, Арылап жер чегине сүңгүп кетсем. Кайырма: Өзүңдү өмүр бою ойлой берем, Турмуштун кең дайрасын бойлой келем. Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп, Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем. Кайырма:
Сонун ырго
Кайф❤
❤
❤❤❤😮
Башталышында бир башкача сезим болот го😅🤍
Зынк🔥
🐼
Суу жаныртып ала тоонун жылгасын Аба тыншап торгойлордун ырдашын Жаз жадырап мен турамын сумсайып Жазда неге келбей койдун кымбатым 2 Жаркын гүлдөр жасалгалар кыр башын Жай чыгарып табиятын сымбатын Жер жап жашыл менин онүм кер сары Жайда неге келбей койдун кымбатым2 Дарактагы түркүн мөмө сыргасы Суктандырдын адамдардын кыйласын Күтүп жүрсөм жүзүн канап өзүңө Күздө неге келбей койдун кымбатым 2 Эки жүрөк бирин бири тындасын Эзилишип элжирешип жыргасын Керемет бар сенде кышты жай кылган Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым2
❤❤❤
😍😍😍😍
Оригинал можно услышать?
Текст дайте
Я снова ищу твои глазки (глазки), Я будто потерялся в сказке, Мне так не хватает твоей нежной ласки, Я снова пою под шалоу династи Я снова ищу твои глазки (глазки), Я будто потерялся в сказке, Мне так не хватает твоей нежной ласки, Я снова пою под шалоу династи Знаешь меня может согреть улыбкой Днями ночами пытаюсь привыкнуть Так тяжело забыть твою улыбку Днями ночами пытаюсь привыкнуть Нас разделяют мосты (мосты) Дни летят, наши чувства остыли Я снова холодный, простыл, Мне наплевать на это, Ведь наши души просты А помнишь тот день, в который вернулся к тебе Ночью морозы, я снова на дне, Где был труслив, чтобы быть ближе к тебе, Люблю все что окружает тебя, На все готов что осчастливить тебя, Лишь бы видеть только тебя,
❤❤❤ алга Кыргызстан
Я в начале подумал нурик поёт 😂
😂
🔥