"Сулуулугу өзүнө душман болду". Тагдыры татаал Алмаш Чойбекова
Жашоодо адамдын тагдыры дайыма эле сыдыргыга салгандай тегиз болбойт экен. Акындын тагдыры андан бетер. Бүгүн биз ошондой тагдыры татаал, мүшкүлдүү өмүр кечирген таланттуу акындардын бири Алмаш Чойбекованы эскеребиз. Алмаш деген ысым менен таанылган Алматай Чойбекова 1947-жылы 8-августта төрөлгөн.
#чойбекова #азаттык #акын
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzread.info/dron/s_x.html...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Пікірлер: 378
Мен 1984 -жылы Алмаш чойбекова менен чогуу жашап калдым. Ошол убакта Фрунзе шаарында ,так эсимде жок,4чүбү же 5чиби микрорайондо ,1комнаталуу кв.бар болчу,ошондо жашачу эле. Мен ошол убакта Алматинский менен Горький көч.кесилишиндеги жаңы бүткөн байпак фабрикасында иштеп жүргөм,ошол кезде фабриканын ген.директору Самат Бейшенов деген адам өзүнүн карамагына шефке алып,кем карчына жардам берип турчу экен. Ошол кезде Алмаш эжени ,чогуу жашап,карап турганга кыз керек деп айтышканда,мен макул болуп барып карап,чогуу жашап калдым.Алмаш эженин башынан көп тагдыр өткөн,бир аз жашоосуна күбөө болуп калдым.Мага өтө жакшы мамиле жасачу.....
@user-jc6uh7hh3z
18 күн бұрын
Алмаш эженин "Атылгандыгым тууралуу поэма" деген поэмасы бар эле,биринчи окуганда көз жашым тыйылган жок. Ушул Бурулкан Карагулованын айтканындай ,мага да так ушундай айтып берген эле.
Өткөн чыгармачылык инсандарды эстеген абдан жакшы бул ишиңерге таазим😢😢😢🎉🎉🎉🎉
@user-ye1em1jq7v
16 күн бұрын
Туура айтасыз менин да айтайын дегеним ушул.олгондор баркталмайын,тирүүлөр данкталбайт дейген бабабыз.
@БактыканИсмадьярова
8 күн бұрын
Алмаш еже туралуу китеп жазыш керек абдан талантуу болгон екен бейиштен орун берсин ежеге
@БактыканИсмадьярова
8 күн бұрын
Ото сонун ескеруу болуптур талантынарга тазим
Ушундай Таланттуу Адамдардын тагдыры оор болот екен.Жандаттан жай берсин Ежеге.
@user-wm9fj5wd7v
19 күн бұрын
экен эжеге
Сулуулукту ,Талантты берип ,Кудайым куйоодон Бак бербептир !!! Бир гана артында ыры калган экен !!! Ыры азыр да ырдалып журот ,бул жакшы ,арбагы ыраазы болсун !!! Олбогон ким бар !!!!
Алмаш Чойбекова акын эжекебиз жонундо мен бала кезде угуп-коруп журчу элем.Азыр озум 60тамын.Не деген залкар адамдарыбыз бар, тируусундо баалай албайбыз, аттин!!((😢
Бурулкан Карагулова сизден сураныч Алмаш эже жонундо китеп жазыныз,болгонун болгондой кылып,мен угуп отуруп ото капа болдум,тагдырына,сиз омур боюу бирге болгон экенсиз.Китеп кылып чыгарыныз. ..❤
@KuluipaNurmatova-ku8el
16 күн бұрын
Ооба туура айтасыз, белгилүү улуу адамдардын тагдыры жашыруун көмускөдө калбай, кийинки муундарга өткөрүп бериш керек, сабак болсун,...
@user-bm1rk8vx7z
9 күн бұрын
❤
Тагдыры өтө өкүнүчтүү болгон экен.Бейиштик болсун.
@user-pk6tb7jl9t
6 күн бұрын
Ушунчалык окунучтуу, турмуш, тандыры аябай татаал болгон экен байкуш эженин😢😢
Ырчылар ырдап жатканда ырдын авторун белгилеп кетсенер❤
@ctkcrkjdfckjdrcjrxjxrjcri
20 күн бұрын
😊😊😅😅😅😅😅😅
@user-dk1el9ep9m
20 күн бұрын
Туура. Колдойм
@klarasadykova2466
20 күн бұрын
Алмаш эже 1970 72 жылдары Жадал Абаддагы пед училищада биз менен окуга н сабакта анда санда эле көрүнчү эле Баястан жезде менен жашачу ал кезде сонун ырдаганын эстейм жашоону сүйгөн башкача эже эле@@user-dk1el9ep9m
@user-sd8pj4hv4m
19 күн бұрын
Ырчыларын автор откондон кийин созу меники деп чыга келишет
@user-zx7vv9vb5i
19 күн бұрын
@@ctkcrkjdfckjdrcjrxjxrjcriкулкулуу эч нерсе жок.Эскеруу болуп атат.
Талантына таазим! Өтө кыска эскерүү болгон экен,дагы көп замандаштарын чакырып,жайыраак эскерип,жагымдуу жашоо учурларынан дагы айтып өтсөңөр болмок!❤
Токтогул суу сактагычынын алдында калган туулган айыл карап мындай деген экен."суу астында күн батпайт да күн чыкпайт?биздин айыл кантип жатат тумчукпай"
@user-pr8hf9cw6o
19 күн бұрын
Ошондо азыркы кара жыгач айылдан болобу
@user-tw8yn8pe5g
19 күн бұрын
Жоок, Эски Токтогулда, суу астында калган Агроном деп аталган айыл болгон, кийин кочурулгондо Чон-Арык айылында отурукташкан.Алмаш эже ОЗУ Токтогулда Ой-Алма деген кереметуу жер бар, ошол жерде туулган экен. @@user-pr8hf9cw6o
каап ушунчалык татаал турмуш болгон экен, бейишин берсин, кетирген кемчиликтерин, куноолорун кечирегор АЛЛАхым омийиин🤲😭
@user-go7nl7fd3c
19 күн бұрын
😢😢😢
Мен бала кезимде ырлады, ыр менен жазылган чыгармаларды көп окучу элем. Шыктанып кетип өзум да саптарды курай калчумун. Алмаш Чойбекованын "Ак булуттар" деген китебин жатка билчү элем. Такыр эсимден чыгып кетиптир. Мына жашоо деген ушундай экен. Бүгүнкү берүүнү көрүп эстедим😢.
Соонун беру болду Алмаш Чойбекованын чыгармаларын окугамын🎉Алып баруучулар да соонун суйлошту Рахмат🎉
Алмаш акын эже тууралуу апамдан уктум эле,тагдыры аянычтуу,окунучтуу болгон экен😢 кандай соонун ырларды жараткан,жаны жанатта болсун
Тагдыр , жакшы жагын , жаш кезин айтпай депрессия убагын айта бериптирсинер , кандай жакшы ырлары бар
Кандай гана акын болгон Жараткан ушундай акындардын омуру кыска болот турбайбыы Эми суйлоп жаткан Бурулкан эженин козу отолекте Сурап билип алыш керек Чын эле акынга кино тартыш керек го😢
Эгер кино тартылып калса,мен чогуу жашап жүргөн кездеги окуялардан айтып берээр элем. Кийин үйүнөн кетээрде эшигин тосуп алып,мени кетирбейм деп,аябай ыйлады эле,азыр ошондогу турушун эстесем,жүрөгүм ооруйт.Мен ал кезде 20 жаштагы кыз элем.
Абдан кызыктуу тагдыр экен, Бурулкан Карагулова эже, китеп жазыныз эскерип, тытып окуйбуз.
@shekerbekaliev2985
4 күн бұрын
Тытпай эле окуңуз. Башкалар деле окуйт да.Тамаша.
Бурулкан айым сонун , откон тагдырды айттыныз, рахмат сиздерге, эженин жаткан жери жайлуу болсун!🎉
Кыргызда королалбастык бизде качан калат болду экен ошону королбай атырган адам тируу болсо кантип жашап журду экен олуп калса сурагын бергендир. ЭМИ АЛМАШ ЭЖЕНИН. БЕЙИШИН. БЕРСИН..❤
@user-nd7np9ml4n
17 күн бұрын
Бир Гана кыргыздарда эле эмес, бардык улуттар да бар коро албастык
@user-bd1nb4js8l
17 күн бұрын
@@user-nd7np9ml4nкагылайын. Бизде ото башкача го..
@user-ik7yd6ir3f
17 күн бұрын
😐😐😅😅
@user-zm9dl1hp1t
17 күн бұрын
Талантына таазим кылам,ырдалып жургон мен билбеген,жактырып уккан ырлар Алмаш Чойбекова эжеге таандык тура...
@user-ec2bm1wp1u
7 күн бұрын
Алмашка кудай бейишин берсин❤❤
1чи жолу угуп жатам, абдан ыйлагым келди. Китеп кылып чыгарышса болот эле. Болбогон эле нерселерди деле чыгара беришет го.
Кайактагы той ырчыларды бербей,мына ушундай,күчтүү,тарых жаратман,берүүлөрдү берип турса кандай сонун.өтө сөнун берүү болду.
Дагы. Эскеруу берип турсанар. Ырлары жаштарга. Жэтсин..
@user-wm9fj5wd7v
19 күн бұрын
жетсин
Өтө күчтү талаттар,ушундай оор жашого кабылып калат.Аттиң!
Таланттуу акын эженин тагдырынын аянычтуу аякташы окундурот😢
Мен кичик кезде уккам эжени атканын.Ошондо жазган Корунчу кун деген ыры бар эле ээх окунучтуу. Укмуш жазган ырлары бар.😢😢
Токтогулдук кызыбыз деп сыймыктанса элек!Татаал тагдырга туш келген эле. Алмаз Чоюбеклваны коргон билген адамдар биздин айыо да,ошолордое коп нерсени уксанар болот.Тагдырын ошолордое уксанар болот.!
Угуп алып аябай ойлонуп калдым мен эжеге срочно Бурлкан Карагулова эже менен жолугшум керек болуп калды Ушул эже жонундо тапай журдум эле
Барам сага ырынын автору Алмаш Чойбекова
Алмаш эже менен чогуу жашаганбыз,5мкр.до.Абдан таланттуу акын эже менен замандаш болгонума сыймыктанам.Ал кезде Кадыраалы Артыков,Асанкалый Керимбаев деген залкарлар келишчү эженин үйүнө чыгармачылык боюнча.Марс байке менен жашачу... Кийинчерээк Туңгуч жакка көчүп кетишкен...Кийин каза болгонун угуп, жүрөгүм ооруду, ичим ачышып, өзөгүм өрттөндү.Тагдыры ары татаал,ары аянычтуу болуп калды...😢😢😢Артында алтын тамгалар менен жазылчу ырлары калды(Барам сага, Кыялдануу,Жаштык...)Токтогулдун чыгаан,мыкты, ишкер уулдары демөөрчүлүк кылып,фонд ачышса Алматай(өз аты)Чойбекова атындагы(жаш акындарга...)ырлар жыйнактарын чыгарышса,атын ыйгарышса(мекеме, көчө...ж.б.у.с) эскерүү кечелерин уюштурушса эң сонун болмок кийинки муун билип жүргөнгө ушундай акын эже жашаган деп.Барам сага деген ыры кандай керемет ыр!Саптары өзүнчө эле шедевр!!!Бурулкан Карагулова эже,сизге кайрылаарым-Алмаш эже жөнүндө китеп чыгарыңыз (өмүр жолу,чыгармачылыгы жөнүндө...ырларын кошуп... өмүрүнүн аягын,эпилог)Сонун китеп болмок кыргыз элине!Алмаш эжеге болгон сый -урматыбыз болмок.Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун,Алмаш эже!!!Сиздин ырларыңыз жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт!😢😢😢
Бурулкан эн сонун маалымат бердин.Айалуу адамдарга дайыма жардам берип жургонун белгилуу.Дер соолукта бол,ийгилик коштоп,жазыгындан жазба!❤❤❤
Жакшы адам , жакшы сөз менен Бурулкан Карагулова эже Агай азаматсыз аз саз айттыңыз
Алмаш эже чалганда телефон алгандан каччу элек. Себеби эже аз дегенде эки сааттык убактыбызды алып койчу. Бирок Алмаш эжн мага кеңештерин берип, сын-пикирин айтып калчу. Жаткан жери жайлуу болсун!
Токтогулдуктар бир демилге тузуп колдоп берсеңиздер, акын эжебиздин, поэмалары, ырлары чыкмак экен, билбегендер таанып билет эле.
Айгул Узакова Азада Бегимкулова Алмаш Чойбекова эмне деген таланттуу инсандар акын эжекелерибиз отту булардын тагдырларытатаал болсо да поэзияда оздорунун изин салып лирикалык акынардын классиктерине айланышканбулардын жазган ыр саптары бизден кийин ки муундарда да жашайт деген умуттобуз
@user-ho9zh1yp5k
19 күн бұрын
Айгуль узакова оттубу
Тируундо эмнеге издеп данктаган жоксунар, олгондон кийин соз кылганынар..... Алмаш Чойбекова биздин уйдо журуп кеткен анда мен кичинекей Кыз элем, акын эжебиздин ошол учурда козу корбойт экен . Бул эже карылар уйундо журуп Каза болгон дешет, эч Ким изилдебептирго...... Коп соз жазгым келди.....
@user-pu7fu2hz1k
19 күн бұрын
Сиз ким болосуз Алмаш эжеге?
Ооба, жаткан жери жайлуу болсун! Оомин! Керемет акын унутта калбайт!
Аалы токомбаевге тийгенде тагдыры башкача болмок беле
Б. Карагулоаа эженин козу барда, кино тартып калыныздар. Аракет кылсанар берекет демекчи. Кейип кеттим го. Оор тагдыр болгон экен, чиркин омур😢
Алмаш эже бизге тууган болчу эле,бир жолу кордум козунун тируусундо,ошол ошол болду эч дайынын таппадым,жаткан жери жайлуу болсун,Кудай акыретин берсин
Кино тартсак сонун чыгат деп айттыңыз, жазып баштаныздар, жакындан билген, жакшы көргөн адамы катарында, сиздерге инсандык парз болуп эсептелет, мындай белгилүү адамдар жашыруун калбоого тийиш, өмүрү өрнөк жана кийинки муундарга сабак болсун...
@KuluipaNurmatova-ku8el
15 күн бұрын
Сулуулук бул- кудайым сүйүп берген белек, кийинки муундарга сабак болсун, сулуулукту аздектеп асырап сактап калуу керек экенин билишсин...
Алмаш Чойбекованын «Барам сага» деген ырын мен мектепте окуп жургондо Ала Тоо журналынан окуп озум бала болсом да аябай таасирлендим эле, тушунуп окуган адамга кучтуу чыгарма, кийин ушул ырына обон чыгарып ырдалып жургонун уктум, тагдыры татаал болгон экен эженин
@user-fu3wj7fp1j
16 күн бұрын
Барам саганы Токтогулдагы Байызбек атту балчы жигитке арнаган
Мен Чойбекованын биринчи куйоосу Билиш Момунбековтун баласы болом
@NurbekAkhunbaev
20 күн бұрын
Кандай жакшы олтурасынарбы?
@NurbekAkhunbaev
20 күн бұрын
кино тартканы салым кошкула эми!
@Takebrat
19 күн бұрын
@@NurbekAkhunbaev😂
@zhumagulmatisakovna3407
19 күн бұрын
😂😂😂@@NurbekAkhunbaev
@NurbekAkhunbaev
19 күн бұрын
@@user-ej9zc8bc5z чынын айтсам маалыматым жок эле Алмаш Чойбекова жөнүндө в одном дыхании көрүп кызыгып калдым Барам сага деген ырыны уккам соонун ыр мыкты чыгарма!
Абдан жакшы берүү болуптур Алмаш эженин чыгармалары жашоо тарыхы боюнча китеп чыгарсанар башкаларга үлгү,сабак болчудай
Эжени көп адамдар колдонуптур да ырларын уурдап . Бейиште болсун .
Таланты күчтүү , тагдыры татаал болгон экен да. Ыйманы саламат болсун .
Алмаш эжекебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун ! Таанып кездешип калдым учурунда, мага дагы арнап ыр жазып кетти эле...
Откондорду алахым бейишин берсин.Биз Жалал Абаддагы мугалимдер окуу жайында бирге окуганбыз.Ал мезгилде бае элек.чындыгы сулуу Кыз эле.Бурулкан Караулова сиздин Ден соолугунуз чын болсун.
Адамга эн бир назик сезим буткон. Аны адам омур бою бийик куткон, Ал сезим менда да бар озун сезчи,Мен сага гул болоюн жерде оскон, Сен гулго шоола болчу кундон тушкон
Жакшы эскерүү болуптур,бул боюнча жакшы эскерүү жазыңыз.Бурулкан эже.Абдыкерим.агай
Не зря говорят не родись красивой родись счастливой!
Ырыспай агабыздын Алмашы бул эмес,ал Озгондо жашайт Мугалим аял куйоосу ьалдары бар,Алмаш Чойбекова жазуучу , Токтогулдук болот экен ,Билиш менен эле жашаса болмок аттин ай тагдыр,бала болбоптур да ,баланы кутуш керек,канча талант болсо дагы,ага таянбаш керек, турмуш бекем болбосо,калганы эч нерсеге татыбайт, Кудай колдосун жашоодо, бактылуу бололу?!
@user-tw8yn8pe5g
19 күн бұрын
Алмашым деген ыр созу Билиш Момбековдуку, обону Р. Абдыкадыровдуку.
@user-bc8fw2sj7g
19 күн бұрын
Алмаш Чойбекованын бир жерде жазганын окуган элем Рыспай Абдыкадыров менен көп кездешкенин бир жолу Саякат мейманканасында кездешкенин Рыспайдын ыйлап айткан сөздөрү жөнүндө Рыспай экөөсүнө жакы эле курбусу каршы болгонун окуган элем.
@user-wi1vm6pz5y
19 күн бұрын
@@user-bc8fw2sj7g Болсо болгондур, Кыргыздын кыраандары, биринин уулу жок,болсо экинчиси баласы жок отуптурда Арман ай,андайларга тоскоолдуктар ,Бут тосуулар,короалбастыктар , коп болотда бул жалган жашоодо Аттин ай,кана эле Жолдору ачык болгондо,бирок Адам баласы коп жанылат,биринчи жашоо КУДАЙ кошкон деп айтылатко,ошол жашоону.сактоо керек, экинчи жашоо ал адамдардын тандоосу, Мен улуу адаммын ошого айтып жатамын!
@user-zx4gz6xw3r
19 күн бұрын
Апам Фрунзе шаарында больница да көзү ооруп дарыланып жатканда,ушул Алмаш эже чоогу жаткан экен.Куйосу военный аткан деп өзү айтып берген экен.Рыспайдын Алмашы ушул экен,Ошол кезде Алмашымды аябай ырдап берчү экен.Ал эми тигил мугалим Алмашты мен ютубтан көргөм ,Рыспайдын Алмашымын деп чыккан аны самозванка деп койсок болот го
@user-op9bw9vk8b
19 күн бұрын
Алмашым Кара кулжада жашайт
Акын эжебиздин омурун кино кылып тартса аябай жакшы тасма чыкчудай
Журналист кечке эле создорун болуп салып тажаттттты!!!
Ору айтат экен: Красота -- это вторая счастья деп,аа кээде первый враг да болуп кетет турбайбы. Эхх, армандуу омур, бул акынды бактылуу элестетип эле жургом. Байкуш десе, жаман болгон экен.😢😢
Бурул Карагулова аман жүрөсүңбү сен дагы жаш бойдон экенсиң 🎉биз бир кезде чогуу жашап окудук еле Ырыс жакшы жүрөбү ❤❤❤❤
Жайы бейиштен болсун❤
Жаратылыштын кооздугун адамдардын же башка дуйнонун сулуулугун башкача коз кааш менен коруп аны таза аруу журок менен ыр поэзия аркылуу кереметтуу создор аркылуу элге жеткирген инсандарды убагында баалай албаганыбыз окунучтуу
Адамга эн бир назик сезим бүткөн, Аны адам, өмүр бою бийик күткөн, Ал сезим менде да бар, өзүң сезчи, Мен сага гүл болоюн, жерден өскөн, Сен гүлгө шоола болчу, күндөн түшкөн.
Алмаш эже да, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган турбайбы 😢
Эжебиздин жайы жанаттан болсун.Токтогулдун Чон.арык айылынан болгон.
@jaina6926
17 күн бұрын
Самарбек деген бир тууганы болгон
Барам сага деген ыры озунун туулуп оскон жери Токтогулда Ой-Алма деген киндик кан тамган жерине арнап ыр жазган, "Бал чобу Ой алманы соргон кезде"деген жери бар. каяктагы куйоосуно арнаган эмес, жаткан жери жайлуу болсун 🤲
Аз болуп калды кутобуз дагы тааныш билиштери бардыр уландысын кутобуз.
@zamirabekbotoeva7784
13 күн бұрын
Ютубда бар.
Бурулкан эже акылдуу,адамкерчилигиз бийик адам экенсиз ущунчалык муйуп уктум.ЧЫН ЭЛЕ акындын омур жолу боюнча кино тартыныздар.
Кыргыз элинин ар намыстуу Эр азамат кыйындары, куйормандары, Токтогул элинин кыйындары, таланттуу акын Алмаш Чойбекованын армандуу азаптуу өмүр жолун китеп кылып, киного тартылып калуусуна жардам берет деп ишенем, талантт тагдыры тарыхта калуусу керек. .
Мен студент кезде Алмаш эжеге жардам берип журдум. Эже Москвага барып козумду операция жазатам мени менен чогуу бар дегенде мен баралбай калгам,эжени ошол бойдон коргон жокмун.
Бурулкан эже сизде көп нерсе жатат Сураныч сиз .изилдеп жарыкка чыгарын !!!
Кандайгана кишилер откон чиркин кем дунуё деген ушул да 😢
Сонун берүү болду ❤
Эмнеге эже жонундо толук ачылбай атасынар такыр эле туюк суйлоп атасынар
Суйлоп жаткан эже, соонун Эже экен
Кененирээк билгим келет автобиография китеп кылып чыгаргылачы
Онунучтуу тагдыр
Өтө кыска маектешүү болуптур.А.Чойбекованы эскерген акындарга ырахмат.
Абдыкерим мырза , Бурулкан айым сиздерге ыраазычылык , айтып бергениниздер сонун болду, Алмаш эжеке , бир оодарылып алдыго!
Сериал тартсанар болот эле,чынында мыкты акын эле.
Аянычтуу тагдыр,угуп аттиң дейсиң. Ар ким өз чөйрөсүнөн, турмуш күтүүсүн,тагдыр далилдеп турат.Экинчи өмүрү ырларында,жашап келет. Берүүгө чоң рахмат...
Кайран Эжем,жаныныз жаннатта болсун,❤ оомиийн
Сулуу,талантуу аялдар бактылуу болушпайтго жашоодо.
@ffxxgh125
19 күн бұрын
Жакшыны Коро албай Дагы бирооону асырац албай Жашооонун адамзатка Берген...... ????
@user-fd3mr6py3m
19 күн бұрын
@@ffxxgh125Туура айтасын талантууларды коро алышпайттар
@user-mb1bt7rd6y
17 күн бұрын
жаны жарната болсун
Киносун кутобуз чыдамсыздык менен.Ушул беруунун устундо иштеген адамдарга мин алкыш.Кандай керемет создору менен ырларды жазган эжекебиздин эмгеги баалансын❤❤❤
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун. Укмуш таланты бар экен да .
АлмашЧойбекованын ырларын укчумун бирок тагдырын укпаптырмын атин арман кандай гана кучтуу сезимдуу ырлар коралбастык болбогондо далай сонун чыгармалары чыкмак экен жаткан жери жайлуу болсун.Ушинтип элге чыгарган журналиске мин мин алкыш.
@zamirabekbotoeva7784
13 күн бұрын
Ютубда көп жылдан бери бар тагдыры толук берилген
Токтогул району Чон арык айылында .. Эжени сиздер аркылуу угуп Аябай Сыймыктандым. Бир туруп окундум .. Ушул убака келип бир укпаптырмын Маалыматым жок екен...
Канчанчы жылы туулган будомук кылбай эскерсенер болмок
@balanchaevtukuncho7960
19 күн бұрын
Жазылып турбайбы 08.08.1947 деп
@user-wr1xd3cs3i
19 күн бұрын
Ооба соз талашып жаман шашып айтышыптыр чала пучук кылып куйоосу судуроп аткан дейт анан куйоосун ким аткан (( буларды ким болуштургон )) тушунбой калдым ?
Кайран талант❤
Бул таланттуу.акын эжени убагында баркталбай калган экен...азыр ырларын угуп ...ото капа болдум... карачы ошол кезде эле коро албастар бар экен...ырларын уурдашып...уяаты жоктор...ошо уурдагандар жыргап деле кетпесе керек! Кайра изилдеп карап ырларын бут чыгаруу керек да...Жаны ЖАННАТТА болгон болсун!
Алмаш чойбекова чон арыктан болот мунун екинчи куйзозу байзбек бектемиров токтогулдан болот аселчи болгон туугандары бар
@user-wm9fj5wd7v
19 күн бұрын
Чойбекова экинчи куйоосу Байызбек Бектемиров Токтогулдан
@user-fu3wj7fp1j
16 күн бұрын
Байызбек жалгыз бала. болгон Бектемир карыянын ,,атасы да сулуу болгон...
@KuluipaNurmatova-ku8el
15 күн бұрын
@@user-fu3wj7fp1j Жалгыз бала болсо, Алмаш Чойбекова эжекебиз,,Жашы өтө электе башкага үйлөнүп балалуу болсун", деп таштап кеткен экен да,
Тагдырын толук чыгарма кылып чыгаргылачы ,эстелик Болсун кийинкилерге.
4-5 жыл мурун ютубдан тагдырын окуп калып, аябай таң калдым эле!87 чи жылдары Кадыралы Артыков аткарган чыгарма болсо керек эое...балалуу болбой ажырашкан жолдошуна арнаган ыры....Жыпарын искеп...буркут шаңшып учкан кезде...ак жамгыр , ак бермет болуп төгулуп барам сага ...деген ! Сулуулукту,талантты берген экен кудай, бирок тагдыры оор болгон экен.
Мыкты акын болгон экен , омур баянын китеп , кино тартса болчудай
Таланты таш жаоып турса коралбагандар дагы коп болот дв ал убактагы адамдар туптуз адамдар болушкан Азыркылар андай эмес коро албагандарды ордуна коюп коюшат
Тагдыры татаал айым экен эле 😢
Эн жакшы чыгарма залкар адамдарды,таланттуу ларды эскеруу бул эн сонун корунуш, каяктагы фонорграмма менен ырдаганларды чала пала таланты барларды чыгара бербей корунгондун ырын уурдап которуп Алышкандаоды чыгарбай.
Сонун ырлары бар турбайбы.Экинчи омуру жашап жатыптыр да.Кайран омур.Дагы канчалаган ырларды жазылмак экен.. Жердештери,жалпы жумурай журт жардамдашалы акындын экинчи омуруно.Жогоруда айтып откондордой кино тартышсын.Фонд ачылсын.Туулган жери кайсыл экен?
@user-tw8yn8pe5g
19 күн бұрын
Токтогул району, Чон-Арык айылы.
Айгул узакованы сыйлаймын,баалаймын,аттин эмне деген кайгылуу тагдырлар,,
Кайгылуу тагдыр экен😢 , раман жазуу керек.Аябай таасырлендим
Туура Токтогулдуктар чогулуп чыгармачылык эскерүү кылса прбагы ыраазы болуп калат беле.
Бурулкан кечиресин алмаштын Бир тууганы самарбек болгон жанылып жазыпмын ой Алма Эш Сай деген жерлерине келип ой Алма менин айлым деген ыры жагат мага кайненем Кооп айтар эле алмаш деп мен 70 жаштамын кообун унутум уккандарымдын
Эки чырак ырын ким уурдаптыр?
ЭХ ТАГДЫР . МЫНЧА ТАШ БООРСУҢ . 😰😰😰📚📚📚 АДМИН ЧООҢ ЫРАХМАТ .