Замир Арыкбаев - Кара Коз (Жандуу үн)
Музыка
#ЧубакСатаев #КараКөз #ЗамирАрыкбаев
"Кара көз"
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен,
Кыдырып дүйнө жүзүндө.
Көздөрүң сонун, капкара,
Көргөндө толкуйм апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара.
Пейилиң сонун ак пейил,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?
Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз,
Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
Пікірлер: 8
🇰🇬🇰🇬🇰🇬
# Замир Арыкбаев👍🇰🇬👏
👍
Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен, Кыдырып дүйнө жүзүндө. Көздөрүң сонун, капкара, Көргөндө толкуйм апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара. Пейилиң сонун ак пейил, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
👍👍👍
ээб бали канча жылдан бери издеп таппай жургом жанду комуз менен ырдаганын билбей эле которуп журо береби дей берчимин
Саламатсынбы.Замир балам тел номерин жазып койсон .сураныч
0