"13 жашар баланын арманы" КР эл артисти Орозбек Кутманалиев
Орозбек Кутманалиев 1932жылы 10майда Сокулук р/ну Шалта айылында.1971-ж. КМУнун тарых факультетин бутургон.Эмгек Эллу куурчак театрында болуп баштаган.1965-ж. Филармонияда солист.1969-ж.Радио комитеттинде диктор,режиссёр,1974-ж. баштап «Кыргызфильм» киностудияда «котором»боюнча режиссёр,1971-ж.баштап тасмаларга тартылып баштаган. «Аккулов конгон айдын кол»,»Суйун жанырыгы», «Акт Кеме», «Фудзиямадагы кадыр тун», «Эрик жаздагы турналар», «Туркун тагдырлар «,»Кайран Эл»,»Эл арамында»,»Уркуя «,»Акт илбирстин тукуму»,»Жанылык(Ошибка)» ,»Эмгек синирген артисти»,1992-ж. «Эл артисти»1992-ж. «Салам-Алик «кинофирмасында кнешчи,»Аксакал соттунда»коп жыл кенештерин берип иштеген. 2005-ж. 3-январда коз жумган
Пікірлер: 56
2024 коргондор барбы?азыр Россиядамын балдарымды сагындым
@82-yk6cz
11 күн бұрын
менда россиянын четинде угуп жатам
@user-pu5wc5rd6w
11 күн бұрын
Меназыр коруп атам Россиядан мартта келгем балдарыны сагынсан бул убактылуу нерсе бираз чыда баары жакшы болот кыжаалат болбо
Калган омуру Бейишинен болсун залкар .
Кыргыз Элибиздин залкар комузчусу дастанчы кино актёр Орозбек Кутманалиевдин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Илгерки дастандарды берилген рольдорду ийине жеткире аткарчуу эле ыраматылык. Кобунчосун терс каармандардын жаман орой кишилердин рольдорун аткарчуу эле. Бирок жашоодо озу жакшы киши болгон.
Кайталангыз талант! Жеткирип тогуп салган! Ыйлабаган Жан жок болсо керек! Орозкул байке бейишиниз болсун!!!
👍👍👍Кайран залкар! Эмне деген залкарлар отту. Аллахым бейишинен оорун берсин сизге!🤲
Кандай кана Арман ыры.Козунон озунон озу жаш агат.😢😢🤧🤧👍👍💔💔
Керемет чыгарманы улуу Инсан мыкты аткарыптыр...
Шалталыктарды көрүп кубанычта болуп ыйлап да алдым. Кандай гана таланттуу адамдар өтүп кетишти. Шалта айылы алга, ийгилик каалайбыз.
@samatkusanov7769
Жыл бұрын
Саламатсызбы, сиз залда олтурган кишилерди тааныйсызбы? Бул кайсы жылы кайсы жерде болгон концерттен узунду билбейсизби?
@zinatarbaeva746
11 ай бұрын
Бул акын Какен Алмазбеков дүң чыгармачылыгына арналган "Лира кечеси" 1991-жылы,23-февралда өткөн.Акындын биринчи жана акыркы ТВ на тартылышы.Ал ушул 1991-жылы,сентябрда катуу оорудан кийин каза болгон.Мен карындашы-Арбаева Зинат.
@user-od1bn8hi1x
8 ай бұрын
Алтын ырчылар
Кйран кишлер кыргыстын сыймыгы какен алмасбеков менен оросбек кутмалев ✊👍❤🇰🇬
@user-hb2nt5xo4g
15 күн бұрын
Сен озу кыргызсыңбы,бир сүйлөм тогуз сөзүңдө 12 ката.кайран,кишилер,кыргыздын Какен,Алмазбеков,Орозбек,Кутманалиев
Орозбек Кутманалиев дастан да айткан экен да мен биринчи корушум ойлогом актёр эле болгон го деп бейишин берсин
Кандай залкар адамдар,азыр аз.
Кайран залкарлар! Бейишиңерди берсин! Кечээ эле Какен Алмазбековдун, Орозбек Кутманалиевдин кичи мекени Шалта айылына барып, Какен Алмазбековдун поэзия кечесин өткөрүп келдик. Эли толкундануу менен кабыл алышып, ыраазы болушту. Залкардын арбагы бир козголуп алса керек! Келгенден кеткенче акындын обондуу ырлары жаңырып турду. Шалта орто мектебинде жайгашкан айылдык китепкананын атын Какен Алмазбеков атындагы китепкана-деп, айылдык кеңештин токтому менен бекиттирип, ачылыш жасап кайттык. Кечеге акындардын дөө -шаалары жана мамлекеттик кызматкерлерге чейин барып катышып сөз сүйлөшүп, эмдиги жылкы 90-жылдыгына жакшы даярдыктарды көрүшүп кол кабыш кылып мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө сөз беришти. Эли толкуп, сыймыктанып турду. Залкардын артында эли бар, алар өлбөйт да өчпөйт! Кечени уюштуруп, өткөргөн "Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмеси болду.
Ушул ырды азыркы ажырашкан жаштар тушунуп,маани берип,укса кайра жарашса керек
Мына Дастан уккан сайын уккун келетго чиркин
@user-bs2zk1ep3d
Жыл бұрын
Мен даны ушул ырдагы
Ата, каныңдан бүткөн баламын, Кабыл ал айткан саламым. Көңүлүм канча калса да, Көзүмдөн учуп карааның. Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп, Көп зарлап жолуң карадым. Көргөн бир күнү курсунчу, Ата, тирүүлөй жетим баланын. Туягын тулпар кордойбу, Тууруна туйгун конбойбу? Бөлүнгөн кайта бириксе, Бөксөргөн нерсең толбойбу. Укканың барбы, атаке, Уясын бузган торгойду?! Томуктай ошо макулук, Ата, торгойчо болсоң болбойбу?.. Балалуу көлдүн өрдөгүн, Баласы үчүн өлгөнүн. Бүк түшүп өлгөн бала үчүн, Бүркүттү дагы көргөнмүн. Асырап бала бакпаган, Айбандын бирин көрбөдүм. Жылдыздай жанган балаңды, Ата, жырткычча неге көрбөдүң?! Барчын да канат сабалап, Бала үчүн кылат далалат. Айланып алыс кете албай, Ак куу да бала каралап. Атсаң да болбой, айкырып, Аюу да коргойт мамалак. Атаке, сендей боору таш, Деги адамда кантип жаралат?! Апам чыгарып күчүн жашка эле, Чыдамыш болот жакшы эле. Бир кокуй неме экениң, Билсечи байкуш башта эле. Сендеги сырды ал кезде, Сезбесе керек жаш неме. Убалдан коркуп койбогон, Ата, ушунча бооруң таш беле?! Ар кимден ушак кеп угам, Башка аял алды деп угам. Баарынан бирге ойногон, Балдардан жаман корунам. Тосушса балдар атасын, Томсоруп айла жогунан. Тойпоңдоп чуркап мен деле, Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?! Турмушта болот салтанат, Турса да гүлдөп чар тарап. Ызы-чуу түшүп биздин үй, Мас болуп баарын талкалап. Томкоруп тоону келгенсип, Жатчу элең кээде чалкалап. Анда да байкуш апакем, Сенин айыбыңды турчу калкалап… Боору таш сендей жаралган, Болбостур деги адамдан. Айыгар күнүм бар бекен, Ачышкан жүрөк жарамдан? Убалдан коркпос жанагы, Таш жүрөк немең жаңы алган. Апамдан өйдө көрсөң да, Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан? Ичине түшүп жалындын, Ичигиңди далай жамындым. Сыздатса балдар “жетим” деп, Сынганын айтпа шагымдын. Жоготкон деген атасын, Жогу да менин багымдын. Жыттатып койчу бир келип, Атоу, жытыңды абдан сагындым. Бак-таалай мага мунарык, Баратат улам тунарып. Канчалык бүтөт десем да, Кайгыга кайгым уланып. Кайгынын жетпей түбүнө, Кетти окшойт катым чубалып. Ушунун баарын сен келсең, Ата, унутпайт белек кубанып…
Байкабай атасы жаны отуп кеткен досума коюп бере коюп,,ыйлаттым,, мынча керемет создор,, куюлатго шорулдап)) ар бир созу журокту тилгилеп((
Ото кардуу коргон.адам.менин Ата бол кино каарман. Болгон эсте😢🎉🎉❤❤❤❤
Баарын ойго салган залкар талант Бали...
Орозбек Кутманалиевдин Карагул ботом деген ырын да чыгарсанар,, суранабыз...
@xxi-9379
2 жыл бұрын
Макул аракет кылалы
@user-ni7ey7xl1i
2 жыл бұрын
Кандай Гана керемет адамдар Какен Алмазбеков менен Орозбек Кутманалиев аталарыбыз менен Бут Шалта айылы сыймыктанабыз.Залкар адамдар эч качан олбойт.
@user-st1ex8vf4o
17 күн бұрын
Карагул ботомду угалы.
Абдан мыкты ыр экен журогум ооруп чыкты
🔥🔥👍👍👍
Ырдын автору Орозбек атам турбайбы...кайран залкарым...
Кайран акындар оттунорго дуйнодон сизди жакындан корбой калдым
Атакем менин кайдасын😢
Ушул Эски артистерди коп, коп чыгарып турсанар жакшы болот эле буларды сагындык
👍👍👍
90 жылдар эле,автобуста,кызым 20 тыйын тыпыр берчи деп,бир киши,Ош базардан тушуп калды эле,мага айткан,Какен Алмазбеков дегенди тааныйсынбы деп сураган,он уч жашар баланын арманын мен жазгам деген эле,бирок автор,куураган аракка айланып кеткен экен,бейишин берсин Жаратканым, ырайымына алсын,
Таза талант
❤😢
😢😢😢
Мындай чыган инсан кайра келбейт Аллах бейишин берсин
❤❤❤❤❤❤❤❤
Кайран кишилер бейишин берсин Аллахым
Коруучулордун оюнда ырдын гана мазмунуна баа беруу азырчы кридитти кантип жабам деп жатып эмне жонундо ырдаганын билбейзин а
Курманбек дастанын да айткан аны да чыгаргылачы
Заман отуптурда
Буулугуп ыйлабас журогум ыйлады
💐👍😔
Жүрөгүң тилинип кетет го 😢😢😢
Мына акын жеп ушуну айтат уксан ыйлагын келет
😢😢😢😢атасыз оскондор укса сыздайт го
Мэрес кишинин да козунон жаш чыгат го
Залкар
😢😢😢
👍👍👍👍👍