КЫМБАТЫМ - кыргызча караоке тексти менен минусовка

Музыка

🎵 Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун "Кымбатым" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤АЙБЕК КАСЫМОВ - Кымбатым ырынын үнү бар (плюс) варианты • АЙБЕК КАСЫМОВ - Кымбат...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Айбек Касымовдун өздүк ютуб-каналы: / @user-yy6yg5ch5e
#ыркесе #кыргызча_караоке #АйбекКасымов #Кымбатым #yrkese
======================================================
-- "Кымбатым" --
Сөзү : Сооронбай Жусуев
Обону : Рыспай Абдыкадыров
Аткаруучу: Айбек Касымов
---------------------
Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң кымбатым,
Жазда неге келбей койдуң кымбатым.
Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң кымбатым,
Жайда неге келбей койдуң кымбатым.
Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң кымбатым,
Күздө неге келбей койдуң кымбатым.
Эки жүрөк бирин бири тыңдасын,
Эзилишип элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылган,
Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым.
Керемет бар сенде кышты жай кылган,
Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым.

Пікірлер: 28

  • @Yrkese
    @Yrkese2 жыл бұрын

    Рыспай Абдыкадыровдун "Кымбатым" ырынын караокеси тексти менен, минус варианты. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы!

  • @user-uw6rx5sw6b

    @user-uw6rx5sw6b

    4 ай бұрын

    🎉🎉

  • @user-dh4su5rv2j
    @user-dh4su5rv2j Жыл бұрын

    Магада абдан жагат ушул ыр унун да жакшы азамат талантына таазим

  • @user-ur7dw7ru1j
    @user-ur7dw7ru1j2 жыл бұрын

    Ушундай жакшы ырлардан чыгарып тургула ракмат силерге аябай кубандым азыр кошо ырдап отурам,

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Рахмат бааңызга. Аракет кылабыз.

  • @user-ry3wr9pc5n

    @user-ry3wr9pc5n

    3 ай бұрын

    🎉

  • @user-sc7mz4zy3w
    @user-sc7mz4zy3w Жыл бұрын

    Ыраазычылык сиздерге. Соонун мумкунчулук уйдо отуруп ырдап турганга

  • @user-pl5df5eo4u
    @user-pl5df5eo4u Жыл бұрын

    ооба жакшы болду 👍👍 Рахмат сиздерге 🌺

  • @world6988
    @world6988 Жыл бұрын

    Чоон рахмат, ишинерге иигилик.Эл алдына ырдап чыга албасак да, уйдо отуруп ырдап жыргап калдым.

  • @user-tz9cw9zp7q
    @user-tz9cw9zp7q11 ай бұрын

    Унунунузго таазим❤

  • @googlitad4761
    @googlitad47612 жыл бұрын

    Ушул ыр мага жагат , Ырахмат 👏

  • @user-zh3oq4tu2d
    @user-zh3oq4tu2d2 жыл бұрын

    Ишиңерге ийгилик! Сонун ырлардан дагы жарыялап тургула

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Рахмат. Аракет кылабыз.

  • @world6988
    @world6988 Жыл бұрын

    Чоон рахмат.Ишинерге иигилик каалайм.

  • @monuskript14
    @monuskript14 Жыл бұрын

    үнүм жетпесе чарылдап ырдап койдум. сонун ыр да..ээ,хэ,хэ

  • @user-ix2tt6xw3t
    @user-ix2tt6xw3t2 жыл бұрын

    Саламатсыздарбы,эң сонун , ишиңиздерге ийгилик!

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Саламатчылык. Рахмат. Биз менен бирге болгула

  • @mairambektalantbecov1419

    @mairambektalantbecov1419

    2 жыл бұрын

    @@Yrkese биз тобунун ак кар ырын караоке кылып бергилечи

  • @user-yr1ui3ej2h
    @user-yr1ui3ej2h2 жыл бұрын

    Абдан жакшы.🤗 Жашоо Керемет болуп калды.☺️ Жан дуйно эс алат экен! Рахмаат!👏👏👏

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Айтканыңыз чын, жашоо - КЕРЕМЕТ!!!

  • @user-gk1st8uc3o
    @user-gk1st8uc3o2 жыл бұрын

    Эн сонун ийгилик ишинерге.

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Чоң рахмат

  • @user-li4pw3yf6e
    @user-li4pw3yf6e6 ай бұрын

  • @user-gk1st8uc3o
    @user-gk1st8uc3o2 жыл бұрын

    Бир конкурсата ырдап 3 места алдым эле эн сонун ыр.

  • @user-tb4ze6ty6b

    @user-tb4ze6ty6b

    Жыл бұрын

    Ххх7

  • @user-gk1st8uc3o
    @user-gk1st8uc3o2 жыл бұрын

    Нуриза Абазованын Эскирген эски бакта деген ырын да чыгарып койгулачы сураныч ,муруун бар эле азыр эч жерде жок ошол ыр.

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Сунушуңуз кабыл алынды

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    Ырдын караокеси каналга жүктөлдү

Келесі