Же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым
Музыка
Жаңы ыр! Сүйүү ыры!
"УГАЙЫН, ҮНДӨБӨЙҮН"
Сөзү: Элмирбек Иманалиевдики
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
2019-жыл, 25-декабрь
Жетилдиң үлбүрөгүм,
Таңшыдың дилдирегим.
Сен үчүн оор болсо да,
Сезимим билдиремин.
Мелжидиң тартылганым,
Кайкыдың талпынганым.
Мен үнсүз тартынганым,
Мен сага айтылганым.
кайырмасы:
Мелжиген дүйнөдөйүм,
Мен өңдүү күй дебейин.
Сүйлөмгө сүйүү батпайт,
Сүйлөбөйм, сүйлөбөйүн.
Өрт болдуң тутанганым,
Өзөктө куса,арманым.
Бир муңдуу куштай болдум,
Билбеген учаар жагын.
Же сенден кет албадым,
Же сага жете албадым.
Карегиң карай берем,
Кантесе да тушалгамын.
кайырмасы:
Мелжиген дүйнөдөйүм,
Мен өңдүү күй дебейин.
Сүйлөмгө сүйүү батпайт,
Сүйлөбөйм, сүйлөбөйүн.
Капкалуу дүйнөдөйүм,
Карайын үндөбөйүн.
Ыр бизге түбөлүктөй,
Ыр бизге күбөлүктөй,
Ырдайын сүйлөбөйүн.
Пікірлер: 221
Түмөнбай уулум, чайпалсаң төгүлбөгүн, төгүлсөң бөксөрбөгүн, ар дайым чалкып тургун, ырларыңды элиң үчүн төгүлтүп ырдай бергин!!! Укмуш ыр !!! Бар бол!!! Сени колдогон Чүйлүк апаң!!!
Жашоодо мындай суйуулор болбосо ырларда жаралмак эмес экен👍👍👍
Тумонбай, сизде да, журок тубундо суйуунун кучу из калтыргандай сезилет, ар бир ырларынызда суйуу даназаланат,ооба суйуусуз жашоо, жон гана тиричилик кылуу, кызыгы жок жашоо
Жаным мен сенден кете албадым. Же сага жете албадым сенда уй булолу менда уй булолу 🤦♀️🤦♀️🤦♀️😢😢кантседа журогум астыдагы жалгыз сырымсын мен сени суйом.
@NoName-un3bk
2 жыл бұрын
Журогундун тубундо шайтандын фитнасы бар экенда анда. Убагында жете албадынбы, эми башка тушкон тагдырына ыраазы болуп (котту 15 жеринен кысып!!!) ,омурлук шеригинди бактылуу кыл! Же турмуш курбашын керек эле. Бироонун бактын, убактысын тебелегенге акын жок! Аллахым эки жуздуу адамдардан сактасын бизди.🤲. Суйбосон эмнеге алдын же турмушка чыктын!? Адам ЭН БИРИНЧИ ОЗУН, АНАН, ОЗГОНУ СЫЙЛАШ КЕРЕК!
@rozashermatova6603
2 жыл бұрын
@@NoName-un3bk Ашыкча айтсам кечириниз. Сиздин акыныз жок башка жандын жан дуйносун чектегенге.Ар бир инасн суйгонго акысы бар.Жашоо сыноо учун берилгенин баары билет ошон учун суйсо да журогуно сактап жашап келет. Журоктогу суйууну очургонго эч кимдин кучу жэтпейт.
@NoName-un3bk
2 жыл бұрын
@@rozashermatova6603 сизда ошентип озунузду жана жаныныздагыны алдап келе жаткандардын бири окшойсуз. Адамда тагдырга моюн сунуу болуш керек да. Сиз ошол суйгонунуз менен бирге болгон мынданда хуже болмоксуз мумкун. Адам кагиет кылганды билбейт. Отуп кеткен жалган сезимлерге байланып журоберуу жалкоолук. Сиз ошол суйгонунуз менен чогу болсонуз, дагы бир башка эле адамды суйуп журо бермексизго дейм. Себеп, бакытты азыркы учурдан же келечектен эмес, отмуштон издеп жатпайсызбы. Кантип чогу жашайт, бир уйдо чогу жашап уйронушуп, суйуп деле калатда адам. Демек, сиз бар нерсени ордунда баалай албай жатасыз, сиз баалагыныз учун созсуз ошол нерседен кол жууп калышыныз керекпи!?
@mos_20
Жыл бұрын
Ар бир адамдын оз тарыхы учуру келечеги болот. Анан да ички сезимди жашырбай жазуу ар кимдин колунан келбейт.Мындай сезимди тушугону бар тушунбогону бар...
@miraidaotorbaeva7149
Жыл бұрын
🌺
Жакшы жүрөккө жеткен ырларды угуп, махабатына жетпей калган ар бир адам, бир ыйлап алат болуш керек, анан кайра баягы куса толгон, өтөөр кетээр турмушту күнүмдүк убара коштоп, жашоо улана берет экен... Жүрөгүбүз жалгыз, коодондогу оор ушкурук менен өмүр өтүп жатканы, бир өзүбүзгө гана белгилүү, аны да ушундай керемет сүйүү толгон, мыкты ырчылар эске салган кезде, бир толгонуп алат экенбиз, ошол гана... Башка эч нерсе колдон келбегени андан да күчтүү арман болуп кала берет тура...
@user-kl3er5fd3m
3 жыл бұрын
😥😥😭
@rozashermatova6603
2 жыл бұрын
Турмушубуздагы ачуу чындык
Бир булодо тутун буулатып жашап атып, бир-бирин тушунбой: "Же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым" - деп жашаш эн оор дарт экен. Баарын кечип кетип калайын десен, балдар козун жалдыратып ортодо турат. Кетпей, чыдап суйдуруп алайын десен, жарынын козундо суйуу оту жок. Айла жок, жашоо экен деп жашай бермей
@user-ih6ru2ie8l
3 жыл бұрын
Кандай туура соз толлук кошулам
@meylikansheripbaeva9419
2 жыл бұрын
аай кандай гана окунучтуу,арман дуйноо,шугур
@chynygu1aalyeva317
2 жыл бұрын
Чыын
@alabuka4731
2 жыл бұрын
Унчукпай отот омурлор. Бирге эмес бирок конулдор. Бала учун жашап аттин ай. Эрксизден ээрип могулор. Суйлобойм десен коз тушот. Карегин андан мээр кутот. Карайып каткан журоктон ай. Кайран бир гана дил тутойт.
@user-ik2ew9se9f
2 жыл бұрын
Кыздар салам суйуу откунчу туйгу суйуу башка турмуш башка мен суйбой уйлонгом азырда суйбойм бирок келечек учун жакшы жашап келе жатат. Эринерди суйбосонорда сыйлап жашагыла😄😄😄
Жүрөктү эзген саптарды Табам. Ингендей боздоп кыңылдап калам. Билбепмин мурда ырыңдын баркын . Элиирбек иним ,түмөнбай балам.
@user-gm6vc2qr3g
3 жыл бұрын
Авторго да обончуга да башымды ийип таазим этем
Же сенден кеталбадым,же сага жеталбадым😢журогум ооруп атат
Ыр саптарынын автору Элмирбек экен. Жаткан жерин жайлуу, топурагы торко болсун
Көз менен айтат сөз эмес, көңүлдү билген асыл жан дегендей, тил жетип айталбаган сезим сырлары бар да... Эң сонун чыгарма, мен бул ырды күн сайын кайра - кайра угам, сени аябай сыйлайм, азыркы күндө сендей таланттуу инсан бар болгонуна кадимкидей кудуңдап кубанып алам, Аллахым өмүрүңө береке берген болсун аамин 🌹
Суйломго СУЙУУ батпайт.....❤❤❤ Канча уксам да тажабайм. Тумонбай агабызга да, кайран Элмирбек акынга да рахмат
Же сенден кете албадым,же сага жете аалбайм дейт.туура.
хаммама салом туманбойга киргизистонни мухаббат куйчиси деб ном берсак буладида бу мен якка уйимда Укамга факта юксак омадлар бераверсин оллох
Ырды угуп ыйлагым да.ырдагым да келет... авторлорго таазим керемет ыр учун....
@kanattagaev9392
3 жыл бұрын
Сонун чыгарма менде да болгон!
Жакшылар өткөн сайын жүрөгүм бош калган сыяктуу...
Сезимди козгоп, жүрөктү ыйлаткан сүйүү!Бирок экообуз эки жолдо,а менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт 😞
Же сенден кеталбадым же сага жеталбадым армандуу күндөрүм көз алдыма тартылды го
Суйуу жашка карабайт. Табияты, жаратылышы суйлошкондор бар алар, тилекке каршы саналуу.
же сенден кете албадым, же сага жете албадым.... Кандай Гана керемет саптар, журоктун тупкурундогу, эч кимге айтылгыс Арман... Бар болунуз агатай, сиздин ырларынызды угуп журок бир болкуп жыргап алам.... Ийгилик сизге, унунуз очпосун....
Бул ырдын созу Элмирбек Иманалиевге таандык экен😥😥
Элмирбек Иманалиев - кыргыздын "намбе уан" лирик-акыны...
Эгерде лакй басыш боюнча мумкунчулук болсо, мен миллион жолу басмакмын. Сага чыгармачылык ийгилик, бактылуу уй булолук жашоо каалайм. Сенин чыгармаларын "кыргыз улуту" жер бетинде канча жашаса, ошончо убакыт журокто жашайт Ар дайым бар бол.
@user-hy3uz5zz6s
4 жыл бұрын
Оада
Бир мундуу куштай болдум Кантсе да тушалганмын Кандай керемет жазылган
Элмирбек Гулбу эже учун жаратса керек эле. Суйлоюн десе уй булосу бар бирок ырдап эле журоюн дегенго. жайы жаннаттан болсун. акыпы туболук суйуусунун алдына кеттиго чын дуйного
Обончу, аткаруучу катары миң жылдык парзыңыздай ыр болуптур, Түмөнбай ака. Сиз адамзаттын жүрөгүнө карызсыз, адамзаттын жүрөктөрү сизге карыздар.
Сүйүү адамды жипсиз байлап коёт деген чында кандай керемет ыр кандай талатту инсан
Өтөө бир сезим кылдарын кытыгылаган, керемет обон болуптур досум, талантыңа таазим!!!
Же сенден кете албадым,же сага жете албадым❤😢😢
Жүрөктөгү жараны канатып, ыйлатып жиберет турган ыр экен😪
Сүйлөбөйм...сүйлөбөйүн...😔
Ойлой берем да ушул Түмөнбай байке бир жолу бирок каттуу сүйгөн экен депчи. Канча ыр жазып ырдап чыкса да сезими толо берген. Жетпеген махабаты бактылуу айым экен. Ыр менен болсо да сүйүүсүн дагы деле жеткирип жүрөт .Ошол айымга суктандым
Же сенден кете албадым же сага жете албадым❤️
Жашоонун мыйзамдары ушунчалык татаал болот тура,өзүңдүн жүрөгүңдөгү адам менен бирге жашай албайсың,үй-бүлөңдү да таштап кеталбайсың,кээде жүрөк көтөрө албай кетет го
@user-uz7vr3gp4b
4 жыл бұрын
Эмне учун ушундай болот э , журогум канап турат абдан
@user-vk3jp8uh7m
3 жыл бұрын
Мен да ушундай дарт мен ооруп журом не кылш керек озуу😢😒
@user-mn8jq8ss4n
2 жыл бұрын
Менде дагы ушундай арман бар😫😫😭😭
Бул ыр Рыспай акенин, Асанкалый агайдын, Муса атанын ырларындай кылымдарга жашайт. Мелодия укмуш, текст жакшы тандалган, адептуулук ар убакта дуйно элинде бааланган. Автордун уну абдан уккулуктуу. The vocal & the voice are smart.
@user-pv9lc6yt8o
3 жыл бұрын
Сонун
Сооннун ырларыныз бар экен🔥🔥🔥🔥🔥бар болунуз!!!! Даагы коп коп ырларынызды кутобуз!🙏🏼
Ар бир соз, ар бир сап, обон ото кылдааттык менен терилип жаралгандай. Аябай сонун чыгарма болуптур! Ийгилик!
Ыйлап ыйла алып уга берем кайра кайра
Ошол Бир було болуп суйушбой жашагандар учун. Журогундо башка суйуу жашайт.мындай ырларды укканда журок ыйлайт. Ай кудайым суйушпогондорду ажыратып шылтоо мн койсочу. Балдар деле оз кунун н корушот
Ой тобоо бул ыр мен учун жазылгандай.
Эки залкардан жаралган шедевр болуптур,мин уксанда жадабайсын, журоктун ар бир кылын терип жаткандай....
Асанкалый. К.менен Тумонбай агай ырларыныздар кылымдар жашайтко
@user-em2rk5rx7f
3 жыл бұрын
Бек да
Же сенден кете албадым, Же сага жете албадым😢😢❤
Же сенден кете албадым, же сага жете албадым...Сарым❤️
Бийик сезимдер болгон учун жиби жок байланасын тушаласын
Кылымга ырдалуучу ырлар. Ийгиликтер жарала берсин👍👍
Бир бирине жетпеген семиялулардын арманы го чиркин 💓❤️❤️❤️
"Сүйлөмгө сүйүү батпайт"😭😭
Угуп эс ала турган ырлар. 4-5 куплет ырдын ичинен таза сүйүү кандай болгонун көрө аласың.
"Классика" деп ушуну айт. Баракелде!
Бул ырга Элмирбек Иманалиейв озу обон жасса соонун болмок экен мааниси ото терен эн соонун Элмирбек байке жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун бейиштик болун амиин
Суйломго суймум батпайт, суйлобойм суйлобойун кандай гана создор 🔥🔥🔥 Талантынызга тазами агай
мен сенден кеталбадым же сага жеталбадым😔
Керемет ун,керемет чыгарма ,арабызда ушундай асылдар бар экенине шугур !
Же сенден кете албадым, же сага жете албадым.😔
Тумонбай агай, ийгиликтер болсун! Эн сонун ырларыныз.
Тумонбайдын ырлары.... Журоктон тунок тапкан ырлар.Адамдын жан дуйносу каалап уга турган ырлар.Бар бол, эл суйгон ТАЛАНТ!
@MakhabatShorokhova-kh5qc
Жыл бұрын
❤️❤️❤️
Жолдошум менен жашаганыма он уч жыл болду. Балдарыбыз бар... Бирок ал коп жылдардан бери Россияда,мен Кыргызстандамын. Жылдар аралыгында мен аны суйо албадым,ал мени... Канчалык аракет кылсам да, журогумо боштук бар, уйкусуз тундор, каректен аккан коз жаштарым..Бирок эч кимге айта албайм,башымдын ооруганы кундон кунго куч алууда. Башкаларга кучтуу аял корунгонум менен, жан дуйном ушунчалык жабыркаган. ..........
@ilgod7099
Жыл бұрын
Бирге жашаганы аракет кылгыла
Жан дуйнону эс алдырган ыр.Угуп тажабайсын бар болунуз Тумонбай аке дайыма ден соолукта журунуз
Кайра кайра угуп атам, уккан сайын журок унсуз ыйлайт😢😢
Эн туура создор же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым,
Амансызбы Тумонбай ага. Талантыныздын алдында баш ийемин.Сиздин ырларыныз мн жашап келем жашай берем.Рахмат сизге...
,, Сүйлөмгө сүйүү батбайт"-кандай даамай айтылган сөздөр🥺 Авторго да обончуга таазим.
Сезимим билдиремин.....кайталангыс талант багындырган суйуу.... Чыгармачылык ийгилик Тумонбай мырза!!!
Талантынызга таазим этебиз 👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Кандай Гана керемет , кайталангыс талант, талантынызга таазим!!!
Элмирбек ар Бир журокко кирип чыккандай жазган. 41 жыл болсо да суйо албадым же кета албадым. Тузу жок тамактай жашоо отуп жатат. Ах чиркин Булат жашоо эмнеге мынча татаал. Же суйуу жок коздон жаш агат журоктон кан агат. Кудайм ушундайлардын тагдырын эки болок Эле кылып койбойбу. Аз жашоо жалгыздык журокто отуп жатат. Элмирбек сен го суйлобой ыр менее чыгарып башка ырдай албагандар коз жаш мн чыгарат экен. Сен олбошун ке эле. Ай тагдырын курусун. Жамандар журушот го.
Соонун чыгарма
журогум менен уктум го 😍🎼🎵🎵🎶ушундай ырлар коп жаралса экен Созуно обону жаралган ырлар Азыркы жаш ырчыларыбыз угат болду бекен ушул ырларды
багымдаттан кийин ырларынызды угам укан сайын мээрим алам бир жылуу соз жылдар бойу жашайт
Молодец 👋 кайра кайра уктум ото соонун
@user-us5xx6nc2o
4 жыл бұрын
Эн соонун
Тумонбай аке чыгармачылык ийгилик талантынызга таазим ырларыныздын суйуп угам созу обону аябай бир бирине топ келген 😘💗
Айрым жерлерин абдан созуп ырдай турган ыр экен. Азыр бир нукта ырдалып калыптыр..
Бугун москванын Бир метросунда отуруп алып баралган жокмун деген ырды бассам турсам да угуп журом Кыргызстан да журупда калтырбай укчумун Тумонбай аганын онору оркундой берсин денсоолугу бекем болсун ,уйбулосу менен Аман болсун ар дайым жараткан эгем эмне деген жакшылыктарды жазса баарысы орундалсын.
Кандай гана сонун обон кандай гана сонун ыр саптар эх суйу
Кандай сонун сөздөрдү таап аласыз адамдын жүрөгүн козгоп,обондорунун да жараштырып,негизи эле сонун баардык чыгарманызды укпай эле класс баса берсе болот да, чыгармачылык ийгилик каалайм сизге.
ЫЙЛАП,ЫЙЛАП КАЙРА-КАЙРА УКТУМ....
100 жолу уктум..100 жолу ырахаттандым.100 жолу сезимдер дирилдеди
Кокташтын ырчысы бар болунуз ырларыныз журокко жетет
Агай соонун ыр экен азаматсыз бар болунуз
Керемет обон🔥✅
Же ырдай албай,же суйлой жургондор да бар
аябай жакшы ыр экен мага аябай жакты
Сонун чыгарма болуптур. Элмирбек агама да Обонун жараткан Түмонбай мырза сизге дагы чыгармачыл ийгилик
Соонун чыгыптыр бул ыр Тумонбай Колдошов чыныгы обончу,баалаймын сизди.
Мынча сонун ыр
Эн сонун, уккулукткуу!Бар бол!
Чыгармачылык ийгиликтер болсун. Арышыныз кенен, максатыныз бийик болсун
Талантынызга таазим эн жакшы чыгарма экен Талантыныз мындан да ташкый берсин
Аябай жакшы чыгыртыр😊 Ишинизге ийгилик, дагы коп деген жакшы чыгармаларды кутобуз💞
Журогу менен обон жазган обончу .Ырлары оор , азыркынын классиги .Создорду терип ыр жазган акындардын ырларын текст кылып алат .
Жүрөктөн түнөк табуучу ырлар, сөздөрү да маанилүү, авторго чың ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм. Талантың өркүндөй берсин, дагы ,дагы көптөгөн чыгармаларды жарата бер
Чыгармачылык ийгилик каалайм!
Дагы бир...журокту элжиреткен сонун ыр...сонун обон...азаматсын Тумонбай ..бар бол
Мынча журокко жеткиргенсиз,бар болун.
Ыр абдан мазмундуу экен. Азамат
Аябай кубандым комментариияларды окуп биздикилерде колдоп жасса болот👍🤗 екенго азаматсыздар Алгааа Тумонбай Колдошов 👍👍✊✊
Керемет чыгарма бар бол!!!Талантын ташкындай берсин!!!Элдин колдоосунда бол!!!
Түмөнбай кайсыл ырды кандай ырдаса да мыкты чыгат,сөзу да абдан жакшы
Эн маанилууу ырларды жаратасыз 👍🏼👍🏼👍🏼 кылымдап укса да чарчабайсын
Талантынызга таазим !👏👏👏🌷🌷🌷 Ырларынызды угуп эс алам 🌝🌝