"СССРде жашоо сонун болуптур дегендер бар" - Темир Бирназаров

Подкасттыбыздын жаңы чыгарылышында биз көрүнүктүү кинорежиссёр Темир Бирназаров менен маек курдук.
Маектин жүрүшүндө кыргыздын иденттүүлүгүнүн терең жана актуалдуу маселелерине токтолобуз. Кыргыз тилинин маданий мурасты сактоодогу жана улуттун өз тагдырын өзү аныктоодогу негизги мааниси тууралуу кеп кылабыз.
Коногубуз кино пропаганданын күчтүү куралы болоорун СССРдин мисалында айтып берет. Экран аркылуу коомдук пикирге кандайча таасир этип, кандайдыр бир стереотиптерди жана идеологияларды калыптандырууга болорун талкуулайбыз.
Подкастта Темир Бирназаровду Орусия кара тизмесине эмне үчүн киргизгени тууралуу жана буга кыргыз тилибиздин кандай тиешеси бардыгы тууралуу да сөз болмокчу.
Булар подкасттыбыздын кезектеги чыгарылышынан бизди күтүп жаткан нерселердин бир аз гана бөлүгү. Чыгарылышка көз чаптырып, угуп Темир Бирназаров менен жаңы көз караштарды жана идеяларды табыңыз. #темирбирназаров #иденттүүлүк
#деколонизация #колониалдыктүшүнүктөр #эркиндик #энетил #кыргызфильм
00:00-00:48 Тизер.
00:49-1:10 Саламдашуу.
1:11-12:16 Улут катары өксүгүбүз аябай чоң.
12:17-17:25 Орусияда кара тизмедемин.
17:26-19:12 Мырктардын аркасынан улут кармалып турат.
19:13-20:12 Союз учурунда эле жакшы экен десе, күйүп кетесиң да.
20:13- 25:33 Орусча билбесең киши катары көрчү эмес.
25:34-36:14 Кино бул пропаганданын күчтүү куралы.
36:15- 40:26 Кино менен туризм, экономиканын байланышы.
40:27-43:33 Кытайдагы кыргыз маданияты.
43:34- 45:44 УТРК орустардын киносун коюп атат.
45:45-47:04 Тил маселесин айта берип тажадым.
47:05-51:50 Кыргызча анан англисче үйрөнгүлө.
51:52-52:58 Коштошуу.
#темирбирназаров

Пікірлер: 246

  • @user-qr6pv9lw3z
    @user-qr6pv9lw3zАй бұрын

    Қырғыз бен қазақ бір туған ғана емес, егіз халық екеніне көзім жетті осы подкасттан. Барлық мәселелеріміз бірдей. Оған қолданатын сөз тіркестеріміз де біп-бірдей екен. Аман болыңдар бауырлар!

  • @user-cd6hb7ub3k
    @user-cd6hb7ub3kАй бұрын

    Кыргыздар үчүн эң коркунучтуу душман бул кыргыз тилин билбеген, орустарды кудай көргөн киргиздер. Ошол нерсеге 100% кошулам.

  • @avazbekjailobaev6922

    @avazbekjailobaev6922

    Ай бұрын

    Маданиятты орустар алып келдиго советтик 1930 чу жылдары кыргыздар кошуна элдер кандай жашоодо эле элестетип корчу тамга тааныган эмес илимди кесиптерди ким берди сени ушул денгеелгечейин ким тарбиялады азыркы жаны орустардын саясаты башка кор болсон да туз кор болбо улутчлдук согушка алып келет

  • @user-cd6hb7ub3k

    @user-cd6hb7ub3k

    Ай бұрын

    @@avazbekjailobaev6922 дагы бир душман

  • @user-cd6hb7ub3k

    @user-cd6hb7ub3k

    Ай бұрын

    @@avazbekjailobaev6922 Битик эмне экенин билесизби ?

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    @@avazbekjailobaev6922 азыр эмне маданияттуу болуп кеттикпи? Арак ичкенди алкаш бомж болгонду ким үйрөттү? Мусулман дининен ким чыгарды? Тилинди унутуп манкурт болгонго ким себепчи?

  • @user-cd6hb7ub3k

    @user-cd6hb7ub3k

    Ай бұрын

    @@avazbekjailobaev6922 ким айтты орустар алып келди деп ? Кызык, балким сиздин ата бабаларыңызга жеке орустар жардам бергендир, анысын билбейм. Бирок мен кыргызмын деген адамдардын ата бабалары 7-8 кылымда битик тамгалары менен жазып, Кытай Империясы менен эки тилде байланышып келген. Кэче пайда болгон орустар эмнени үйрөттү сизге? Арак ичишти, кудайга ишенбөөнү, кул болушту үйрөттүбү?

  • @user-vf3pd2jp4l
    @user-vf3pd2jp4lАй бұрын

    Кандай гана сонун сөздөр улут үчүн жанын берген адамдар ' агай көп жашаңыз бар болуңуз!!!!!!!

  • @user-ef1uz8jh8r
    @user-ef1uz8jh8rАй бұрын

    Аябай соонун маек болуптур . Агай ачуу чындыкты айтты .😢😢😢. Акырына чейин үзгүлтүксүз уктум .

  • @asemkuljaichibekova6427
    @asemkuljaichibekova6427Ай бұрын

    Азаматсың биздин кинорежиссер,мыкты адамсың,патриотсуң🤲🇰🇬🤲 Киргиздерге караганда анык патриотсуң,көчөдө кемпири деле чалы деле бири бири менен орусча сүйлөшөт анан алардын балдары каякка барат,шүмшүктөр ,эң керектүү маек экен 👍😊👍

  • @gulzattadgieva1873

    @gulzattadgieva1873

    Ай бұрын

    Кытайча суйлопоксун СССР болбосо

  • @user-bl8yq6tt1f

    @user-bl8yq6tt1f

    Ай бұрын

    Патриот сөздү түшүнөсүң бү. Жазганда сөздөрдү ойлоп жаз.

  • @mountincloud
    @mountincloudАй бұрын

    Подкасттарды аябай укчу элем. Кыргызча сүйлөшкөндөрдү укканда кулагым жыргайт го. Рахмат. Өскүлө, өнүккүлө!

  • @akunakunov2563
    @akunakunov2563Ай бұрын

    Ушундай кишилердин пикирлерин көбүрөөк чагылдырып туруңуздар рахмат.

  • @user-eh7tp5bb1p

    @user-eh7tp5bb1p

    Ай бұрын

    👍👏👏

  • @n.tourism
    @n.tourismАй бұрын

    Кыргыз тилин колдогон, аруулукту жактаган режиссер экен. Патриот байке экен. Бийлик колдоо көрсөтүүсү керек мындай адамдарга. Кыргыз тилин парламентте сөз менен колдоп, иш жүзүндө улуттук кинонун директору кыргызча билбейт экен.

  • @sultanov97
    @sultanov97Ай бұрын

    Ушул агайга миллион процент кошулам…☝🏻

  • @user-me3ik7vj9d
    @user-me3ik7vj9dАй бұрын

    Атандын корку коптон бери сактап жургон классым бар эле 👍

  • @user-xy3ed9vy4o

    @user-xy3ed9vy4o

    Ай бұрын

    Айий сасып кетиптир сакталып калган экен майга чылап сактасаң болмок 😂😂😂😂😂

  • @user-jp3ml4uy2d
    @user-jp3ml4uy2dАй бұрын

    Аман болунуз агай тим эле казына экенсизго алтын катылган, рахмат агай!!!

  • @pozitive007
    @pozitive007Ай бұрын

    Мүмкүнчүлүгүм болгондо ар бир Кыргызга угузмакмын бул подкасты

  • @ArnasAliya
    @ArnasAliyaАй бұрын

    Туура айтасыз чындык ачуу болот, менин да ушул ойлорум тушундуро албай келем

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    Ооба айтсаң түшүнбөйт😢. Мыйыгынан жылмайып караап коюшат байкуш манкурт кыргыздар

  • @user-jv2gq6dp1g
    @user-jv2gq6dp1gАй бұрын

    Атандын гана көрү менин оюмдагынын баарын айтып салды да !

  • @akszh
    @akszhАй бұрын

    Айткан создору коп кулактарага жетсин🤲🏻

  • @user-pr2kz6fj5v
    @user-pr2kz6fj5vАй бұрын

    Мыкты суйлоду👍👍👍

  • @armanomarov9737
    @armanomarov9737Ай бұрын

    Кыргызы говорить правду Слава Кыргыстану желаю успехов. Кыргзым

  • @user-en9uh6ki8m
    @user-en9uh6ki8mАй бұрын

    Мен Кыргызмын дегенибиздин баарыбыздын ичибиз ачышып,улутчулдукка суусаптырбыз а

  • @user-od7se1og2o
    @user-od7se1og2oАй бұрын

    Ушуну ар бир кыргыз көрсүн бөлүшөлү

  • @akunakunov2563
    @akunakunov2563Ай бұрын

    Эркин ойлонгон адамдарды көбүрөөк чыгарып ошолордун ой пикирин пропаганда кылыңыздар

  • @FayziddinKarabashov

    @FayziddinKarabashov

    Ай бұрын

    Кыргыздар качан онугот качан ошол кыргызчаны билбегендер кыргызчаны уйронсо ошондоонуоот болбосо жок себеби ар Бир элде ынтымактык жок болсо элдин 96/* проценти ойлору максаттсры Бир болуп Кудайдан тиленишсе ..... Тиленишсе....тиленишсе. ...Анан Кудайым аларгаьтилеген максаттсрын берет болбосо бербейт ОО кыргызым кыргызчаны билбей мырт болбой кыргызчаны уйронууго аракет кылгыла

  • @user-on4wm5xc2h
    @user-on4wm5xc2hАй бұрын

    Агай туптуура суйлодунуз,рахмат 🙏🙏парламентте действительно артистер отурушат,Кыргыз эли чындыгында уйдун көнунөн башка эч нерсе жаратпаптырбыз!!!

  • @user-nr7zp2wj5v
    @user-nr7zp2wj5vАй бұрын

    Бар бол Темир,сендей эл уулу көп болсо экен.

  • @user-np7nl7gi6p
    @user-np7nl7gi6pАй бұрын

    Кыргыз-тил учун деп жашайт экен Азаматсыз!

  • @tegiz7554
    @tegiz7554Ай бұрын

    Сизди колдойбуз. Буюрса баары озгорот

  • @lookatthis1881
    @lookatthis1881Ай бұрын

    Эң туура сөздөр. Бул сөздөрдү бирөө айтыш керек эле негизги.

  • @zulfiyeinal1627
    @zulfiyeinal1627Ай бұрын

    Эне тилин билбеген,эси жогун аныктайт. Эне тилин суйбогон,элин суйуп жаарытпайт,дегендей оз тилибизди билишибиз керек

  • @umutkasymova3628
    @umutkasymova3628Ай бұрын

    Үйгө омур бою очередке туруп, жетпей олуп калышчу да.Кийимдеричи серый ,чыт мыт.жакшыраак материалдар да жок болчу ,болсо кымбат.Инкубатордой кийинчубуз,баары окшош.Ар бир кийим союз бойунча 1. 2эле модели болуш керек болчу

  • @philos1708
    @philos1708Ай бұрын

    Бирназаров -патриот кыйын киши! Бирок сүйлөгөндө “мите-сөздөрдү” колдонот экен! Ошондон арылышыңыз керек!

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    Ошонун баары орустун таасири

  • @TheBakytbel

    @TheBakytbel

    Ай бұрын

    ​@@user-jv2gq6dp1g А балким сөз байлыгынын жардылыгыдыр? Сөз байлыкты өстүрүү үчүн көбүрөөк китеп окуш керек го орустарды күнөөлөбөй.

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    @@TheBakytbel илгери ата-бабаларыбыз китеп окубай эле жакшы сүйлөшкөн.

  • @TemirBirnazarov

    @TemirBirnazarov

    Ай бұрын

    Жарайт, аракет кылып жатам.

  • @TemirBirnazarov

    @TemirBirnazarov

    Ай бұрын

    Ооба, акыркы класстарымды, орус мектепте бүтүрдүм, ошонун айынан сиз айткандай мите сөздөрдөн кутула албай келатам, бирок аракет кылуудамын.

  • @user-mo2yw3re2n
    @user-mo2yw3re2nАй бұрын

    Ар бир сөзүнүзгө кошулам, ишинизге ийгилик, ден соолук

  • @user-jw7om4fc8j
    @user-jw7om4fc8jАй бұрын

    Ассалому алейкум кыргыз элим,менда оз оюмду айтайын,орус тилин билгиле коп тил билген жакшы,бирок ошол эле кезде оз эне тилибизди унутпай барктасак жакшы болмок,

  • @user-gn2qg3sl6h
    @user-gn2qg3sl6hАй бұрын

    Корсо кыргызча жашап ойлоп суйлоп эн маданияттуу илим билимдуу алдынкы коомду туссо эмнеге болбосун Эгемен алгандан бери элибиз жоктон бар кылып башкалардан тын экенин далилдеди окшойт . Кыргыздар оной олтон эл эмес . ❤

  • @OSKARFORME
    @OSKARFORMEАй бұрын

    Эн туура биздинда чон атабыз СССР убагында аттырылган, эч качан энсебейбиз СССР убагын, кееде орусяга кошулгусу келген акмактар бар, биз Кыргызстан болуп, коз каранды болбойлу,,, окуйлу билим алалы, илим алалы онуголу, балдарга жакшы тарбия билим берели келечек, озу орду ордуга коюп коюлат

  • @user-cy4il6hi2x
    @user-cy4il6hi2xАй бұрын

    Сонун маек болуптур. Биз Кыргыздар оома болот окшойбуз.бир кезде орусча мода болсо эми арабчага оттук

  • @Freedom-jl7zf
    @Freedom-jl7zfАй бұрын

    Рахмат маегинерге! Ушундай кен ой жугурткон кишилер коп болсун !

  • @user-is8sw2pe3c
    @user-is8sw2pe3c22 күн бұрын

    Туура айтасыз

  • @user-rg4nj9yb6w
    @user-rg4nj9yb6wАй бұрын

    Агайдын харизмасы кучтуу!!!суйлогону жагат 😁

  • @aijanilayasova
    @aijanilayasova11 сағат бұрын

    ❤❤❤❤❤

  • @tashtanbekuulu_17
    @tashtanbekuulu_17Ай бұрын

    Ушинтип элди агартып тургула.Мен дагы агара түштүм.😂

  • @user-nh3wh2sr2w
    @user-nh3wh2sr2wАй бұрын

    Орустар биринчи ата энелебизди манкурт кылып ,анан энесинин суту атасыны созу менен кете берет,бала озу тушунбой калат качан манкурт болуп калганын...

  • @kyrgyz_jigiti

    @kyrgyz_jigiti

    Ай бұрын

    Тура

  • @gulizashakieva6502

    @gulizashakieva6502

    Ай бұрын

    Эки муундун тирешин сезип жатабызда азыр,Ата энелердин коз караш,ой жугуртуусу башка,СССР бузулгандан кийинкилердики башкача.

  • @insarsafar8379
    @insarsafar8379Ай бұрын

    Жакшы маек. Сонун ойлор.

  • @user-je8gh9rp3r
    @user-je8gh9rp3r7 күн бұрын

    Кыргыздар озубуздун тилди барктайлы дайыма Кыргызча суйлойлу

  • @user-dz6re5nb8p
    @user-dz6re5nb8pАй бұрын

    Сонун маек болуптур, рахмат

  • @user-po4ub7vf2n
    @user-po4ub7vf2nАй бұрын

    ❤❤❤👍🤝

  • @Akchoroev_Azat
    @Akchoroev_AzatАй бұрын

    Абдан жакшы интервью. Эл ушуну эмнеге тушунбойт, туптуура айтат.

  • @stonecold9912
    @stonecold9912Ай бұрын

  • @Ulan2017
    @Ulan2017Ай бұрын

    👍👍👍 Аллга Темир байке!!! Аллах сизди колдосун.

  • @user-sd9dz4qx5h
    @user-sd9dz4qx5hАй бұрын

    Кудайга шугур дегилечи

  • @Freedom-jl7zf

    @Freedom-jl7zf

    Ай бұрын

    Шугур деп журуп орустун кочо шыпыргычына айланды кыргыз . Бу маек кыргызды мээсин иштеткенге чон таасир берет .

  • @zhanyshbektynybekov7374
    @zhanyshbektynybekov7374Ай бұрын

    Өтө мыкты киши экен...

  • @user-zw6gz5sc4p
    @user-zw6gz5sc4pАй бұрын

    Темир агай рахмат сизге сиз патриотсуз,нацист эмес

  • @de5953
    @de5953Ай бұрын

    СССРде жашоо орустарга эле жакшы болгон, калган улуттар өз тилин унутуп бараткан

  • @user-kp7vz3qh1s
    @user-kp7vz3qh1sАй бұрын

    Азамат сыз

  • @user-oc1hw1hg3o
    @user-oc1hw1hg3oАй бұрын

    🎉🎉🎉🎉

  • @user-wt2pm4nv3p
    @user-wt2pm4nv3pАй бұрын

    Ото мыкты инсан экен, бирок мындайлар жашыруун журушот го...

  • @user-ne8dd6qh8h
    @user-ne8dd6qh8hАй бұрын

    👍👍👍👍👍👍

  • @TutMan-wh6fu
    @TutMan-wh6fuАй бұрын

    Туура ото мактанчак элбиз! Эчнерсе жок мактанарга!

  • @user-fl3zx7sl1j
    @user-fl3zx7sl1jАй бұрын

    Туура бизде билим илим болбойт.анткени жаштарды динге киргизип жорду.

  • @user-ry2mu1ip2q
    @user-ry2mu1ip2qАй бұрын

    Туура айтат

  • @user-et5vx3sd1r
    @user-et5vx3sd1rАй бұрын

    Эн туура

  • @user-nj5om4tv3b
    @user-nj5om4tv3bАй бұрын

    Мотивация керек мамлекет тараптан өндурушкө

  • @Freedom-jl7zf
    @Freedom-jl7zfАй бұрын

    Алар колбаса арзан болгон дегенден башканы билишпейт . Клетканын ичинде багылган маймылдан эмне айырмасы бар алардын? Айырмасы жок !

  • @meirtolepberdinov451
    @meirtolepberdinov451Ай бұрын

    Дұрыс айтады!

  • @user-gw6lb6xj2h
    @user-gw6lb6xj2hАй бұрын

    Бийликтен киргиздерди алыш керек, кыргыз тили жонундо соз чыкса эле, душмандарыбыз, саткындарыбыз калкып эле чыгып калып атпайбы

  • @user-jd2xs2fb8z
    @user-jd2xs2fb8zАй бұрын

    Темир мырзаны аябай сыйлайм,белгисиз маршрут тасмасы эле канча турат

  • @mirasharshenalieva3819
    @mirasharshenalieva3819Ай бұрын

    Анда эмне тарыхты айтпаш керекпи? Кыргыздарды башка улуттун окумуштуулары изилдеп жазып жатышатко мактанбасак деле. Тарыхтан деле азыркы заманга ылайыктууларын алсак жаманбы?

  • @user-tm6xp3em6u
    @user-tm6xp3em6uАй бұрын

    Бөрүнүн эң чоң душманы бул - адам баласынын колунан тамак жеп, аңчыларга бөрүнүн изин таап артынан ээрчитип, колго түшүргөнү жардам берген иттерге салыштырдым Темир байке айтып өткөн “киргиздерди”

  • @user-mg9gw2nn3o
    @user-mg9gw2nn3oАй бұрын

    Баары өтүп кетти ,аны миң айтсаң да эч нерсе өзгөрбөйт Ал мезгилдин да артыкчылыктары болгон Кудайга шүгүр Көп наалый бербегиле

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    Тилин унуткан динин унуткан артыкчылыкты айтып жатасызбы? Же арак ичкен , селсаяк болгон , сойку болгон өнөрлөрүн айтып жатасызбы?

  • @gulizashakieva6502

    @gulizashakieva6502

    Ай бұрын

    Артыкчылыгы Высоцкийге окшогондорду корушуп арак ичип,тамеки чеккенди уйронушкону артыкчылыкпы,ар бир киносунда арак ичмей,тамеки чекмей ошентип тарбиялашып алкаш кылып эми ошол алкаштардын кесепетин балдары тартып журушот.

  • @user-un7ok9kw4z
    @user-un7ok9kw4zАй бұрын

    Орустар болбосо жерибиздагы , элибиздагы чоң болмок

  • @erkinbeyshenbaev7027
    @erkinbeyshenbaev7027Ай бұрын

    Азыркы мигранттардын балдары , кечээ эле айылдан чыгып , орусча сүйлөп , таза ватник - орозкул болуп жатпайбы))

  • @user-cz2er5hs2f
    @user-cz2er5hs2fАй бұрын

    Туптура айтып жатат !

  • @SayakAkbai
    @SayakAkbaiАй бұрын

    Адекватность

  • @user-kx4gr6rw1n
    @user-kx4gr6rw1nАй бұрын

    Кыргыз жителем, ким ээрчитсе кете берген сойкудай.

  • @umutkasymova3628

    @umutkasymova3628

    Ай бұрын

    Сойкулардын сөзү.Жалпы элге асылба.Оз башына кайтсын айтканын.

  • @user-po4ub7vf2n
    @user-po4ub7vf2nАй бұрын

    От жакты!❤

  • @news_kg
    @news_kgАй бұрын

    ушуну кызматка алыш керек кыргыз тил комиссиясына

  • @user-ro6hr8fw6q
    @user-ro6hr8fw6qАй бұрын

    Чет олколордо ишин жакшы билгендерди баалайт . Бизде бааланбайт себеби чонтогу чондор ээ леп алышкан алар кесипкойлорду жолотпойт . Ошон учун кыргызстан экономикадан оспойт .

  • @user-ke6yy1nj6x
    @user-ke6yy1nj6xАй бұрын

    🎉🎉🎉🎉🎉Ар бир көргөн адам, лайк анан комментарий калтыра кеткиле. Ютубтун алгоритми ушундай, лайк менен комментарий канчалык көп болсо, элге ошончо көп таралат. 🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉. Комментарий жазгандан ээрингендер, бир смайлик калтыргыла....😅😅😅😅

  • @wetsan6731
    @wetsan6731Ай бұрын

    Мен уйдөгулөрго жана досторума ссср жаман болгон деп тилим тещилип бүттү

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    Айтпа . Мен дагы СССР дин жаман жактарын айтсам ой ал кезде проблема жок болчу , курсак ток болчу дешет. Ошондо курсак тойгонуна эле сүйүнүп жүрө берген биз деги кимбиз?

  • @user-wb2dq3zw2g

    @user-wb2dq3zw2g

    Ай бұрын

    Менин атам 12 бир тууган баары СССРдин окмоту бакты, бекер окутту баары жогорку билимдуу врач, мугалим, инженер. Эмне жаман болуштубу??? Азыр 12 эмес, бир баланы багыш окутуш билим бериш баарын колунан келбейт!!! Туура СССРдин терс жактары бар бирок, таптаза эле жаман желмогуз кылыш туура эмес...

  • @adiletaskerov9399

    @adiletaskerov9399

    Ай бұрын

    ​@@user-wb2dq3zw2gЭн негизги байлык эл үчүн - эгемендүүлүк. Ошондуктан эгемендүү Кыргызстан СССРден артык!

  • @wetsan6731

    @wetsan6731

    Ай бұрын

    @@user-wb2dq3zw2g ураттуу мекендешим, ссср биздин өнүгүүгө тоскол болгон Жусуп Абдрахманов өзүнүн күндөлүгүндө жазган, кнчасы жөнеле атылып кетти, сылкага жөнөтүлдү! Сссрде болгонубуздун пайдасы бар, бирок зыяны көбүрөк болуп жатат. Өзүңүз, ошол маселегни изильдеп көрүңүз. А окуту жөндө айта кетсем, ал нерспни биздин Кыргыз саясатчылар жана окумушчулар аракет кылган Абыдкерим Сыдлков, Иманалы Айдарбеков,Жусуп Абдоахманов,Касым Тыныстанов,Абдыкадыр Орозбеов, Баяалы Искаеев барры Крыгыз элин, жакшы жашоого алып келүлгө аракет кылган, ошогул элине-жериге күйгөн адамдарды “националист,пантюркист» деп атып салган.

  • @wetsan6731

    @wetsan6731

    Ай бұрын

    @@user-jv2gq6dp1g бирок үйдөгүлор акырындан түшүнүп жатат, эң негизгиси багынба боордошум, акырындыктан бары түшүнөт.🙌

  • @user-yz3eh3yv5p
    @user-yz3eh3yv5pАй бұрын

    Куйуп айтып жатат баракелде.

  • @user-vl7vg3nc9l
    @user-vl7vg3nc9lАй бұрын

    Бирназаров браттын интеллекти ото томон экен!Озун Калининдиксинби!?Япон менен салыштырып койбодубу.Японго жетпейсин,алты санын башын ошолордукундай болгонун менен ал башка эл.Япондор,немецтер,англосакстар булар башка элдер!Рельсти союздан алып япондор бизге лезвия кылып кайра сатчу деп калпты,мифти айткандан уялсан,брат!Союздан билим алып,тее Нарындын калининен адам кылган сени именно СССР!Калпычы,авантюрист бул!Жердешсин ,бирок сен чайниксин!

  • @jashasynkg9108
    @jashasynkg9108Ай бұрын

    ОРУСЧА СҮЙЛӨ ЗАМАНБАП ДЕГЕНДЕР БУЛ КЕЛЕСООЛОР !!!

  • @TheBakytbel
    @TheBakytbelАй бұрын

    "Рельсалар" жаңы сөздөр жыйнагынан. 😂 Рельстер жана стакандар жөнүндө айта баштаганда эле андан ары көргүм келген жок. Советтик доордо айтылып жүргөн мифтерди чындай кылып айтып кирди го бул байке. 😂 Япондор өзүлөрүнөн кен байлык чыкпаса да, керектүү сырьелорду башка мамлекеттерден сатып алып, лезвие эле эмес башка көптөгөн нерселерди чыгарып, ушул убакка чейин дүйнөнү таң калтырып келет.

  • @user-fp4ey9sz5f
    @user-fp4ey9sz5fАй бұрын

    Озубуздон чыккан душман жаман

  • @user-fl6vj2wy9l
    @user-fl6vj2wy9lАй бұрын

    Долларды меесине аябай киргизгенго,комунистер билим берип чонойткон инсан, оскар берет сага, молодес

  • @user-iz3ub5on8s
    @user-iz3ub5on8sАй бұрын

    бул эмне кино тартыптыр?

  • @user-ex8vu1up1i

    @user-ex8vu1up1i

    Ай бұрын

    Белгисиз маршрут деген шедеврди көргөн эмессизби?

  • @RR-xc6kx
    @RR-xc6kxАй бұрын

    👍✊✌️☝️👑🇰🇬.

  • @bars_1955
    @bars_1955Ай бұрын

    Техника ойлоп чыгарууга мээбиз жетпейт деп эле айтпайсыңбы.

  • @user-ow8om8sn7o
    @user-ow8om8sn7oАй бұрын

    "Патриот" болбой эле - жонокой эле адам болбойлукбу! Озубуздун тилибизди барктап-сактап, башка улуттун тилдерин сыйлап!

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    Сенин тилиңди ким сыйлап жатат? Же патриот болгондон зыян тартат бекенбиз

  • @user-ow8om8sn7o

    @user-ow8om8sn7o

    Ай бұрын

    @@user-jv2gq6dp1g "патриот" деген созду озгочо белгилеп койдум, байкасан. Кыргыз эли байыртадан кичи пейил, жонокойлугу, меймандостугу менен сакталып келген. Патриот деген соз менен жамынып алып фашистер пайда болгон.

  • @user-jv2gq6dp1g

    @user-jv2gq6dp1g

    Ай бұрын

    @@user-ow8om8sn7o мен патриот деген сөздү мындай мааниде түшүнөм. Өз элиң, өз тилине күйгөн Жүрөк кыргыз деп соккон. А патриот эместер киргиздер деп билем. Патриот деген башка элдерге тийишип башкаларды басынтуу эмес.

  • @stonecold9912
    @stonecold9912Ай бұрын

    Физкультурник болсо президент акыл менен иштегенге мээси жетпейт экен да.абдан туура маек болуптур

  • @user-us6uz9po5f
    @user-us6uz9po5fАй бұрын

    Кой жигит сен эч нерсе окубапсын оюн такыр бузук экен, тарыхта оош кыйыш коп болгон, чындыкты чын деп айтыш кыйын го , эмнегедир Орусту ж б элдерди душман же жакшы эмес деген саясат жургузгондор кобойгонсуйт, мына мисалды эле ал биз чет элдиктердин цивилине каршыбыз деген Афганды эле ал, элдин тирийлиги токтобойт ото берет , бирок онуугу токтоп калды го согуштук техника ко, азыр ушул маалда Азия мамлекеттерине тандоо же оз жолун дуйнодоо тандоо болуп атат, бул дуйнолук саясат, Японияга же башка онуккон мамлекеттерге тенеле албайбыз, бизде тоскоолдуктар коп, дагы коп нерсени айтса болот, жер тар.

  • @user-ll5tj5vz2p
    @user-ll5tj5vz2pАй бұрын

    Азамат

  • @AlmazKudaiberdi
    @AlmazKudaiberdiАй бұрын

    Менин журогумдогу создорду айтыптыр, бирок Элге чыгып айтып тушундуро албайм деген тушунукто жургонмун. Мына ушул киши айтып так жана даана тушундуруп айтып кетиптир

  • @batken2006
    @batken2006Ай бұрын

    Бизде баткенде 99 пайыз орусту суйючуллр.орусчаны билбегендердагы

  • @user-vl7vg3nc9l

    @user-vl7vg3nc9l

    Ай бұрын

    Силерде зато озбекче,тажикче

  • @ygarapistols3559
    @ygarapistols3559Ай бұрын

    Окумуштуусу деле келбеди беле😂

  • @user-un7ok9kw4z
    @user-un7ok9kw4zАй бұрын

    Кыйын киши экен.

  • @user-jx6ow7tl6i
    @user-jx6ow7tl6iАй бұрын

    Мен 100% кыргызмын,журок кыргыз деп согот,бирок Бир нерсени тушунбойм,орустар салып кеткен шаарларда жашап журобуз...35 жыл болуп калды ,Бир Шаар эмес Бир кочо сала алган жокпуз ,жаман эле жаман дейбиз,орустарды ,орус баспаса бологу басмак,же Британия басса азыр Африка олколорунон айырмабыз болмок эмес,дуйно ошондой экен,кучтуусу кучсузраагын басат экен.....анан орустар эле орустар дейбиз.....

  • @tasma5554

    @tasma5554

    Ай бұрын

    Себеби баскынчылар күчтүүлөрдү жок кылып турган.Мисалы Ж.Абдрахманов кыргызды илимий калк кылам ,илим-техниканы мыкты үйрөтөм дегенде орустар коркуп жок кылышкан улутчул деп..Биз аларга тек кызматчы, фольклордук эл болушун саамашкан.И Раззаков да кыргыздын баарын шаарлаштырып, илимий калк кылам деген,аны да жок кылышты, себеби катуу атаңдаш болуп калабыз.. Союз убагында аз улуттарды ушинтип ооздуктап турушкан.Санаага сиңдиришкен биз силерге илим үйрөттүк деп.

  • @adiletaskerov9399

    @adiletaskerov9399

    Ай бұрын

    Шаарды кыргыз куруучулар салган! Исхак Раззаковтун жана Турдакун Усубалиевтин аракеттери себебинен!!! Каяктагы орустар???

  • @Monnie_chan0

    @Monnie_chan0

    Ай бұрын

    Орустар өздөрүнө салган

  • @bolotsulaimankulov4756

    @bolotsulaimankulov4756

    Ай бұрын

    100% проценттик кыргыз тууганым. Ишенбе пропагандага. Орустар шаар, завод салып атканда биздин чон Ата, энелерибиз жамбаштап жаткан жок. Чогу иштеп, чогу курушкан. Завод, фабрикаларды салганда Америка жардам берген . Революциядан кийин. Башында Россиянын европа болугуно эле салына баштаган. Инженерлердин , Орто специалистеринин кобу четолколуктор болгон. Окендер МГУ ларды бутуруп келип салды дейсинби?! Бир гана биздин республикада эмес, буткул союзга салып беришкен. Бизге заводдор согуш убагында лендлиз программасы менен кочурулуп келген. Ишенбесен гуглдап кор. Сейчас все это есть в открытых источниках.

  • @bolotsulaimankulov4756

    @bolotsulaimankulov4756

    Ай бұрын

    Анан дагы 1916 дагы уркунду унутпагыла. 40% кыргызды кырып салгандагы эфиоптор эмес... Молодцы сначала истребили ,а затем... Через надцать лет всё понастроили деп кол чапканыбыз туура болбой калатко арбак алдында.

  • @Bonik312
    @Bonik312Ай бұрын

    Айбалтаны унутпайлы

  • @bolotsulaimankulov4756

    @bolotsulaimankulov4756

    Ай бұрын

    Ай балтанын азыркысы беспилотник АК сунгур!!!😅

  • @KgzPanda

    @KgzPanda

    Ай бұрын

    ​@@bolotsulaimankulov4756 ак сунгурдун жасоочулары менен дагы согушкан ата бабаларыбыз☝️

  • @Freedom-jl7zf

    @Freedom-jl7zf

    Ай бұрын

    👍👍👍👍👍

  • @user-ez8nn8pc4w
    @user-ez8nn8pc4wАй бұрын

    Башын жуубай биттен көрөт, этин кайтпай иттен көрөт болуп калыптыр. 35 жылдан бери оломпой теппей өнүктүрбөйт белек?!

  • @TheBakytbel

    @TheBakytbel

    Ай бұрын

    Туура айтасыз. Орустар эмне "кыргызча сүйлөбөгүлө"- деп тилибизди бууп атыптрбы?

  • @dreamtaimmaks7767
    @dreamtaimmaks7767Ай бұрын

    😂😂😂ЭМГЕК СИНИГЕНИН САТЫП ЭЛЕ АЛГАН ГО😂😂

  • @user-en9uh6ki8m
    @user-en9uh6ki8mАй бұрын

    Болду туугандай орусчаны унутталычы оомийн

  • @user-li9ut3mw1b
    @user-li9ut3mw1bАй бұрын

    Бирназаровдун Америкадагы кызы жалаң орусча суйлөйт .

  • @salomonsalomonovich1990

    @salomonsalomonovich1990

    Ай бұрын

    Ошого куйуп жатпайбы озуну дагы сындап жатат

  • @bolotsulaimankulov4756

    @bolotsulaimankulov4756

    Ай бұрын

    Сен дагы америкадасынбы жанында?! Балким азыр англисче суйлоп калгандыр?!? Чогу бир тракта жургондой айтасында!😅

  • @user-li9ut3mw1b

    @user-li9ut3mw1b

    Ай бұрын

    @@bolotsulaimankulov4756 кызы өзү орусча контент алып барат . Кичине билип жазсаңыз жакшы болмок

  • @forlife506
    @forlife506Ай бұрын

    Кыргыздарга жаман кылкан, дагы кыргыздар да. Бул декен фактта. Мен боюмча, бары жакта профессионалдарды коюшкерек

  • @Roza-fm3pw

    @Roza-fm3pw

    Ай бұрын

    Мы не вырастили к великому сожалению этих кадров , система образования тоже ниже плинтуса,а что говорить о кадрах.Надо систему менять в корне,а для этого нужны кадры.

  • @forlife506

    @forlife506

    Ай бұрын

    @@Roza-fm3pw В любом случае, нужно выбирать лучших из тех, кто сейчас доступен. Я - за кыргызский язык, но я - за профессионализм и честную, порядочную работу. Плохие кыргызы - это тоже мы, они тоже наша часть, и наша задача поддерживать лучших и воспитывать новое поколение профессионалов

  • @Roza-fm3pw

    @Roza-fm3pw

    Ай бұрын

    @@forlife506 согласна с вами.

Келесі