Астра гүлү | Зуура Сооронбаева | аудио китеп | 1-бөлүк
Зуура Сооронбаеванын чыгармачылыгы менен мен мектепте окуп жүргөн кезде таанышкам. Анын "Астра гүлү, "Чоочун киши" деген чыгармаларын ошондо эле балалык аң-сезим менен жакшы көрүп калган элем. Ошондон бери эми кайра "Астра гүлүн" дагы бир сыйра окууну туура көрдүм - эч нерсе өзгөрбөптүр! Азыр да кино көргөндөй, болгондо да кызыктуу кино көргөндөй окудум. Сизге да бул сезилеби аудиодон? Угуп көрүңүзчү.
Автор: Зуура Сооронбаева
Окуган: Төрөкул Дооров
Иллюстрация: Алик Мамазияев
Пікірлер: 44
Зуура Сооронбаеванын "Ак чач "аял чыгармасын окуп беринизчи.Ишинизге ийгилик
Зуура Соорнбаеванын чыгармалары абдан соонун
З.Сооронбаева эженин чыгармаларын колдон - колго өткөрүп талашып окучу элек илгери.
Сизге чооң рахмат. Ийгиликтер коштоп жүрсүн🎉
Эн сонун мыкты чыгарма 👍👏🤗🤗Сооронбаева Зуура эженин чыгармаларын жаш кезде окуганмын "Астра гулу ", Жетимдер абдан эн мыкты денгээлде жазылган!!! Чыгарма учун ыракмат жана ыраазычылык билдиремин 🥰
Соонун!!! Күтүп аттым эле, ишиңизге ийгилик! Даагы көп чыгармаларды күтөбүз!
Кудум кино көргөндөй болдум❤ ыраазычылык
Бала кезде окудум эле соонун чыгарма
Чоң рахмат. Зуура Сооронбаеванын чыгармаларын сүйүп укчу эле Сабира эже. Аттиң...
Торокул балам!!! Сенин унун тарыхый чыгармаларды окуганга ото ылайык...
Ура,🎉❤
Сизди күтүп уккандар көп экени кубантат,бар болуңуз Төрөкул мырза❤
Ас Салому Алейкум Төрөкул байке. Сизге чынымды айтсам кантип ыраазычылыгымды жеткирээримди билбейм, сиз чыгарган китептерди чыдамсыздык менен күтөм жана да кайра кайра уккандан эч тажабайм айрыкча чет жерде жүргөнүңдө мындай китептерди жумушта жүрүп уксаң бирде ыйлап бирде күлүп айтор кантип күнүң өткөнүн да байкабай калат экенсиң. Сизге рахмат үнүңүз өчпөй көптөгөн ийгиликтерге жете бериңиз Кудайым күч кубат берсин
Торокул иним бизди угармандарынды унутпаганына Рахмат. Ишине ийгилик
З. Сооронбаев анын ушул чыгармасын дагы сериал кылып тартсаңар абдан жакшы болот эле. Сураныч чыгаргылачы.
Ыраазычылык билдирем Төрөкул мырза калган 2 бөлүгүн күтөбүз чыдамсыздык менен качан болот уландысы
Абдан сонун чыгарма
❤❤❤❤❤❤❤
Керемет окуйсуз, уккум эле келет го чиркин бутпосо экен деп угам. Кээ бир жерлеринде кулуп. Коп коп чыгармаларды окуй бериниз кутуп журуп угам. Ишинизге ийгилик
Зуура Сооронбаеванын чыгармалары жакшы биз мектепте талашып окуучубуз Чоочун киши,Ак чач аял ,Астра гулу жб китептери бар жакшы чыгарма балдар кыздар болуп талашып окуучубуз