КЕНЖЕ КӨБӨКОВА - Кечирип кой - Кыргызча караоке тексти менен

Музыка

🎵 Замирбек Үсөнбаевдин "Кечирип кой" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Аткаруучу Кенже Көбөкова.
🎤КЕНЖЕ КӨБӨКОВА Кечирип кой ырынын үнү жок (минус) варианты • Кечирип кой - Кыргызча...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #кечирипкой #кенжекөбөкова #yrkese
======================================================
- "Кечирип кой" --
С.О. Замирбек Үсөнбаев
Аткаруучу: Кенже Көбөкова
----------------------------------------------------
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.

Пікірлер: 39

  • @Yrkese
    @Yrkese2 жыл бұрын

    "КЕЧИРИП КОЙ" - тексти менен караоке кыргызча, Кенже Көбөкованын аткаруусунда. Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @user-ve8rr7mk6l
    @user-ve8rr7mk6l Жыл бұрын

    Кенже унун очпосун ден соолукта омурун узун кубулжуган ырларды аткаруу менен эл сыймыгы болуп жур

  • @user-cv4hg6dt4q
    @user-cv4hg6dt4q Жыл бұрын

    Абдан, жакшы ырдапсын унуно береке, таланттын оркундой берсин, ийгилик.

  • @orozbaevaravshanay5314
    @orozbaevaravshanay5314 Жыл бұрын

    Өркүнүң өсө берсин сиңдим,үнүң булбулдай сайрап,бекем ден соолукта,үй бүлөң менен тынч болуп жашай бергин,азаматсың

  • @santalatkambarova6584
    @santalatkambarova6584 Жыл бұрын

    Абдан жакшы ырдаган ийгилик

  • @user-be1pw4wx7q
    @user-be1pw4wx7q3 күн бұрын

    ❤❤❤❤❤

  • @user-fr6yy9oe3e
    @user-fr6yy9oe3e13 күн бұрын

    ❤❤❤

  • @user-hs6gy3oj2o
    @user-hs6gy3oj2o8 ай бұрын

    Плюс минус у билбейм создорго маани берём КЕНЖЕ алтын!!!!!!

  • @user-cu7tv7ql6c
    @user-cu7tv7ql6c Жыл бұрын

    Бааааягындай гулчу кайра

  • @user-zh3oq4tu2d
    @user-zh3oq4tu2d2 жыл бұрын

    Мен жактырган ырчы! Дагы да ырлары болсо

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Буюрса...

  • @user-jx5og3kz6q
    @user-jx5og3kz6q Жыл бұрын

    Плюсовка экен,минус болсо жакшы болот эле.

  • @Yrkese

    @Yrkese

    Жыл бұрын

    минусу да бар, карасаңыз описаниесин, ссылкасы турат

  • @user-qq2ib4zt7j
    @user-qq2ib4zt7j4 ай бұрын

    Сонунго ❤❤❤❤

  • @user-vl2yw3st5e
    @user-vl2yw3st5e2 жыл бұрын

    Сонун

  • @user-ky8rf7qs2t
    @user-ky8rf7qs2t2 ай бұрын

    ❤❤👍👍👍

  • @user-bg7ez5fj7o
    @user-bg7ez5fj7o2 жыл бұрын

    👍👍👍

  • @sarsen2417
    @sarsen2417 Жыл бұрын

    От койчу махабаттын милтесине, чагылган жарк журк этип жаркылдасын...... Деген ырдын автору ким, жана аткаргандар барбы.

  • @aizamoldosakova
    @aizamoldosakova2 жыл бұрын

    Акжолтой Канатбек уулунун ырларынан кошуп койгулачы

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Сунушунуз кабыл алынды

  • @aizamoldosakova
    @aizamoldosakova2 жыл бұрын

    "Акыркы жолугушуу "

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Макул

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    ырдын караокеси каналга жүктөлдү

  • @astratatibekova2857
    @astratatibekova28572 жыл бұрын

    Караокелерди "сохранить" функциясы менен берсеңиздер мындан да сонун болмок,сактап алып интернет жок жерде ырдап жүргөнү ыңгайлуу.

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    ал функция биздин каалообуздан коюлбайт. Жеке сайт болсо бир жөн. Ютуб компаниясынын өзүнүн саясаты ошондой.

  • @astratatibekova2857

    @astratatibekova2857

    2 жыл бұрын

    @@Yrkese ,рахмат! Түшүнүктүү.

  • @aizamoldosakova
    @aizamoldosakova2 жыл бұрын

    "Деңиздеги "

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    макул

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    жүктөлду каналга

  • @SamsungIpone-ry9yp
    @SamsungIpone-ry9yp2 ай бұрын

    З4.

  • @aizamoldosakova
    @aizamoldosakova2 жыл бұрын

    "Бегимай"

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    макул

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Бегимай ыры жүктөлдү kzread.info/dash/bejne/g4Sj2bOBqsmzYc4.html

  • @user-nn6bd9ue1m
    @user-nn6bd9ue1m2 жыл бұрын

    Х

  • @user-it2tn5di7x

    @user-it2tn5di7x

    Жыл бұрын

    Таланты ташкындай берсин

  • @user-jr5zf7dq4c

    @user-jr5zf7dq4c

    Жыл бұрын

    Кенже оркунун оссун.Таланттуу кызсын .Канча уксан да уккун келет .

  • @user-is1yk6vo9g
    @user-is1yk6vo9g Жыл бұрын

    Иий

  • @instrumentalstan4388
    @instrumentalstan43882 жыл бұрын

    СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ Гүлүм ай Күкүк ай Сүйүүтай Жаркынай(Ырларынын караокесин суранат элем) Алдын ала чооң рахмат ИШИҢИЗГЕ ИЙГИЛИК

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Рахмат. Сунуштарыңыз кабыл алынды.

Келесі