Үч бизнес ачып АКШда даватка чыктым.

Коногубуз жеке ишкер Исмаил. 10 жылдан бери АКШда жашайт. АКШда жаңы келгенде окуп, тракка чыгып, трейдинг кылып, акырында машина жана трак жууган сервис иштетип келет. Исамаил беш маал намаз окуган жигит. АКШда мусулмандарга кандай мамиле кылганын, кандай шарттар түзүлгөнүн да кенен айтып берди.
Маек абдан кызыктуу болду деп ойлойм. Видеону көрүп, лайк басып, достор менен бөлүшүп колдоп коюңуздарды өтүнөм.
#truck #chicago #muslim #cdl #detailing #акш #америка #мусулманеВсша #АКШдаислам #АКШдамусулманчылык #чикаго #трак #АКШдадават #акшдамечит #АКШмечит

Пікірлер: 251

  • @Renatnomad
    @Renatnomad3 ай бұрын

    ►Присоединяйтесь к нашей команде Modern Nomad. Станьте нашим водителем! t.me/admmodnom

  • @user-dj2zw8cx2r
    @user-dj2zw8cx2r8 ай бұрын

    Батир бала зур екан кыргиз балари зор рахмат курдим маза кып мусулманда нагиз.интимак булин узбек жигитлери билан хам дуст булинг.

  • @user-zb4qi4nz5o
    @user-zb4qi4nz5o8 ай бұрын

    Накта жигит экен ата энеси соонун тарбия бериптир эми кыргызстандагы кыргыздарды элестеткиле

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Буюрса көч бара бара түзөлөт

  • @user-mk6mm5yd5s
    @user-mk6mm5yd5s7 ай бұрын

    Азаматсынар балдар, угуп отуруп аябай чон сабак алдым, угуп эле отургун келет экен, орконунор оссун, мекенден сыртта журуптурсунор, аман эсен болгула, бири биринерден откон билимдуу, акыл эстуу балдар экенсинер.

  • @mustafaisl7797
    @mustafaisl77978 ай бұрын

    Ишине ийгилик укам Ата Энене рахмат Апанар отто акылдуу аял экен апана тазим эки дуйнонун бактлуулугн каалаймын

  • @user-vv9si1mr5u
    @user-vv9si1mr5u8 ай бұрын

    Азаматсыңар жигиттер. Экөөң тең өтө сабаттуу, ыймандуу жигиттер экенсиңер. Силерди угуу өзүнчө эле ырахат тартуулады. Аллах ыраазы болсун.

  • @user-nn2co1pq5i
    @user-nn2co1pq5i8 ай бұрын

    Ата болушунуз менен Ринат! Баланызга Аллах Таалам иман,ден соолук ,берекелуу жашоо берсин. Исмаил мыкты жигит экен апасына кызмат кылат. Аллах ыраазы болсун!

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат. Исмаил сонун жигит

  • @ALAY_KGZ_GRUZ
    @ALAY_KGZ_GRUZ8 ай бұрын

    Орус жетимдерден караганда Американстер жакшы болушат адамгерчиликтүү адамдык сапаты бар

  • @user-zn6wc4zp8g
    @user-zn6wc4zp8g8 ай бұрын

    Сонун 🎉азаматсынар кыргызымдын буркуттору ишинерге ийгилик❤

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат. Силерге да ийгилик

  • @jumabekavazov3637
    @jumabekavazov36378 ай бұрын

    Америка мусулман динине ото жакшы мамиле жасайт экен ошондуктан биздин динди сыйлаган кор болбойт, жакшы маек болуптур жигиттер ишинерге ийгилик оорубагыла

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат.

  • @Youtuberghg

    @Youtuberghg

    8 ай бұрын

    Америка христиан дини болгон менен бирок башка диндерге кысым кылбайт тушунук менен мамиле кылат жана эн негизги эркиндик турат ал эми мусульман олколорундо христиан диндерге кысым жасап кугунтукташат

  • @user-hs1ky7nk2m

    @user-hs1ky7nk2m

    7 ай бұрын

    ​@@KZreadrghgКош стандарттуулук, Америкада балким жакшыдыр бирок тышкы саясатта мусулмандарга зулум болуп жатпайбы?! Израильдин ишенгени Америка, Америка, Англия жок болсо Израиль да болмок эмес. Андан тышкары Ирак, Ливия, Афганистан, Сирия баары азапты тартты го байкуштар Америкадан.

  • @user-ef1wz6xl3q

    @user-ef1wz6xl3q

    7 ай бұрын

    Зато бизде кыргыздар АКШ десе Гей , ЛГБТ деген тушунук каптаган .

  • @user-hs1ky7nk2m

    @user-hs1ky7nk2m

    7 ай бұрын

    @@user-ef1wz6xl3q Эми ал чындык да, эркиндик деп баары эркин көз караштар. Динден тартып гейине чейин. Обу жок нерселер, туура эмес нерселер көп. Бир жолу чат рулеткадан бир эркек бир аял менен таанышып. Аял баласы экөө отурат баласы 15-16 да, апасы 32-34тө. Эркек сурап жатат турмуш курайын дейсизби, аялга эркек керек төшөктө, эрчинишип жүргөндө жана башка үй бүлөлүк муктаждыктарга десе аял баласынын оозунан соруп туруп бизге эч кимдин кереги жок биз и так жакшы жашайбыз десе болобу мен шок болдум😳. Ага чейин эле күмөндүү кучакташып отурган, ошентсе да эне-балаго деп маани бербептирмин. Баласы да апа сени сүйөм деп кайра оозунан соруп. Андыктан абсалюттук эркиндик жакшылыкка алып барбайт деп ойлойм. Мыйзамдан сырткары да жок дегенде аң сезимдин негизинде үй бүлөлүк чек аралар болуш керек деп ойлойм. Демократия деп эле, мыйзам каршы эмес деп эле эшеке окшоп энеси менен кошулбай.

  • @user-yi8wf7tb2f
    @user-yi8wf7tb2f6 ай бұрын

    Ассалому алейкум сонун болду маек дааватынар кабыл болсун даават бул жакшылыка чакыруу жамандыктан кайтаруу да Алла ыраазы болсун

  • @temurtoichiev1590
    @temurtoichiev15908 ай бұрын

    Ассаламу алейкум, жигиттер мен ото ыраазымын силерге! Ушундай акылдуу, ыймандуу жаштарыбыз коп болсун. Кайжерде болбойлу Исламды карманалы! МОСКВАДАН салам алейкум.

  • @user-ii2yt7du1n
    @user-ii2yt7du1n8 ай бұрын

    Азаматсың,ушинтип Кыргызча эле алып барышса өз тилибизди барктап,көбү орусча алып барышат кыжырды кайнатып.ишиңе ийгилик

  • @user-ef1wz6xl3q

    @user-ef1wz6xl3q

    7 ай бұрын

    Сен ондонгон улутчул кур патриотторго сабак болсун АКШда кайсы тилде кааласан суйлосон болот , улуттук кийминди кийсен , комузунду чертсен да болот .Бардык улуттарга бмрдей мамиле , мыйзам бузба , так жаша , изден иште, оку , озундун онугууно мумкунчулук тузгон мамлекет.Россиядагыдай мигранттарга жасаган мамиле жок.

  • @user-ud5se7kt3j
    @user-ud5se7kt3j7 ай бұрын

    Эң туура!Кыргыздардын эң ооруп турган жери.Мамлекет үй бүлөдөн башталат

  • @bekgazymamajunusov8623
    @bekgazymamajunusov86238 ай бұрын

    МАА ШАА АЛЛААХ АЛЛААХЫМ кабыл кылсын дааватыңызды.

  • @user-nw6xg7kh6m
    @user-nw6xg7kh6m8 ай бұрын

    Аллах ыраазы болсун сиздерден,Рахмат Ренат ака абдан жакшы создор болду,кутуп кором сиздерди,туура Кыргыздык салт санаасын,насилин унутпасак,орусташпасак абдан жакшы эле,орустар тарыхта бизге жакшылык кылган эмес,бизге ойноштукту аракты,тамекини,Ата Энеге кол которгонду уйротту,тундук туштук болуп болунгонду уйротту,Кыргыз эли улуу Эл,Кыргыз болгонума сыймыктанам,алыскы Алай жеринен жалындуу ысык салам 👋

  • @SAJ1988
    @SAJ19888 ай бұрын

    Кыргызстанда азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Мечиттерде бардык шарттар түзүлгөн. Жаштардын көпчүлүгү намаз окуйт.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Сонун. Ошондой эле болсун.

  • @zhusupbekmamatkulov7474

    @zhusupbekmamatkulov7474

    8 ай бұрын

    Алла ыраазы болсун, жакшы экен, бирок булитервью берген жигит Америка өкмөтүнүн түзүп берген шартын айтып жатат, Россияга салыштырмалуу, же ошол эле Кыргыз өкмөтүнө салыштырмалуу.

  • @altaielemanov785

    @altaielemanov785

    7 ай бұрын

    Арап болбой таза Кыргыз болсонор боло

  • @user-rj8fn9zj4z

    @user-rj8fn9zj4z

    7 ай бұрын

    АЛЛАХТЫН ЫСЫМЫНЫ ЧОН ТАМГА МЕНЕН ЖАЗГЫЛА БАЛАМ

  • @nurseiitsatarov4230

    @nurseiitsatarov4230

    7 ай бұрын

    ​@@altaielemanov785Кыргыз болобер сен

  • @user-ps3rc1mv9w
    @user-ps3rc1mv9w8 ай бұрын

    Аябай сонун передача болуптур, кайра кайра коруп, кайра кайра уккум келди. Азаматсынар инилерим! Кайсы жерде болбосун алтын башынар аман болсун! Силердин ата эненерге кылган сый мамиленерди, аларга болгон суйуунорду угуп козумо жаш алып ыйлап да алдым. Силердей ата- энени сыйлаган акылдуу, эстуу, ыймандуу балдар коп болсун!!! Кыргызстаныбызды унутпай журогунор ар дайым Кыргызстан деп согуп турганы да ото кубантты. Биз да Москвада эмгектенип журобуз!!! Силердей акылдуу эстуу, билимдуу. кучтуу эр азаматтарыбыз коп болсун ылайым!! Аллахым максатынарга жеткизсин!! Аллахым баарыбызга оз элибизге, оз мекенибизге аман эсен жетишти насип кылсын!!!!!

  • @user-mg3md6zd6c
    @user-mg3md6zd6c7 ай бұрын

    Азаматсынар жигиттер, Аллахым колдосун!!!

  • @user-ju8te1kz1y
    @user-ju8te1kz1y4 күн бұрын

    Ото соонун талкуу болуптур шундай видиолор кобурак тарт Ринат.

  • @user-rc8gi1kr4q
    @user-rc8gi1kr4q7 ай бұрын

    Аллахым ыраазы болсун балдарым өмүрунорго ырыскынарга береке берсин. Ата эненерди ыраазы кылып бейишке киргиле. Менин балам дагы Америкада ал дагы дааватка чыгып жатат . Баарынарга ийгилик каалайм.

  • @user-oz5ow6rc2y
    @user-oz5ow6rc2y8 ай бұрын

    Азаматсынар жигиттер, маегинер бизге, Кыргызстанда жашагандарга ото кызыктуу, пайдалуу болду, ар тараптуу. Америкада журуп кыргызча суйлоп, балдарынарга уйротконунор абдан кубандырат. Кыргызстанда тескерисинче орус мектептер коп, кыргыздын кобу балдарын орус мектепке беришет, кочодо журсон, офис, банктарда, поликлиникада орусча суйлошот. Кантип ушул ситуацияны ондойбуз билбейм… Силердей акыл эстуу жигиттер акыры элинерге келип жакшы баалулуктарды элге тараткыла, жашоо тажрыйбанарды тараткыла. Ишинерге ийгилик!

  • @ainuratentimishova6067
    @ainuratentimishova60678 ай бұрын

    Жакшы сапаттуу маек болуптур. Айткандарына 100% кошулам. Америкадагы жаш балдардын тарбиясы, кыргыз тил маселеси, динге маани бергени.. баардыгы оорду менен👍. Суроолор да жакшы так берилген. Азаматтар. Эне - атасы жакшы тарбия бериптир.

  • @user-xz7qf4eb3h
    @user-xz7qf4eb3h8 ай бұрын

    Соонун маек учун ыраазычылык. Акамды сагынып калыпмын, жанымда отуруп суйлоп бергендей болду ❤.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Эт жебесеңиз да шорпо ичкендей болупсуз да😉

  • @greywolfs8174

    @greywolfs8174

    8 ай бұрын

    @@RenatnomadРено гош жебесенда шорпо ичкендей десен 😂😂😂

  • @user-ed1wd1sm5q
    @user-ed1wd1sm5q8 ай бұрын

    Автор темана койушту билет азыр даават десе тушунбогондорго да кызык, молодцы жакшы Алла ишинерге ийгилик береке берсин.

  • @sardeknishanov9969
    @sardeknishanov99697 ай бұрын

    Американы жамандаган чала молдо фанатиктерге сонун жооп болуптур молодец братан \

  • @kasymsherali2760
    @kasymsherali27608 ай бұрын

    Азаматсынар мына ушундай жигиттер кыргыздын нукурасы десек жарашат ! Кабакты туйуп жарым жартылай спорт менен журуп алып талтайгандарга жооб мисал ушул балдар! Ишинерге ийгилик инилер

  • @user-ir7mc5hw2z
    @user-ir7mc5hw2z8 ай бұрын

    Азаматтар, эн сонун, кызыктуу маек болуптур👍👍👍. Силерди угуп отуруп кадимкидей эс алдым🥰🥰🥰. Коп пайдалуу нерселерди уктум. 1. Апанын батасын алуу. 2. Товарды эмес мамилени сатуу. 3. Каерде болсо дагы амалга бекем болуу. 4. Яманы сагынуу. 5. Тушунуп алыш алардын милдети😂 Айтор бары жакты👍 Алыста жургондордун бардыгы Аллахка аманатсынар. Кудай колдосун 🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Ооба, пайдалуу жана кызыктуу кеңештер берилди 😀

  • @user-vt4ox1ml3d

    @user-vt4ox1ml3d

    8 ай бұрын

    Молодцы жигиттер биздин балдар да силерге окшоп жакшы инсан болсун

  • @user-ve6ms8cx5i
    @user-ve6ms8cx5i8 ай бұрын

    Ушундай чон мамлекетте дааватка жакшы мамиле кылса даават жакшы мээнет экен да.

  • @user-zc4zn7ro6n
    @user-zc4zn7ro6n7 ай бұрын

    Ринат Эльнурадан жакшы блогерлик жумушту уйронуп алыпсын, деги кыйын жигит экенсин това.

  • @ulanaabdykadyrova4266
    @ulanaabdykadyrova42668 ай бұрын

    Азаматсынар , КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ , КАЙДА БОЛБОГУЛА АМАН БОЛГУЛА ❗

  • @mmat701
    @mmat7015 ай бұрын

    Аябай жакшы маэк болуптур! Ишинерге ийгилик жигиттер!

  • @user-lu8ky5oz2r
    @user-lu8ky5oz2r3 ай бұрын

    Эфир соонун болду, Аллахым ыраазы болсун 🎉

  • @aajz6077
    @aajz60778 ай бұрын

    Ассалааму Алайкум! Кутман кеч. Даават эки а тамга менен жазыларын унутуп калыптырсыз жанылып

  • @grinnintosh
    @grinnintosh8 ай бұрын

    Кино көргөндөй көрөм го 😅❤❤❤❤ материал өтө сапаттуу жасалган да😊

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    , рахмат

  • @user-ev6jh8ym6f
    @user-ev6jh8ym6f8 ай бұрын

    Ма шаа Аллах. Аллах жузунорду жер каратпасын. Шермеде кылбасын. Акылынар Акыл кошсун. Ойлогон ой максатарына жеткирсин

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    рахмат 🤲🏻

  • @tovaaseltilekma2773
    @tovaaseltilekma27738 ай бұрын

    Досторум айтышат дин менен америкада эркин жашап жатабыз баардык условия бар деп,хиджаб кийгендер банкта гос жумуштарда иштешет экен

  • @user-ed1wd1sm5q
    @user-ed1wd1sm5q8 ай бұрын

    Кыяматта чанчалык зарачалык ыйманы бар инсан тозоктон чыгарылат.ошондуктан биринчи ыймандын мээнетин алдыга койсок калганы буйруса баары жакшы болот.интерю берген жигиттин создору жандуу экен .

  • @user-uf9wv8up4z
    @user-uf9wv8up4z7 ай бұрын

    Сыймыктанам силердей ыймандуу, бакттылуу кыргыздын жигитери барына

  • @user-hv3fj3ms4u
    @user-hv3fj3ms4u7 ай бұрын

    Ысмайыл ишини ийгилик сенин майегини угуп Америкага коз карашым озгорду.Мен Ырыстан айылынан боломун.

  • @user-yh9oh6fd5h
    @user-yh9oh6fd5h7 ай бұрын

    Азаматсыздар жигиттер Аллах ыраазы болсун сиздерден ! Маэк өтө маанилүү жана маңыздуу,таасирленчү сюжет болуптур.Ачбай таасирлендим амал кылабыз иншаллах.Исмаил жана Ринат ишиңиздерге ийгилик каалайбыз !

  • @user-me4sw8xk1w
    @user-me4sw8xk1w8 ай бұрын

    Сонун маек болду иштеринерге ийгилик .Динге бекем жигит экенсин кудайым өзу колдосун !!!! Ринат бешик боонор бек болсун , өтө кубандым ,кызынар бактылуу , ыймандуу болсун !!!!

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Чоң рахмат 🤲🏻

  • @ErnisEdilov-yx1zm
    @ErnisEdilov-yx1zm8 ай бұрын

    Ринат байке молодец. Соонун выпуск болуптур. Дагы кызыктуу чыгарылыштарды кутобуз.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Буюрса. Чыгарабыз

  • @user-zi8xs3qv9b
    @user-zi8xs3qv9b8 ай бұрын

    Алматыда жашайм уй булоом менен кунт коюп кордук аман болгула ❤

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Чикагодон алматыга салам

  • @smallbusiness4195
    @smallbusiness41958 ай бұрын

    Аябай кызыктуу маек болуптур, дин темасынан башкасы. Бул байкеге ийгилик! Ренат, телефонду азыраак текшерсез во время съемок, очень сильно отвлекает ))

  • @user-ky9cf9nk4c
    @user-ky9cf9nk4c8 ай бұрын

    Молодцы жигиттер! Сонун маек болуптур!

  • @torobekkyrmanbekov5455
    @torobekkyrmanbekov54558 ай бұрын

    Ассалам алейкум азаматсыңар жигиттер.Үйбүлөлүүк бактылуулук жакшы болсо баары жакшы болот. Аллах раазы болсун силерге ээң сонун маек болуптур.

  • @VETLUX
    @VETLUX7 ай бұрын

    Досум азат эле Кыргызстанда жүргөндө эле тың жигит болчу

  • @USKG312
    @USKG3128 ай бұрын

    Негизи суроолор так жана даана берилген👍 кызыктуу маек куруу үчүн алып баруучу ар тараптуу суроолор менен көрктөп ошол адамдын кан- тамырына чейин кирип ичиндеги чыныгы жоопту сууруп чыгуу керек, бул жагынан Ренат мырзага данк!!!

  • @Rysbek-xi6ql
    @Rysbek-xi6ql8 ай бұрын

    Ишиниздерге ийгилик оомад берсин Аллаhым колдосун 🇰🇬

  • @user-rz5cv3ym3k
    @user-rz5cv3ym3k8 ай бұрын

    Аллахым ыраазы болсун. Ишиңе ийгилик

  • @user-xt4gl9iq4k
    @user-xt4gl9iq4k7 ай бұрын

    Машаллах Исмайыл таксыр. Ишинерге ийгиликтер. Аллахым жардамчынар болсун. Жаштардын мумкунчулугу кобойду Исмайыл таксыр.

  • @user-ef1wz6xl3q

    @user-ef1wz6xl3q

    7 ай бұрын

    Ошону менен бирге радикалдашкандар дагы коп.

  • @nurgulkulnazarova2340
    @nurgulkulnazarova23408 ай бұрын

    Сонун маек болуптур.

  • @aslansuranov7005
    @aslansuranov70057 ай бұрын

    Азаматтар!!! Ото маанилуу, пайдалуу сабак алчу пайдалуу маек жасапсынар!!!

  • @KG-io1py
    @KG-io1py8 ай бұрын

    Ото сонун ден соолук ишинерге ийгилик

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат

  • @Lady_Ai998
    @Lady_Ai9988 ай бұрын

    Исмаил мырза абдан билимдүү, адептүү, жашоого, адамдарга болгон көз карашы мыкты, терең ойлонуп, баардык нерсени электен өткөрүп жашаган сонун адам экен. Ушундай кыргыздын чыгаан жигиттери менен тааныштырып жаткан Ренат мырзага да алкыш! Абдан суктандым жана мотивация алдым, кыз катары бизде да мыкты мырзалар бар экенине ынандым, сүйүндум. В свете последних событий в Кыргызстане о мужчине, который поиздевался над своей бывшей супругой, отрезав ей некоторые части тела, была очень подавлена, что у нас мужская половина деградируют. Спасибо вам еще раз за интервью, за крупинку надежды, добра на светлое будущее ❤.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Буюрса кыргыздарда деле жакшы жигиттер арбын. Жакшыларды жамандар басып кетип жатат го деп ойлойм. Ызы чуу бат тарайт го

  • @MehmetTuran-bs1oz
    @MehmetTuran-bs1oz8 ай бұрын

    40.кун.4айга.нийет.кылалы.бул.ишти.омур.боюу.кылам.деп.бекем.нийет.кылалы.иннша.аллах.

  • @user-fj4ul4um7i
    @user-fj4ul4um7i8 ай бұрын

    Ийгилик мекендештер. Аман болгула

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат 🤲

  • @esen1100
    @esen11008 ай бұрын

    Ассаламу алейкум, Ренат байке сизге чоң ыраазычылык, Аллаh сизге ыраазы болсун Ма ша Аллаh 🤲. Динге кызмат кылып жатасыз, негизгиси дин боюнча масштабдуу маселелерди талкуу кылып, болуп жаткан терс көрүнүштөрдү бизге чейин жеткирип жатканыныз үчүн чоң рахмат. Сиз аркылуу Американы жакшы билип калдык😅. Ишиңизге чоң ийгиликтерди каалайм!!! Азаматсыз✊✊✊

  • @esen1100

    @esen1100

    8 ай бұрын

    Аябай кызыктуу талкуу болуптур, кеч кирип кеткенин дагы байкабай калдыңар😅

  • @scorpioantares1049
    @scorpioantares10498 ай бұрын

    ...Ринат, рахмат сага, абдан сонун маек болду, коп нерсе ойлондурду. Кыргыз элимменен сыймыктанам, дагы жаны, бийик ийгиликтерге жеткиле, аман болгула алтындай кыргыз элим💓🇰🇬🌅

  • @SuiunbaiStanbekov
    @SuiunbaiStanbekov8 ай бұрын

    Сонун маек болуптур

  • @user-su8dr2oj7b
    @user-su8dr2oj7b7 ай бұрын

    Азаматсынар,ишинерге ийгилик инилер🤲🤲

  • @user-kj8oq2ln1k
    @user-kj8oq2ln1k7 ай бұрын

    Ракмат ,жигиттер! Жаш болсонор да улуу создорду угуп, акылман создорунуздоррго таазим.

  • @user-je9ng1op4f
    @user-je9ng1op4f8 ай бұрын

    Азаматтар жигитер ,ийгилик баарыыңарга ойлогон максатыңарга жеткиле.Кыргызстанга онугуш үчүн салым кошойлу.

  • @user-ky4fw4wx6i
    @user-ky4fw4wx6i8 ай бұрын

    МашаАллах агайы шарт койуп бергенин угуп аябай кубандым Аллах разы болсун

  • @user-zc4zn7ro6n
    @user-zc4zn7ro6n7 ай бұрын

    Айтор Эльнура да озун да блогерлик алектенуу жашоонордо жакшы тыйын таап, байлык силер учун жашоодогу эн чон максат экени белгилуу, бирок жашоодо байлык деле дайыма бакыт алып келе береби бекен, убакыт корсотот.

  • @user-zi8xs3qv9b
    @user-zi8xs3qv9b8 ай бұрын

    Сонун эфир болуптур ❤❤❤❤

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат

  • @Kutman-cb5kh
    @Kutman-cb5kh8 ай бұрын

    МашаАллаа МашаАллаа со́онун жигиттер булдуйно акырет бактылуу болгула амиин. Биреле жолу кордум кооп жолу коруп ,кооп создорду жаттайтурган маек болуптур МашаАллаа .анан жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтарып ПАЙГАМБАРЫБЫЗ(САВ)дын тарикасында жашап отуш насип кылсын омиин.

  • @user-ng9gm9zv8o
    @user-ng9gm9zv8o7 ай бұрын

    Ассаламу алейкум кыргыз кайсыл жерде болбосун кыргыздыгын, мусульман экендигин унутпаш керек Аллах ыразы болсун ушул жигиттерден биздинда балдарыбыз ушундай такыба, иймандуу илимдуу,б илимдуу, акылдуу ата энесини сыйлаган жигиттерден болуп чонойсун иншааллах

  • @user-er8xg2dk1v
    @user-er8xg2dk1v4 ай бұрын

    Кыргызстанга келгиле.силердей жигиттерге муктаж.кыргыз эли

  • @user-lv4dd4ob2v
    @user-lv4dd4ob2v8 ай бұрын

    молодец жигитер ыймандуу экенсинер

  • @user-pj3mn6lg6j
    @user-pj3mn6lg6j7 ай бұрын

    Экоонорго Тен Алла раазы болсун

  • @user-gd5xy6xq3i
    @user-gd5xy6xq3i8 ай бұрын

    Балдарыбыз аллахтан корккон ыймандуу ынсаптуу акыл эстуу бактылуу болушсун

  • @user-wr6er4lt1f
    @user-wr6er4lt1f8 ай бұрын

    Азамат жигиттер аман болгула.

  • @user-ji6hq6jw9c
    @user-ji6hq6jw9c8 ай бұрын

    Билиминерге, Таазам сонун жагымдуу маек болду!!!

  • @AbdullaAbdulla-it2hq
    @AbdullaAbdulla-it2hq8 ай бұрын

    Баракелде иним ыйманга бай болгун,Ринат сага да иштерине ийгилик иним кадамжайдан салам айтам силерге.

  • @knazarzhanybaev3594
    @knazarzhanybaev35947 ай бұрын

    Лидер болгула жол коргозгон 👍👍👍👍👍🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @user-fs2wc1em1i
    @user-fs2wc1em1i8 ай бұрын

    Жакшы уктук маек соонун Себеби балдарыбыз 1 ай болду Америкага киргендерине .жардам берсен Соонун болмок

  • @user-me4sw8xk1w
    @user-me4sw8xk1w8 ай бұрын

    Ринат сонун жигит!!!! АТАдеген наамга татыктуу болушун менен куттуктаймын .Уй булөөлук бакыт каалайм , кызынар бактылуу болсун

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Чоң рахмат 🤲🏻

  • @MehmetTuran-bs1oz
    @MehmetTuran-bs1oz8 ай бұрын

    Аллахым.амалынарга.ыманынарга.береке.берсин.дават.дунодогу.аллахым.разы.болотурган.ен.жакшы.ишкана.адам.баласыны.ондой.турган.иш.кана.сахабалар.ушул.ишти.кылшты.аллахым.разылына.жетишти.

  • @justmatt8401
    @justmatt84018 ай бұрын

    Сонун, дин жакшы экен ,

  • @justmatt8401
    @justmatt84018 ай бұрын

    Аллах ыраазы болсун,🇰🇬💝✨🙏☀️🌙

  • @user-jo9ed4lb5j
    @user-jo9ed4lb5j8 ай бұрын

    Алла силерден раасы болсун. Омур ырыскынарга береке берсин. Ыйманынар бекем болсун.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    🤲🏻

  • @user-dc5xs3jo5g
    @user-dc5xs3jo5g8 ай бұрын

    Ассаляяму алайкум уа рохматуллоохи уа бароокаатух! Маа Шаа Аллоох. Баарак Аллоох ❤

  • @user-vv9si1mr5u
    @user-vv9si1mr5u8 ай бұрын

    Ренат, Исмаил силердин берүүңөрдү же маектешүүңөрдү Кыргызстанда кайра-кайра көрсөтүү керек.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    , рахмат. Бөлүшүп койгула.

  • @user-vv9si1mr5u

    @user-vv9si1mr5u

    8 ай бұрын

    @@Renatnomad албетте

  • @user-ml1bj4wk7v
    @user-ml1bj4wk7v8 ай бұрын

    Исмаил аке биздин айылдан биринчилерден болуп кеткен эле Америкага, ишинизге ийгилик!

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Сонун балаңар бар

  • @user-fj4ul4um7i
    @user-fj4ul4um7i8 ай бұрын

    Аябай жакшы маек болуптур, коп жакшы нерселерди уйрондум

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат

  • @user-om2dr6vx9n
    @user-om2dr6vx9n8 ай бұрын

    Маек сонун болду угуп рахат алдым

  • @user-ev6jh8ym6f
    @user-ev6jh8ym6f8 ай бұрын

    Ма шаа Аллах Аллах разы болсун. Ринат

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Рахмат

  • @user-lj7yf7un3z
    @user-lj7yf7un3z3 ай бұрын

    Исмаил атыга заты жарашкан бала экен.

  • @user-su8dr2oj7b
    @user-su8dr2oj7b7 ай бұрын

    Сонун маек болуптур👍👍👍 1:22:47

  • @Vesna-no7hj
    @Vesna-no7hj8 ай бұрын

    Даават бар жерден Аллахым балээ которот,даават токтогон Куну балэ тушот,Дуалар кабыл болбойт,душманга каршы Аллахтын жардам тушпойт,аяттын маанисинде айтылган

  • @user-dx5yo8ru5k
    @user-dx5yo8ru5k8 ай бұрын

    Мааша Аллах красавчиктер

  • @islanoskondaev943
    @islanoskondaev9438 ай бұрын

    Ийгилик сага

  • @lionborztiger
    @lionborztiger8 ай бұрын

    МашАллах!!! 👍

  • @SAJ1988
    @SAJ19888 ай бұрын

    Кудай буюрса мен да Америкага турист болуп барып кетем.

  • @Renatnomad

    @Renatnomad

    8 ай бұрын

    Келип кеткиле. Пайдалуу нерселерди көрүп кетесиңер

  • @sabiraanarbaeva4535
    @sabiraanarbaeva45357 ай бұрын

    Мусулмандыгын ото мактанып айтыптыр.

  • @user-fi9bc5gi7h
    @user-fi9bc5gi7h3 ай бұрын

    Азамат 👍👍👍

  • @user-th3jy3pm2k
    @user-th3jy3pm2k7 ай бұрын

    Ихластуу екен братан.

  • @user-sw4cq4gp5i
    @user-sw4cq4gp5i8 ай бұрын

    Азамат сын. Асан. Ноокат

Келесі