Динара Акулова - Жайлоодо

Музыка

Динара Акулова - "Жайлоодо"
Сөзү: Ж.Мамбеталиев
Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы, нота билип калганда не, ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.
Кайырма:
Таңшыган кыл кыякта назик кылдай,
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билсем, түшүрсөм не, ай,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.

Пікірлер: 7

  • @user-vw6fk9yo8y
    @user-vw6fk9yo8y17 сағат бұрын

    Унуно береке Динара синдим бар бол!!!

  • @user-wc1vl6rg1j
    @user-wc1vl6rg1j2 ай бұрын

    Динара сахнанын көркү,жылдызы жанган!!!❤

  • @user-lg7fy4hw1b
    @user-lg7fy4hw1b7 ай бұрын

    мыктынын мыктысысыз.

  • @FoniyDunyo-iy8db
    @FoniyDunyo-iy8db2 ай бұрын

    29га кирдиим ешлигим отди бу кошик билан атанг атанг😢

  • @user-yn8xo5ry3m
    @user-yn8xo5ry3m6 ай бұрын

    Динара эженин уну аябай жагымдуу, кошулуп ырдайм дайым 😍🥰😘

  • @user-jt6ky9br7i
    @user-jt6ky9br7i4 ай бұрын

    👏👏👏

  • @user-sh5jb7uu8s
    @user-sh5jb7uu8s2 ай бұрын

    ❤❤❤🎉🎉🎉

Келесі