Туболук коштошомун, мени эстеп кайгырбагын

Музыка

СҮЙҮҮ БАГЫ
Сөзү: Медербек Шакир уулунуку
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
2012-жыл, 27-октябрь
Талкалап баарын бүттүң,
Эң назик көңүлдөрдү.
Текебер мүнөзүңө,
Үмүттөр көмүлгөнбү?
Кайырма:
Жүрөктөр сенсиз кагып,
Ыйлады дагы, дагы.
Кол шилтеп кете бердим,
Кош эми сүйүү багы.
Мурдагы жакшы көрүү,
Жашабайт сезимдерде.
Кайрылып келбейм сага,
Көз жашың төгүлгөндө.
Кайырма:
А азыр башка менин,
Жанымдай сүйгөн жарым.
Түбөлүк коштошомун,
Мени эстеп кайгырбагын.
Кайырма:

Пікірлер: 75

  • @user-rb8xf5yg9k
    @user-rb8xf5yg9k4 жыл бұрын

    Эй Аллахым мени суйгон жолдошум менен айрыбай бала берчи 🙏суранам бала жытына зар кылбачы

  • @user-yz8hl9qe4k

    @user-yz8hl9qe4k

    Жыл бұрын

    буйурса балалуу болосуз ❤

  • @user-bb9qd7rp1j

    @user-bb9qd7rp1j

    Жыл бұрын

    Амииин дуба кылам намазымда🤲

  • @zuratologanova4936
    @zuratologanova49363 жыл бұрын

    ар бир жан суйгону менен болсунчу, эркек киши суйсо жетет экен аял киши омур бою арманда журуп отуп кетет окшойбуз😭😭

  • @user-yu6kf4cb5h
    @user-yu6kf4cb5h Жыл бұрын

    Кандай гана суйуу толгон сезимдер камтылган ыр саптары, талантынызга таазим. Чыныгы суйуу ушундай маныздуу ыр саптарында гана туболук жашап калган сыяктуу.

  • @user-xw2wn5lu5k
    @user-xw2wn5lu5k3 жыл бұрын

    Эх, арман дуйно! Жолдошумду эстеп ыйладым, мезгилсиз каза болуп калган менин аскам эле.

  • @user-gi9go9cb6w

    @user-gi9go9cb6w

    2 жыл бұрын

    Кайрат кыл замандашым сабырдын тубу Сары алтын сабырдуу бол мекендешим

  • @anarasaiipbekova7761
    @anarasaiipbekova77614 жыл бұрын

    Ушул ырды эч укпаган экенмин эң бир аялуу кайрыктар, обондун кайрыктары !!!

  • @user-yz5rj6ul6d
    @user-yz5rj6ul6d3 жыл бұрын

    Качанкы сүйүмдү элестетип Ыйладым😢😢😢😢😢😢

  • @madammadalieva1946
    @madammadalieva19463 жыл бұрын

    Ото жогорку денгээлде чыгарылган обон, талантынызга таазим.

  • @sabiraimamalieva6809
    @sabiraimamalieva68093 жыл бұрын

    Текст аябай таасирдүү экен. ... Ал азыр башка менен, жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, мени эстеп кайгырбагын...💔

  • @askmaskm4571
    @askmaskm45713 жыл бұрын

    Талкалап баарын бүттүң, эң назик көңүлдөрдү, сезимдерди..... Жүрөгүм сенсиз калды😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭. Кете турган болсоң неге сүйдүрдүң?

  • @user-bi4gi1kw7q
    @user-bi4gi1kw7q4 жыл бұрын

    Жүрөктү жарып ийдиниз го,кандай сонун саптар обону да төп келген,кечке угуп тажабайм баардык ырыңызды жүктөп алгам, чыгармачылык жолуңуз узаак болсо экен сизден дагы көөп ырларды күтөбүз, ийгилик каалайм.

  • @user-xj8by9zc8e
    @user-xj8by9zc8e4 жыл бұрын

    Кош эми суйуу багы. Корушор бекем дагы. Кош болгун деген менен. Кош дебейт журок каны. Озунсуз отуп жатат. Орттонуп суйуу таны. Кайрылып келсен боло. Кара коз суйгон жаны. Эзилип ырбап барат. Эскирип журок тагы. Улбуроп очуп барат. Умуттун куйгон шамы. Кош болгун кошкун эми. Корушпой калдык окшойт. Жаралуу жан сезимим. Журокто суйуу боздойт. Атында затын жибек. Аллахтан алгам тилеп. Деп журсом кыялданып. Таш капты умут тилек. Ээхх суйуу канчалык татаалсын

  • @user-ox4dt8ku1b

    @user-ox4dt8ku1b

    8 ай бұрын

    🙏🙏🙏🙏🙏

  • @user-me3ot4gu5q
    @user-me3ot4gu5q3 жыл бұрын

    Менин сүйгөн инсаныма жеткире көр Аллахым.Бири бирибизге күйүмдүү мээримдүү кыла көр.

  • @madammadalieva1946
    @madammadalieva19463 жыл бұрын

    Мурдагы жакшы коруу жашабайт сезимдерде,талкалап баарын бутту...журокко жеткен чыгарма,рахмат сизге обондорунуз кайталангыс талант.

  • @user-hl1od5pe2i
    @user-hl1od5pe2i4 жыл бұрын

    Кош деп айткан менен бирок журоктон чыгарып ташташ кыйын экен , эч кимге коштошуу келбесин, суйуп суйдуруп эле жашайлычы...

  • @salamalekum4595
    @salamalekum45954 жыл бұрын

    Кандай күчтүү текст жана обон...

  • @user-us6xu2vo6i
    @user-us6xu2vo6i Жыл бұрын

    Аллахым уй- булоом бекен болсунчу. Жолдошум ичимдеги наристем бирге болуп бактылуу бололу! Эч ким жакшы коргон адамы менен коштошпосун❤

  • @user-pt1vm7zt4q
    @user-pt1vm7zt4q3 жыл бұрын

    Суйдурдум суйо албадым.Мен суйгон тармалчачка бир омур жетеалбадым!

  • @user-yz5rj6ul6d
    @user-yz5rj6ul6d2 жыл бұрын

    Это песня как будто взята из моей жизни

  • @user-qd7oo9st3h
    @user-qd7oo9st3h4 жыл бұрын

    Өте тамаша ән! Қырғыз әнін қатты ұнатамын!❤❤❤💞💞💞💕💕💕💓💓💓

  • @altynchuldum4505

    @altynchuldum4505

    4 жыл бұрын

    Салем менда казак тугандардын жакшы коруп угам тугандыгыбызга коз тийбесин дуйно до жакшы коргон эки улут болсо анын бири казак тугандар😍😍

  • @user-cx1ru3oy3e
    @user-cx1ru3oy3e2 жыл бұрын

    Ырларын журокту ыйлатат иним жаш кезди эстеп кайран жаштык кез барктабапбыз

  • @gulmirahama6976

    @gulmirahama6976

    Жыл бұрын

    Адам озун бардык куракта жаш сезсе болот

  • @RaianaAibekova
    @RaianaAibekova4 ай бұрын

    Журокту мунканткан ыр экен ар бир ырыныздан таасирлуу сезим пайда болот бар болунуз ❤

  • @user-dx4pg6tx1y
    @user-dx4pg6tx1y4 жыл бұрын

    Ээх журокту жаралады бул ыр суйгонумо жетпей калгам жашоодо

  • @syimykimangaziev1803

    @syimykimangaziev1803

    3 жыл бұрын

    Мен дагы

  • @user-nu9ou1ze7n
    @user-nu9ou1ze7n2 жыл бұрын

    Салам алекум ийглик уйбулолук баакыт аман болун омиин омин

  • @zamirjekwenov3116
    @zamirjekwenov31164 жыл бұрын

    Эх суйуу кандай азап суйгондорго

  • @dairagulibraeva8204
    @dairagulibraeva82043 жыл бұрын

    Азаматсыз өмүрүңүздү кудай баталасын үй-бүлөөңүз менен чогуу.

  • @PraimTaim-dq6vn
    @PraimTaim-dq6vn Жыл бұрын

    😢 жүрөктөр сенсиз кагып, кол шилтеп кете бердим. Кош эми... кош... эч качан көрүшпөсбүз... түбөлүк коштоштук 😢

  • @salamalekum4595
    @salamalekum45954 жыл бұрын

    Ырды укканда студенттик күндөрдү эстеп, тамырлар ззырп эте түшөт го. Авторлор азаматсыздар Түмөнбай агай, Медербек

  • @user-xd7kx1ys3b
    @user-xd7kx1ys3b4 жыл бұрын

    Эх сүйүү сүйүү 😥😥😥.Таланттыңызга тазим🤗Алабука эли сиз менен сыймактанабыз .

  • @KurmanbekAmitov
    @KurmanbekAmitov8 ай бұрын

    Ушул музукага мас болуп калдым 😢😢😢💔💔💔💔

  • @user-sr2ih6bb9t
    @user-sr2ih6bb9t2 жыл бұрын

    Кол шилтеп кете берди кош эми суйуу багы анык туура айтылган кайрыктар

  • @user-yy2fz4ft1x
    @user-yy2fz4ft1x4 жыл бұрын

    Ийгилик ишинизге. Узаак жашаныз.

  • @retr405
    @retr4052 жыл бұрын

    Мазмуну аябай терен соонун ыр экен

  • @user-ir3kf9mz5j
    @user-ir3kf9mz5j4 жыл бұрын

    Соонун ыр соонун ун 👍👍👍

  • @user-dx1qw4hj7m
    @user-dx1qw4hj7m3 жыл бұрын

    Чыгармачыл инсан ишинизге ийгилик ден соолукта болгула

  • @user-go6jf9by8u
    @user-go6jf9by8u3 жыл бұрын

    Абдан жакшы ырдаптыр кутобуз даагын

  • @user-bx8up7fd4u
    @user-bx8up7fd4u4 жыл бұрын

    Жакшы аткарыпсыз сонун чыгарма болуптур чыгармачылык ийгилик

  • @user-yu3ow8bl4s
    @user-yu3ow8bl4s5 жыл бұрын

    Мага ырларыныз ото жагат кыргызстанда ен жакшы ырларды биргана сиз ырдайс чыныгы ырчы сиз болосуз мен сизди колдойм сыйлайм

  • @janylaitabyldykyzy7652
    @janylaitabyldykyzy76524 жыл бұрын

    Кандай гана керемет ыр саптары😢😢😢

  • @uzgenuzgen3618
    @uzgenuzgen3618 Жыл бұрын

    Журоктор сенсиз калып,Ыйладым Дагы ,дагы ,эчким олбос болсочу. 😥😥Балдарым менен таштап кете бердинго жаным .Сыздап журом ,ыйлап журом,кыйкырсам да,ыйласам да укпас жайга барып жатып алдын. ...😥😥

  • @user-cs2hq8jn4g
    @user-cs2hq8jn4g3 жыл бұрын

    Ар ким кошулганы менен кошо карысын ылайым керемет ыр.

  • @kimnanaarmi9253
    @kimnanaarmi92534 жыл бұрын

    Чыгармачылык ийгилик

  • @user-be7ep8ih2w
    @user-be7ep8ih2w5 жыл бұрын

    Тагдырым баяндагандай сыягы,.,.,. Турмуштун сыны,жашоонун агымы, ,..,.,

  • @user-cs4mw4be1e

    @user-cs4mw4be1e

    4 жыл бұрын

    Не деген КЕРЕМЕТ ун...

  • @user-cm6vd2cq4h

    @user-cm6vd2cq4h

    4 жыл бұрын

    Кимде болсо жөнөтүп койсунчу 0500754555 сураныч

  • @user-kz2vn3kx8p
    @user-kz2vn3kx8p3 жыл бұрын

    Суйуу жок деп калдым суйуу болгон болсо бирге болмокпуз ......

  • @albinaalmamatova9689

    @albinaalmamatova9689

    3 жыл бұрын

    😳👏👍💔

  • @sabirova3247
    @sabirova324710 ай бұрын

    Турмушта ойдо ылдый болот экен. Суйгонуно жетип кийин мынтип журок муздап конул калуу жаман экен. Андан коро аны ичинден тымызын суйуп жашаган жакшы экен. 😢😢

  • @ffmanastop
    @ffmanastop4 жыл бұрын

    Журоктор сенсиз кагып Ыйлады дагы даагы

  • @narguldadabaeva21
    @narguldadabaeva212 жыл бұрын

    Коштошо албайбыз жүрөктөн кантип очуробуз....болгону турмуштун тартиби бар ошого баш ийип жашап калабыз даа

  • @user-jm6hu2bb4n
    @user-jm6hu2bb4n4 жыл бұрын

    ЭХ 😢😢😢

  • @user-nz9un6cb6u

    @user-nz9un6cb6u

    4 жыл бұрын

    Ыйлабанызчы

  • @user-tg6pl3tr5w

    @user-tg6pl3tr5w

    4 жыл бұрын

    Журоктон чыккан ыр.Кандай гана керемет ун.Эх чиркин жашоо

  • @uulianturanbaeva7498

    @uulianturanbaeva7498

    4 жыл бұрын

    Журоктон орун алган ыр болдуго

  • @user-tq5dn6es9u
    @user-tq5dn6es9u Жыл бұрын

    Аяана 😭

  • @user-bm8qt6fg9h
    @user-bm8qt6fg9h2 жыл бұрын

    Бегимай🌹

  • @marselalatoobekov9388
    @marselalatoobekov93883 жыл бұрын

    Кош - деген кандай оор, Андан Коро олгон артыгыраак го ?

  • @user-du7tu7tl2r
    @user-du7tu7tl2r3 жыл бұрын

    👍👍👍👍👍👏👏👏👏👏

  • @gulnarjeenkulova6542
    @gulnarjeenkulova65424 жыл бұрын

    Укмуш ыр

  • @buruluzakova1153

    @buruluzakova1153

    3 жыл бұрын

    Ээ кудай кошконун менен кошо карыт.

  • @user-ox4dt8ku1b
    @user-ox4dt8ku1b8 ай бұрын

    😢😢😢😥😥 ...............👍👍👍👍🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-sq7gt9lw6t
    @user-sq7gt9lw6t4 жыл бұрын

    👍👍👍👍👍

  • @wotblitz7334
    @wotblitz73344 жыл бұрын

    🥺🥺🥺🥺😥😥😥😥❤💔

  • @user-jl5yl7ze9f
    @user-jl5yl7ze9f3 жыл бұрын

    ❤❤👏👏👏😥😥😥😥😥👍👍👍👍

  • @user-rp9rk1vr1k
    @user-rp9rk1vr1k6 ай бұрын

    🎉🎉🎉🎉👏👏👏👏👏😓

  • @user-db5gy5gf7k
    @user-db5gy5gf7k3 жыл бұрын

    Откон кундорду эстеткен чыармалар эн сонун маныздуу ырларыныз аябай жагат

  • @ejeejejen5012

    @ejeejejen5012

    2 жыл бұрын

    Чыгармачылыгынызга таазим этем агай абдан сонун ырлар .Ырларынызды угуудан тажабайм.

  • @user-yu9ke4su4o
    @user-yu9ke4su4o Жыл бұрын

    Талантына таазим.кайталап угуп атам.омурун узуун болсун.чыгармачылык ийгилик.

  • @user-pn7iz7hz4j
    @user-pn7iz7hz4j4 жыл бұрын

    👍👍👍👍👍

Келесі