Бажы кызматынын кызматкери кармалды...

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери ишкерлерден акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.
Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.
Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
«ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
_________________________________________
Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
Инстаграм - / erkintoo.kg
Фейсбук - / erkintoo.kg
Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
#кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Пікірлер

    Келесі