ОшМУ билим ордосу

ОшМУ билим ордосу
Сөзү: Мелис Маматжанов, Нурсултан Абдикаримов
Обону: Эламан Жалалов
Аткаруучулар:
Замир Мырза
Эмил Балтагулов
Айпери Кулбаева
Эламан Жалалов
ОшМУнун искусство факультетинин студенттик хору
Татаал жолдо ташыркабай сыналган,
Тереңдиктен чексиздикке уланган.
Уч-кыйырсыз мунарасы билимдин,
Устаттардын өмүрүнөн куралган.
Кайырма:
ОшМУ жаштардын жан досу,
ОшМУ келечек тандоосу.
Ордолуу шаарыман нур чачкан,
ОшМУ билим ордосу.
Биздин сапар жарык чачып жолдордо,
Биригебиз билим сунган борборго.
Биз ОшМУга багыштадык жаштыкты,
ОшМУ бизди багыттады чоң жолго.
Мезгил менен бирге таштап арышын,
Мекенимдин туудай кармап намысын.
Биз дүйнөнү билим менен тааныдык,
Дүйнө бизди билим менен таанысын.

Пікірлер

    Келесі