Жүрөктө жаз - Үнү жок (минус) кыргызча караоке тексти менен
Музыка
🎵 Тургунбек Бекболотовдун сөзүнө жазылган Намат Накешовдун "Жүрөктө жаз" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минус) варианты тексти менен.
🎤"Жүрөктө жаз" ырынын уну бар (Лира Райымбекованын откаруусунда) варианты • ЛИРА РАЙЫМБЕКОВА - Жүр...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Намат Накешовдун өздүк ютуб каналы: / @namat_nakeshov
#ыркесе #НаматНакешов #ЛираРайымбекова #журоктожаз #yrkese
======================================================
- Жүрөктө жаз ----
Сөзү: Тургунбек Бекболотов
Обону: Намат Накешов
Аткаруучу: Лира Райымбекова
------------------------------
Асылзатым, азабым да жыргалым,
Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.
Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,
Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.
Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,
Андан бери өттү жылдар бир далай.
Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,
Келе атабыз сезимдерди булгабай.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.
Жароокерим, жыргалым да азабым,
Капилеттен түшкөн эле назарым.
Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,
Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.
Пікірлер: 33
Наамат Накешовдун "ЖҮРӨКТӨ ЖАЗ" ыры тексти менен, кыргызча караоке үнү жок минусовка варианты. Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫
@gulpanaabdrasulova982
Жыл бұрын
Гулнур Сатылганованын үнүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун Биз экөөбүз ырын суранам. Бул жактан жоголуп кетти, таппай жатам
Мага ушул ыр Абай жагат унуно береке
Ушул ырдын обону эң эле мыкты ,угуп тойбойсун!!!!!
Сонун ыр. Сөзү да , обону да төп келишкен. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
Жакында эле ушул минуска голос тушуруп ырдап журом,соонун чыгарма мага аябай жагат
Сонун ыр,сонун аткаруучу.
Сонун, ушул ырды дайыма ырдайым, суйуп ырдап журом
Кайырмадагы экинчи сап аягы дүйнө мас бы же дүйнөм аз бы
Дилбар райымбекова аткарган омур керемет деген ырдын минусовкасын чыгарып бергилечи
Сонун рахмат.Жамал Абдукеримова аткарган серенаданы минусовкасы берсенер зор болот эле.
@Yrkese
2 жыл бұрын
Сунушуңуз кабыл алынды
@Yrkese
2 жыл бұрын
Сиз сураган ырдын караокеси каналга жүктөлгөн
Намат Накешов агабыз кай жактын кулуну? Баракелде. Деги эле тойбойм ушул ырды угууга...
Себелейт муздак жамгыр Кишимжан ырдаган ырдын караокесин суранабыз
👍👏🤲
👍👍👍флешкага жазып бересиңерби?
Ат башымдын боогачын сенин болоюн деген ырдын караокесин чыгаргылачы сураныч .
Намат акенин бул ырын Лира эже анча жеткире алган Эмес ийинине а вот ошол эле Таластын Чолпонбай айылынан Гулира Сыйдалиева келтиргенда
@venerasagyndykova7502
Жыл бұрын
Лира жеткире ырдаган үчүн элге сиңди да ичи тарлыктын эмне кереги бар ...Ойлонуп сүйлөсөңүз...колуңуздан келсе ырдап чыгыңыз келбейби анда жакшы каалоо тилек айтып коюңуз ...
@user-dz9gh1bw1x
Жыл бұрын
@@venerasagyndykova7502 Намат аке менин акем болот а биринчи ошол ырды таркатыш учун биринчи Гулира эжебиз ырдап чыккан анан Лира эже ырдап чыкты болгону Лира эже таанымал киши ошондуктан силер тушунбой эле Лира элге синирди деп атасынар
@user-dz9gh1bw1x
Жыл бұрын
Намат аке мн Гулира экоо дом культурада чогу иштешет ошону билип анан сен суйло да болгон чындык ошондой болгону Гулира эже атактуу Эмес да а биздин тушунук ошондой калыптанып калган хоть ырдай албаса да таанымал анан Ичи таарлык дейсинер ишенбесен экоонун Тен версиясын угуп корсон кимдин уну , аранжировкасы кандай экенин тушуносун
@user-in2gn5yk9l
Жыл бұрын
@@user-dz9gh1bw1x Гулира эже ырдаган ыр барбы мен укпапмын чыгарып корбойсуздорбу экоонун кимиси жакшы ырдаганын билелик . Мага Лира эженин ырдаганы аябай жагат унуну назин кубулжуп турат. Сизге чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм!
@user-dz9gh1bw1x
Жыл бұрын
@@user-in2gn5yk9l Гулира Сыйдалиева суйуу казалы деп жазсаныз ютубда бар
Каримова ырдаган Тушумдо деген ырдын минусун чыгарып берип койгулачы🙏🏻
@Yrkese
Жыл бұрын
кезекке койдук
Фарида Карбосова ырдаган "дагы дагы "деген ырдын караокесин чыгаргылачы
@Yrkese
2 жыл бұрын
макул
@user-rc9ku4bb1u
2 жыл бұрын
@@Yrkese 🙏👍
Турмуш деген ушундай деген ырдын караокесин чыгаргылачы
@Yrkese
2 жыл бұрын
Сунушуңуз кабыл алынды
@Yrkese
Жыл бұрын
Ыр каналга жүктөлгөн