Тарыхты өзгөрткөн Талас (Атлах) согушу

✅#Насаат_Медиа расмий каналга кош келиңиздер!
✅ ПОДПИСАТЬСЯны басып коюңуз👍
➡️ kzread.info...
===============================
✅ Видео жакса, ЛАЙК басып, ПОДЕЛИТЬСЯ кылыныз
✅ КОМЕНТАРИЙ калтырып, СУНУШ бериңиз
✅ Кийинки ВИДЕО кандай темада чыгуусун жазыныз.
===============================
☝️ Бул нерселерди Сизге жазганыбыздын себеби,
#Насаат_Медиа каналы өсүп-өнүгүп,
көптөгөн бир туугандарга эки дүйнөсүнө пайда берген сабактар
көбүрөөк жетсе деген чоң үмүт бар.
👍 ЛАЙК басып, КОМЕНТАРИЙ калтырсаңар
видео тезирээк көп адамга жетет Ин ша Аллах.
Аллах Таала баарыбыздан ыраазы болсун!
===============================
СУРООЛОР ҮЧҮН НОМЕР ватсапп: wa.me/996700773389
===============================
🔍 Бизди ушул ссылкалар менен тапсаңар болот.
Сайт: ➞ nasaatmedia.kg/
Телеграмм: ➞ t.me/nasaatmedia
Instagram: ➞ / nasaatmedia
Тик Ток: ➞ / nasaatmedia
Facebook: ➞ / nasaatmedia.kg
Facebook: ➞ / chubakajy
Вконтакте: ➞ nasaatmedia
Одноклассники: ➞ ok.ru/nasaatmedia
===============================
📍"Насаат Медиа" тиркемесин (приложения - андроид)
➞ play.google.com/store/apps/de...
🤲 Намаз окууну үйрөнүү (приложения-андроид):
➞ play.google.com/store/apps/de...
🍎 "Насаат Медиа" тиркемесин (приложения - айфон)
➞ apps.apple.com/kg/app/насаат-...
🤲 Намаз окууну үйрөнүү (приложения - айфон)
➞ apps.apple.com/kg/app/книга-н...
===============================
#Насаат_Медиа
☝️ Эскертүү, бул номерлер суроо-жооп үчүн эмес,
сунуш-пикир, кемчилик-каталарды билдирүү үчүн.
© Насаат Медиа
Whatsapp ➞ +(996) 700 773-389
Телеграмм ➞ +(996) 700 792-233

Пікірлер: 7

  • @kudaibergensultanbekov2541
    @kudaibergensultanbekov254115 күн бұрын

    Кыргызстандын тарыхы боюнча ушундай подкасттар көп болсо, өтө сонун болот экен. Ийгилик коштосун, эң сонун 👏👏👏

  • @kudaibergensultanbekov2541
    @kudaibergensultanbekov254115 күн бұрын

    Эң сонун, Таласта Тарыхый комплекс жаратуу идеясы өтө жакшы, сөзсүз керек! Тарыхга өтө жогорку деңгээлде маани берүү кажет.

  • @kudaibergensultanbekov2541
    @kudaibergensultanbekov254115 күн бұрын

    Түрк дүйнөсүнүн мусулман болуп башталышы Талас согушунан кийин башталган десек жаңылышпайбыз, себеби, эң биринчи кабардар кылуусу, чакыруусу, жакындан мамиле кылуусу ошондон башталган!!! Кагаздын жайылуусу дагы ушундан кийин кенен жайылган 👍👍👍Эң сонун программа 👍👍👍

  • @AkylaiAbsatarova
    @AkylaiAbsatarova15 күн бұрын

    👏👏👏

  • @gulyamo9136
    @gulyamo913613 күн бұрын

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @abvgd7103
    @abvgd710311 күн бұрын

    Талас салгылашуусунан кийин Орто Азия кимге калды? 755-763-жылдары Кытайда теги бухаралык генерал-губернатор Ань Лушань чоң көтөрүлүш кылганда, чегарадагы аскерлер борборго чакырылган. Ошондон кийин көп кылымга Орто Азияга кытайлар тарабынан коркунуч туулган эмес. Гао Сянчжи 756-жылы көтөрүлүштү бастыра албагандыгы үчүн айыпталып, өлтүрүлгөн. Таласта туткундалган 25 миң кытай аскерлеринен мусулмандар кагаз өндүрүүнү үйрөнүшкөн. Арабдар да Мавернахыр менен токтолуп, Орто Азиянын калган бөлүгүн каратууга умтулган эмес. 754-жылы халиф болгон ал-Мансур, кийин анын уулу ал-Махди, андан кийин анын уулу Харун ар-Рашид да Мавернахырды башкарууну перстерге ыйгарып келишкен. Бара-бара Мавернахырда перс-тажиктердин Саманий мамлекети курулган. Орто Азиянын тоолорунда түргөштөрдүн ордуна карлуктар 766-жылы өз кагандыгын түптөшкөн. Карлуктар менен кыргыздарга Мансур ал-Халлаж, Абунасыр Самани ж.б. перс сопулары исламды жеткире башташкан. 9-кылымда уйгурлар Чыгыш Түркстандан тибеттиктерди сүрүп чыгарышкан, бирок өздөрү буддизмди кабыл алышкан. Ошентип, Талас беттешинен кийин Орто Азиядан империялар кетишкен, бирок артында дини, маданияты калган. Ар кандай маданияттардын таасиринде жергиликтүү элдер үчкө бөлүнүп калгандыктан, регионду бириктирүүгө кадам таштоочулар ислам, буддизм же манихеизмдин бирин тандоосу керек эле. Ошондуктан караханийлерден Сатук буурахандын урпактары исламды тандап, алар 11-кылымда Орто Азияны толук бириктире алышкан. Ошондон кийин караханийлер чыгышка, селжуктар батышка, ал эми газневилер түштүккө карай жортуул жасап, эми Орто Азиядан чыккан үч империя тарыхты өзгөртө турган болушкан.

  • @abvgd7103
    @abvgd710311 күн бұрын

    751-жылдагы Талас (Атылах) салгылашына чейин Орто Азия кимдики эле? Борбордук Азиядагы көчмөн түрк элдеринин бирдиктүү кагандыгы кулагандан кийин, 7-кылымда Орто Азия аймагы үч чоң дөөлөттүн талашында калган. 8-кылымдын башында батыштан Араб халифалыгынын аскерлери келип, Мавернахырды каратса, ага чейин эле чыгыштан Тан империясы Жетисуу тоолорун ээлеп, Фергананы талашып турган. Ал эми түштүк жактан Тибет империясы Тарим ойдуңун өзүнө каратып, буддизмди жайылткан. 715-жылы арабдар Фергана өрөөнүндө кытайлар дайындаган ихшидди түшүрүп, өз кишисин бийликке алып келишсе, кайрадан 10 миң кытай аскери келип, өздөрүнүн кишисин коюшкан. 717-жылы араб-тибет-түргөш союзу Аксуудагы салгылашта кытайлардан жеңилип калышкан. Орто Азия ошондо толугу менен Тан империясынын карамагында калуусу коркунучу бар болчу. Кытайлардын Орто Азияны толугу менен каратуусун токтотуу максатында арабдар менен тибеттиктер союздаш болушкан. Тибетти 52 жыл башкарган император Меагцом 717-жылы Кашкарды каратса, 726-727-жылдары тибеттиктер менен кытайлар Турпанды талашып согушкан. Булардын ортосунда жергиликтүү элдердин эгемендиги үчүн Чүй өрөөнүн борбор кылган түргөштөр гана аракет кылган. Сулук каган баштаган түргөш жана согдулар 731-жылы арабдарды Самарканд менен Балхтан кууп чыгышкан. Бул убакта араб-умави (омейяд) халифтери ички саясатын эптей албай, тышкы саясатта алсырай башташкан. Себеби, тынчы жок харижийлер көбөйүп, алардан ибадийлер, байхасийлер, ажрадийлер, саалабийлер пайда болгон. Калбий-кайсий чабышы күчөгөн. 739-жылы Зейд баштаган шийалар бийликке каршы көтөрүлсө, 746-жылы Түндүк Африка менен Йеменде көтөрүлүш болгон, ал эми Андалусия (Испания) унутулуп калган болчу. Ошондой кырдаалда аббасийлер да өз саясий үгүтүн ачык баштагандыктан, 747-750-жылдары Үчүнчү фитна (жарандык согуш) болуп жаткан эле. Ага карабастан арабдар Мавернахырдагы бийлигин сактай алышкан. Себеби, түргөштөргө арттан кытайлар сокку уруп, ортодо тоскоолдук жоюлган. Кытайды 44 жыл башкарган император Сюань-Цзун ички да, тышкы да саясатында ийгиликке жетип, акырындап Орто Азияны каратып келе жаткан эле. Ал уйгурлардын жардамы менен 744-жылы түндүгүндөгү чыгыш-түрктөрдү каратса, 747-жылы Тибет менен согушууга аскер жиберип, Памирди карата баштаган. Тан империясынын корей тектүү генералы Гао Сянчжи 748-жылы Чүй өрөөнүн, 750-жылы Ташкентти баш ийдирип, талап-тоноп кеткен. Ошондо орто азиялыктар Араб халифалыгына жардам сурап кайрылышкан. Ал жылы арабдарда бийлик жаңыдан алмашып, күчүнө келе элек болчу. Антсе да, биринчи аббасий халифи болуп жарыяланган Абулаббас ас-Саффах арабчылыкка эмес, мусулманчылыкка басым жасагандыктан, эл тарабынан жылуу кабыл алынган. Кытайларга каршы Орто Азиядагылар жардам сурап келгенде, аббасийлердин ишенген генералы перс Абумуслим тез арада көп аскер топтоп, тажрыйбалуу араб кол башчы Зияд ибни Салихти башчы кылып жиберген. Ошентип, Зияд менен Гао баштаган эки империянын аскерлери 751-жылы Таласта беттешип, эки цивилизациянын кагылышуусу болуп өткөн. Салгылаштын тагдыры карлуктардын арабдар тарапка өтүшү менен чечилген.

Келесі