Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган жалганчы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин атын жамынган жалганчы адам кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Д.С., К.Ж. жана Россиянын Д.Б. аттуу жарандары акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКга кайрылышкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту ("Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык") боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2023-жылдын 13-июнунда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган “Тойота Приус” үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.
Азыркы учурда УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле, башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.
УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып жана кылмыштуу максатта пайдаланган учурда кылмышкерлерге колдонуудагы мыйзамдар боюнча катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.
Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312620585, 0312660475 номурларына кайрылууну суранабыз.
«ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
_________________________________________
Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
Инстаграм - / erkintoo.kg
Фейсбук - / erkintoo.kg
Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
#кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Пікірлер: 2

  • @user-gm6fm3fp6s
    @user-gm6fm3fp6s Жыл бұрын

    Тамагы жаман десе

  • @user-mo8mi9qv9k
    @user-mo8mi9qv9k Жыл бұрын

    Жаны кино окшойт

Келесі