КИШИМЖАН ЖАНЫШАЛИЕВА - Сүйүү кечи - караоке тексти менен

Музыка

🎵 Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган Мамарасул Мавляновдун "Сүйүү кечи" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Кишимжан Жанышалиеванын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤КИШИМЖАН ЖАНЫШАЛИЕВА - Сүйүү кечи ырынын үнү жок (минус) варианты • СҮЙҮҮ КЕЧИ - кыргызча ...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #КишимжанЖанышалиева #СүйүүКечи #yrkese
======================================================
Кишимжан Жанышалиева - Суйуу кечи
Сөзү: Бактыгүл Чотурова
Обону: Мамарасул Мавлянов
Көңүлдүн черин жазып,
Көздөрдөн сүйүү чачып
Жол түшүп сүйгөндөргө
Жолугуу кандай бакыт.
Гүл кармап колдорума,
Бактылуу болгонума
Мен сени көрүү үчүн
Баратам жолдо мына.
Күн болуп көрүнөсүң,
Нур болуп төгүлөсүң.
Керемет сезимдерди,
Кезиккен ушул кечим.
Өмүр аз ойлоп көрсөң,
Өкүттө калба эртең.
Эритип жүрөгүмдү
Эркелеп алчы, эркем.
Артылып колдор аста,
Арбалып махабатка,
Айланып келеличи,
Арманды таштап артка.
Мен сени сүйөм дечи,
Сендикмин сендик дечи.
Бир өмүр эсте калсын,
Сүйүүнүн ушул кечи.

Пікірлер: 54

  • @Yrkese
    @Yrkese2 жыл бұрын

    Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган Мамарасул Мавляновдун "Сүйүү кечи" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @RuslanSuiunbekov
    @RuslanSuiunbekov20 күн бұрын

    Кишимжан онорун оркундой берсин

  • @gulbubu1432
    @gulbubu14324 ай бұрын

    Азамат кызым Аман бол тилегине жет коп жаша

  • @user-kr8ww8ve2m
    @user-kr8ww8ve2m7 күн бұрын

    Шамалды - Сайдын сулуу кызы, ар дайым бар бол, бактылуу бол!❤

  • @user-gg8uy4zl9e
    @user-gg8uy4zl9e2 ай бұрын

    Кишимжан унуно береке аман бол ,бактылуу бол Омиин Омиин

  • @user-wf5vo3yt9e
    @user-wf5vo3yt9e Жыл бұрын

    Рахмат бақытты болыңыз жаушы ыр екен рахмат

  • @user-dm9cc7pu3o
    @user-dm9cc7pu3o13 күн бұрын

    Кишимжан даусы керемет

  • @user-dr2uo3wj8l
    @user-dr2uo3wj8l Жыл бұрын

    Кишимжан жаным аман бол ооруба

  • @user-bu7vm5iq3k
    @user-bu7vm5iq3k6 ай бұрын

    Укмуш жагымдуу уну ырчы кызыбыздын омурлуу бол🎉

  • @user-gb4qi4vt4w
    @user-gb4qi4vt4w2 жыл бұрын

    Кишимжан сонун аткарыптырсын…Унуно береке…Ар бир ырдап чыккан ырынды калтырбай угам…Уйун аябай уккулуктуу жан дуйного жеткире ырдайсын…Чыгармачылыгына Ийгилик каалайм!!!👏👏👍🌹🌹🌹

  • @jizayarova7326
    @jizayarova732611 ай бұрын

    Кишимжан молодец ,дагы коп ийгиликтерди каалайм деп Анаркулдун эжекеси.

  • @aizattv9185
    @aizattv91852 жыл бұрын

    Молодец жакшы ырдадын оркундой бер 👍

  • @meerimosmonalieva1461
    @meerimosmonalieva1461 Жыл бұрын

    Эң сонун,баракелде

  • @user-zp5ju3oz4b
    @user-zp5ju3oz4b5 күн бұрын

    Сонун🎉🎉🎉

  • @Umar_kgz001
    @Umar_kgz0018 ай бұрын

    Көңүлдүн черин жазып, Көздөрдөн сүйүү чачып. Жол түшүп сүйгөндөргө, Жоолуккан кандай бакыт. Гүл кармап колдорума, Бактылуу болгонума. Мен сени көрүү үчүн, Баратам жолдо мына. Күн болуп көрүнөсүн, Нур болуп төгүлосүн. Керемет сезимдерди, Кезиккен ушул кечим. Өмүр аз ойлоп көрсөң, Өкүттө калбай эртең. Ээритип жүрөгүмдү, Эркелеп алчы эркем. Артылып колдор аста, Арбалып махабатка. Айланып келеличи, Арманды таштап артка. Мен сени сүйөм дечи, Сендикмин сендик дечи. Бир өмүр жатта калсын, Сүйүүнүн ушул кечи.

  • @user-dm9cc7pu3o
    @user-dm9cc7pu3o16 күн бұрын

    Керемет даусы

  • @user-uu4yd7ej5f
    @user-uu4yd7ej5f2 жыл бұрын

    Сонун үн ыр

  • @user-yu5nh4bm3o

    @user-yu5nh4bm3o

    2 жыл бұрын

    Сону ырдар ,,,унуно ун кошулсун Андижандык тугандардан,

  • @user-dc3nb7me4o
    @user-dc3nb7me4o Жыл бұрын

    Бактылуу бол карындашым талантына таазим

  • @user-yy8dw6cn1x
    @user-yy8dw6cn1x Жыл бұрын

    Эн соонун ырдады ,булбулдай унун эч очпосун , кымбатуу Кишимжан синдим сага ийгилик каалаймын.

  • @Petushok300
    @Petushok3004 ай бұрын

    Азамат талантын оркундосун

  • @user-hr8vs3xh8e
    @user-hr8vs3xh8e9 ай бұрын

    Ийгилик жакшы ырдайт бактылуу бол

  • @user-vk3jp8uh7m
    @user-vk3jp8uh7m2 жыл бұрын

    Мынна ыр эмес бекен👍😘💋💞

  • @buzejnepbajyzakova
    @buzejnepbajyzakova7 ай бұрын

    АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН АТЫНА ЗАТЫН ЖАРАШКАН СУЛУУ СЕЛКИ ЭКЕНСИН ООМУРУН УЗУУУН БОЛСУН ДЕН СООЛУГУН ЧЫН БОЛСУН ООМАТ ООММИИН САПАРЛАРЫ БАЙСАЛДУУУ БОЛСУН ООМАТ ООММИИН ООММИИН ООММИИН УЛГАЙСАМ ДА СЕНИН ЫРЛАРЫНДЫ ЫРДАЙМ

  • @user-ic4ep8jx8v
    @user-ic4ep8jx8v7 ай бұрын

    Маанилуу ыр саптар👍👍👍👍👍

  • @user-cs2ud3ti2c
    @user-cs2ud3ti2c8 ай бұрын

    Ыр жакшы Кишимжан аябай жакшы аткарат.

  • @user-cw1ip8ox7e
    @user-cw1ip8ox7e4 ай бұрын

    Сонун ыр азамат

  • @user-cs2ud3ti2c
    @user-cs2ud3ti2c Жыл бұрын

    Эн сонун❤

  • @alliyamustafina8680
    @alliyamustafina86802 жыл бұрын

    🙏🎼👏👏👏🇰🇿

  • @user-qm5xx7hu3t
    @user-qm5xx7hu3t Жыл бұрын

    Бар бол синдим унуно бали

  • @baishsdakunov6686
    @baishsdakunov66865 ай бұрын

    ❤❤❤❤❤❤

  • @user-gk1ps5iv3t
    @user-gk1ps5iv3t6 ай бұрын

    Бир жолу уга турган ыр экен...

  • @user-fw3en9kl6l
    @user-fw3en9kl6l Жыл бұрын

    Керемет ийгилик тазим укан сайын угам го

  • @user-uh9zo2qb7p
    @user-uh9zo2qb7p8 ай бұрын

    ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤Сонун ыр

  • @user-bx7in1wt5w
    @user-bx7in1wt5w3 ай бұрын

    🎉🎉🎉

  • @user-ov5fg4sn5s
    @user-ov5fg4sn5s Жыл бұрын

    Молодец классташым бар бол!

  • @user-kp3gy8ww5c
    @user-kp3gy8ww5c8 ай бұрын

    Албетте сонун❤

  • @samarajeenbekova1958
    @samarajeenbekova1958 Жыл бұрын

    Дагы ырларды ырдап чык,биз угабыз

  • @elizapapuashvili7756
    @elizapapuashvili7756 Жыл бұрын

    Super.

  • @user-ky7lc9gu1r

    @user-ky7lc9gu1r

    Жыл бұрын

    Пай пай ыр эмес бекен добуш у тим эле укмуш ырдаптыр да.эн жакшы ырларды ырдайт го чиркин.талантына таазим Кишимжан Жанышалиева.журокко жеткирип коюп эле жүрө сун.

  • @user-pi9sq6hu3c
    @user-pi9sq6hu3c Жыл бұрын

    Азамасын жээним

  • @user-gf5ml7te5q
    @user-gf5ml7te5q Жыл бұрын

    Кишимжандын ырларына караоке жиберип койгулачы отунуч

  • @user-ce4zo9om8l
    @user-ce4zo9om8l12 күн бұрын

    Караоке жибергилечи ушул ырга

  • @kuljamaleshimbekova3532
    @kuljamaleshimbekova3532 Жыл бұрын

    Чачын менен сулуу көрүнөт экенсиң

  • @maralmatisaeva304
    @maralmatisaeva3042 жыл бұрын

    Бул ырдын үнү жок кылып минусун өзүнө чыгаргылачы бизда ырдайык

  • @Yrkese

    @Yrkese

    2 жыл бұрын

    минус караокеси да бар, описаниеде ссылкасы турат ко...

  • @user-wf2zq8wl7w
    @user-wf2zq8wl7w7 ай бұрын

    Жонокой намыстуу ырчы

  • @user-yz2zs1fj8d
    @user-yz2zs1fj8d Жыл бұрын

    КАНДАЙ СОНУН

  • @user-nu8zg5on1f
    @user-nu8zg5on1f Жыл бұрын

    Караоке тез болуп калыптыр , ырдаганда тушпойт экенсин

  • @user-qm5xx7hu3t
    @user-qm5xx7hu3t Жыл бұрын

    ЫР ЭМЕС БЕКЕН ЧИРКИН.ЫЙЛАДЫМ ГО

  • @user-dl9np4gr8m
    @user-dl9np4gr8m3 ай бұрын

    Во жыйнап чыгарбаспы жеке ютуп канал ачпайспы каталады угуп туралы ыпынызды

  • @user-jc4si2mx4i
    @user-jc4si2mx4i7 ай бұрын

    Сен алтын сын.

  • @adurahmanbapanov7305
    @adurahmanbapanov73052 ай бұрын

    Козумо жаш алдыра койдуго

  • @user-lw3uy2vu9o
    @user-lw3uy2vu9oАй бұрын

    начар

Келесі