Зарыкканда [speed up] Нуркыз Токтогулова
Ойындар
созу, обону: Аскат Жетиген
Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнайымн асыл кечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасын өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө
Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип тартым сен деп убайым
Алдыман чыга калсаң ай сымал түндө жаркып
Арзум күчөп ансайын алоолойт сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюң сулуулугун андагы
Карааныңа зар болуп кайгырсам кубансамда
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын саргайтып сар санаада
Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда
Пікірлер: 11
😍кайфую
❤❤❤
🎉🎉😊
Башталышында бир башкача сезим болот го😅🤍
Сонун ырго
Зынк🔥
❤❤❤😮
Неужели я нашла...
🐼
😂
🐼