ДИЛКУМАР ЖОЛДОШОВА - СЕЛСАЯК БАЛАНЫН АРМАНЫ | ЖАНЫ КЛИП

Музыка

#obodo #ободо #ДилкумарЖолдошова #Селсаякбаланынарманы
Исполнитель: Дилкумар Жолдошова
Текст: Сабыржан Жолдошов
Мелодия: Дилкумар Жолдошова
"Селсаяк баланын арманы"
Айыкпас, бүтпөс жарасы
Аңдыган күн-түн санаасы
Үй жайы болгон жашоого
Үңкүрү, түзү талаасы
Көйгөйүн айтат уккула
Көчөнүн мендей баласы
Бар болчу биздин тамыбыз
Бакчабыз түркүн багыбыз
Балбылдап күйүп коломто
Бактылуу болчук баарыбыз
Бирге элек жашап ынтымак
Билинбей кенен,тарыбыз
Бир үйдө жашап үчөөбүз
Биримдүү эле бүлөөбүз
Эркеси элем үйүмдүн
Наристе аруу күнөөсүз
Укмушту салып шум арак ай
Үйдө жок азыр бирөөбүз
Азаптуу күндөр качырып
Арзанга үй-жай сатылып
Ата-энем үйдүн акчасын
Аракка койду сапырып
Жыл айланбай үй-бүлөө
Таруудай кетти чачылып
Баланы кимдер бакпаган
Баланы кимдер таппаган
Балага жетпей көптөрү
Бала деп зарлап какшаган
Бар тура ичкич ата-эне
Баланын башын аттаган
Арактан атам айдалып
Арактан апам айланып
Араба тарткан атка окшоп
Аракка калды байланып
Бир кезде күйгөн очогу да
Бүт баары күлгө айланып
Түнөймүн кай күн талаада
Түбүндө бактын подвалда
Каңгырап калам кээ күнү
Орун жок жылуу жатаарга
Кыйнадың мынча Кудай деп?
Таарынып кетем сага да
Ышкырат аяз жылаандай
Ыйлаймын өйдө туралбай
Колдорум тоңуп, бут тоңуп
Кыйналам мойнум бура албай
Тирүүлөй өлүк болгончо да
Тим койсом болмок жаралбай
Ачкалык мени желкелеп
Атса таң турам эртелеп
Белендеп койгон тамак жок
Баламын жүрөм темселеп
Күндөрүм окшош коёндой
Кайдагы менде келечек!
Самаймын ыссык көмөчтү
Самаймын жылуу төшөктү
Ашкана жактан жыт искеп
Ач курсак тартат өңгөчтү
Аралап кетем базарды
Апкытын басып көлөштү
Ай-талаа болгон мекени
Адамдын менмин бекери
Ата-энем туруп жетиммин
Аталып ууру,безери
Мончо жок мага бейтааныш
Моюндун кири эки эли
Он бирден өттү курагым
Окууда журоор убагым
Окууда жок үйдө жок
Ортодо тойбой курсагым
Ортосунда бир калгансыйм
Ор менен эски дубалдын
Бербесин менин шорумду
Баласына жылаандын
Таалайым тайгак муз беле
Тагдырым катаал суз беле
Замана гүлдөп жатса да
Зар муңга баттым мынча не
Сыздаткан тапкан баласын
Силердей болбос ата-эне
Уккула ата-энелер
Улуулар ага,женелер
Ууланса бүлөө аракка
Узарат тирүү жетимдер
Көбөйсө мендей селсаяк
Көтөрөт кантип кара жер?
Тартуулап мага азапты
Турмушуң абдан жадатты
Сагалап жүрүп ар жерде
Сындырып бүттүм канатты
Азгырткан ата-энемди
Аракка айтам наалатты!!!
Продюсер : Арсен Мендебаев
Production Studio: CINEMART PRODUCTION
/ @livemarketzone
Режиссер: Мендебаев Арсен
Монтаж: Асакеев Аскар
Оператор: Кулмурзаев Азиз
Цветокоррекция: Бегимкулов Бектен
Дизайн: Абышев Султан
Фотограф: Темирбеков Аман
Лицензия: Obodo Entertainment
Obodo в Соц.Сетях:
FaceBook: / obodomusic
Instagram: / obodomusic
Telegram: t.me/obodomusic
TikTok: / obodomusic
ВКонтакте: obodomusic
Одноклассники: ok.ru/profile/581632237225
OBODO ENTERTAINMENT 2020!
Все права защищены!!!
#Ободо #ДилкумарЖолдошова #Селсаякбаланынарманы
#Obodo #ObodoMusic #ObodoFresh #ОбодоФреш
#ЖаныЫрларОбодо #КыргызчаЫрларОбодо #ЖаныКлиптерОбодо

Пікірлер

    Келесі