Куралдуу террорист жок кылынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет.
«ЭРКИН-ТОО» МАМЛЕКЕТТИК РАСМИЙ ГЕЗИТИ
_________________________________________
Биздин сайт - www.erkin-too.kg/
Инстаграм - / erkintoo.kg
Фейсбук - / erkintoo.kg
Ютуб - / @user-tv6iw1xk4b
Телеграм - telegram.me/+-Vvnr0xngUA4NjEy
#кыргызстан #эркинтоо #кабарлар #ош #баткен #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #чуй #бишкек #жаңылыктар #маалымат

Пікірлер

    Келесі