СЕЗИМ - Майрамбек Осмонов - караоке минусовка тексти менен

Музыка

🎵 Майрамбек Осмоновдун "Сезим" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤МАЙРАМБЕК ОСМОНОВ - Сезим ырынын үнү бар (плюс) варианты • МАЙРАМБЕК ОСМОНОВ - Се...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Майрамбек Осмоновдун өздүк ютуб-каналы: / @damn404
#ыркесе #кыргызча_караоке #МайрамбекОсмонов #СезимМинусовка #yrkese
======================================================
Майрамбек Осмонов - Сезим
Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин.
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү,
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Бул сезим, бул сезим,
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун,
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам,
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билемин, билемин,
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көздү албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым жароокерим жамалыңды.
Сагындым, сагындым,
Сагындым жароокерим жамалыңды.

Пікірлер: 60

  • @Yrkese
    @Yrkese2 жыл бұрын

    Майрамбек Осмоновдун "Сезим" ырынын караокеси тексти менен, минус варианты. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @user-qz7ut4gm5p

    @user-qz7ut4gm5p

    Жыл бұрын

    Гулжигмт сатыбеков

  • @user-jp3ng8jq2h

    @user-jp3ng8jq2h

    Жыл бұрын

    Ак

  • @urulkaziyaeva7801

    @urulkaziyaeva7801

    Жыл бұрын

    Саламатсыздарбы ыр кесе каналынын кызматкерлери!

  • @urulkaziyaeva7801

    @urulkaziyaeva7801

    Жыл бұрын

    Апаз Жайнаковдун "Айгул гулу,""Айгул тоо " ырларынын караокеси болсо жакшы болот эле,тексти менен,бирок уну жок.Анан Илияз Андаштын "Дуйнодо сени суйгон бир адам бар" ырынын караокеси(уну) болсо жакшы болот эле.

  • @urulkaziyaeva7801

    @urulkaziyaeva7801

    Жыл бұрын

    уну жок болсо

  • @user-hb5jh1sz8u
    @user-hb5jh1sz8uАй бұрын

    Ырың бүт дүйнөңдү козгоп сагыныч, өкүнүч,жакын адамдын бары жогун эстеп,ыр бүткөнчө кошулуп ырдап бүт баарың унутуп толкунданган ыр экен чыныгы талант бар бол, аман бол !

  • @user-in5nn7kz7b
    @user-in5nn7kz7b7 ай бұрын

    Сезим ыры абдан жакты, мен дайыма ырдайым

  • @user-ov1ey5cx5f
    @user-ov1ey5cx5f Жыл бұрын

    Аллахым оорубай калайын жүрөгүм оорубай калсын Оомийин 🤲🤲🤲🤲 Аллахым

  • @gsgshyhshshss6099

    @gsgshyhshshss6099

    Жыл бұрын

    Омийин, АЛЛАХЫМ дартынызга дабаа,мээнетинизге шыпаа берсиин,бул күндөрдү көрбөгөндөй болуп кетиңиз🤲💪💪💪

  • @user-cv4hg6dt4q
    @user-cv4hg6dt4q2 жыл бұрын

    Эн сонун ыр болуптур, таланттына таазим.

  • @user-fk9tb3vg6t

    @user-fk9tb3vg6t

    Жыл бұрын

    Да и эта песня про меня потомучто Меня зовут Сезим 👍🖤🤍🤎💜💙💚💛🧡❤❣💟💕💞💓💗💖💝💌😁🤗😍😘🤩

  • @user-sq1li2gw1u
    @user-sq1li2gw1u11 ай бұрын

    Аябай жакты рахмат ырдай турган адамдарга текст музыкасы мн чыгарып койгон жакшы экен

  • @user-uw2gi4fe9h
    @user-uw2gi4fe9h Жыл бұрын

    Азаматсың өтө сонун ырдалган ыр талантыңа таазим иним кем болбо

  • @user-zh3oq4tu2d
    @user-zh3oq4tu2d2 жыл бұрын

    Азыркы ырлардын мыктысы! Рахмат!👍👏

  • @user-qw4zz7fo5p
    @user-qw4zz7fo5p2 жыл бұрын

    Ушундайды кутконбуз Рахмат кем болбо

  • @user-se9pp6xz6y
    @user-se9pp6xz6y2 жыл бұрын

    Рахмаат, Майранбек атына затын жарашып.

  • @user-rb5cc4oe3i
    @user-rb5cc4oe3i2 жыл бұрын

    Тээ кайдадыр кеткен сезимдер кайрадан козгогон ыр

  • @user-ul1mo8yl2p
    @user-ul1mo8yl2p Жыл бұрын

    Керемет!!!

  • @user-bs2rg4mv6r
    @user-bs2rg4mv6r Жыл бұрын

    👍👍👍😍

  • @user-in5nn7kz7b
    @user-in5nn7kz7b7 ай бұрын

    Алтын казыгым, Майра Керим кызынын ыры, минусовкасын чыгарыңыздарчы суранабыз. Сиздер иенен кандай баланышса болот

  • @user-rb5cc4oe3i
    @user-rb5cc4oe3i2 жыл бұрын

    Эн Бир сонун текс обон

  • @user-ov1ey5cx5f
    @user-ov1ey5cx5f Жыл бұрын

    Аллахым Курандын Баардык Аянтары жакшы экен Аллахым Эртең менен Дубааны уксам Эпилепсия жүрөгүм оорубай калсын Оомийин Аллахым 🕋❤️❤️❤️❤️♥️❤️

  • @user-ej2bn5bu3j
    @user-ej2bn5bu3j4 ай бұрын

    Озумдун талантыма таазим сонун ырдайт экенмин😅

  • @user-mh9wj3bm7l
    @user-mh9wj3bm7l Жыл бұрын

    Майрамбек Осмоновдун Кызыма деген ырынын минусовкасы керек

  • @user-gi3wx8xr8b
    @user-gi3wx8xr8b4 ай бұрын

    ❤❤

  • @user-zn4qi4ws8t
    @user-zn4qi4ws8t6 ай бұрын

  • @user-tg8kt3hk6g
    @user-tg8kt3hk6g Жыл бұрын

    👍👍👍👍👍

  • @user-qu7wx5ll9w
    @user-qu7wx5ll9w4 ай бұрын

    Бар мен

  • @ryskeldikazybekov3173
    @ryskeldikazybekov3173 Жыл бұрын

    Айпери Кубик кызынын Сен кетпечи Деген ырын чыгарынызчы сураныч

  • @zina1721
    @zina1721 Жыл бұрын

    Ырдап коргондор бар бы🤭окшобосода

  • @gsgshyhshshss6099

    @gsgshyhshshss6099

    Жыл бұрын

    Оой,мен ырдап көрдүүм,шаштым кетип калды 😂

  • @zina1721

    @zina1721

    Жыл бұрын

    Мен жакшы еле аракет кылам бекенип ырдайм жакшы котом ушул ырды бирок повторно озум укум келбейт уялып кетем😀🤣🤣😃

  • @gsgshyhshshss6099

    @gsgshyhshshss6099

    Жыл бұрын

    @@zina1721 мен да бекинип алыып ырдайм го, чиркин 😂😂😂

  • @user-fm7dm7ue2r

    @user-fm7dm7ue2r

    4 ай бұрын

    Мен силер менен😂

  • @Mirgul-dz3lo
    @Mirgul-dz3lo2 ай бұрын

    Обонум жетпейт ошол үчүн ырдабайм такыр

  • @user-qz7ut4gm5p
    @user-qz7ut4gm5p Жыл бұрын

    Кулжигит

  • @juljanamariva8921
    @juljanamariva89215 ай бұрын

    Жанш кочкоров

  • @user-ry9zc5gk7o
    @user-ry9zc5gk7o Жыл бұрын

    Майрамбек Бактыбек Мамытоовдун Озундой болчу озундой деген ырдын карекесин чыгаргылачы

  • @Yrkese

    @Yrkese

    Жыл бұрын

    кезекке койдук

  • @user-eh7qy2ic3h
    @user-eh7qy2ic3h28 күн бұрын

    Мен коп окшошуп калат

  • @user-it7uu4ue9l
    @user-it7uu4ue9l2 жыл бұрын

    Асанкалый Керимбаевдин Керемет суйуу ырынын минусун чыгаргылачы сураныч

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Макул, сунушуңуз кабыл алынды

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Ыр каналга жүктөлдү

  • @user-df2cx3vj5w
    @user-df2cx3vj5w11 ай бұрын

    З

  • @user-sq1li2gw1u
    @user-sq1li2gw1u11 ай бұрын

    Аяа

  • @user-gr6xu9zo9q
    @user-gr6xu9zo9q Жыл бұрын

    Тез го.

  • @user-rh5hz8br1z
    @user-rh5hz8br1z2 жыл бұрын

    Артыңдан барсам бакчага деген ырдын минусовкасын да чыгаргылачы

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Саламатсыз. Сунушуңуз кабыл алынды.

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Сураган ырыңыз ("Акинге" деп аталат) каналга жүктөлдү

  • @user-eb8iw9ut6h
    @user-eb8iw9ut6h Жыл бұрын

    Ырдын тексти азыркы министр Каныбек Иманалиевдики!

  • @user-in5nn7kz7b
    @user-in5nn7kz7b7 ай бұрын

    Саламатсыңарбы

  • @user-ti3fx3gs6p
    @user-ti3fx3gs6p9 ай бұрын

    Ырдалган.жокко.уну.менен😂

  • @user-it7uu4ue9l
    @user-it7uu4ue9l2 жыл бұрын

    Ыркесе ушундай созу жок минусовкасын жасасанар

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    биз ар бир ырдын 2 вариантын дароо даярдайбыз: үнү менен жана үнү жок (минус). Биринчи варианты ырды жаттаганга жана обонун келиштирип ырдаганга ылайыктуу, 2-вариантта өзүңөр ырдаганга ылайыктуу

  • @user-sv1iw9nw9z

    @user-sv1iw9nw9z

    Жыл бұрын

    @@Yrkese йфзжьех

  • @gsgshyhshshss6099

    @gsgshyhshshss6099

    Жыл бұрын

    @@Yrkese темпинер аябай тезби,жетишпей калытабыз го 😂

  • @user-go9lb8rj9f
    @user-go9lb8rj9f Жыл бұрын

    Эн сонун ыр болуптур,талантына таазим.

Келесі