АБДИЛАМИТ МАТИСАКОВ: КҮЙӨӨ БАЛА| Ангеме |

Абжали маңдайындагы жүдөмүш күйөө баласын бейтааныштай көрүп, баятан берки жоругуна кайдигер олтурганын сезгенде өзүнө таң калды.
Үсөн бармактайынан ата-энесинен ажырап, мектеп-интернатта чоңойду. Кийин бой тартып, онунчуну бүткөндө шофёрдук курсту бүтүп, айылдагы тагасыныкында жашап иштеп жүргөндө Азизага жолугат. Бышкан жемиш сабагында турабы. Эки жаштын ою бир жерден чыгат. Тойдон кийин: «Агам шаарда. Айылга келер-келбесин айта элек… Апам жалгыз бой. Карып калды. Таянар тоосу мен. Убактылуу болсо да, апам менен бирге туралы. Ага чейин пасылке бөлдүрүп, тамыбыздын каражатын аз-аздан топтой беребиз» деген келинчегинин сөзүнө Үсөн жок дебейт. Мезгил - канаты талбаган куш го… Ошондон бери төрт жыл өтүптүр. Эки наристе төрөлдү. Үсөн:
- Келгениңиз жакшы болду. Апаңызды Пурунзеге алып кетпесеңиз болбойт, - дегенде Абжали таяк менен төбөгө жегендей шалдайды, бирок ал өзүн ачууга жеңдирген жок. Кулагына каттагы апасынын сөзү жаңырды.
Эмгекти баалап, колдоо корсотууну каалагандар учун: Мбанк:990 550 269
ruhesh.kg/ky/dasmiya/1373-mati...
#кыргызча #аудиокитеп #кыргызстан #бишкек #audiobook #жомок #китеп #укмакитеп

Пікірлер: 16

  • @aasalomkalle4718
    @aasalomkalle47188 ай бұрын

    Негизи эне баланын торундо олтурганда Гана барктуу болот, ар Бир энени куйо баланын колуна калтыра корбосун

  • @user-ys8xe9rf6r
    @user-ys8xe9rf6r2 ай бұрын

    Унун соонун экен, окуганын бир жагымдуу карындашым!!

  • @user-nf5jt1qw9w
    @user-nf5jt1qw9w8 ай бұрын

    Чыгарма жашоодогу чындыкты жазыптыр, куйоо балдарга кудайым сабыр инсап берсин, окуган кыз абдан сонун окуйсун, унун бир озгочо алтын кыз, чыгарманы коркуно чыгара окуптур, дагы коп чыгармаларды кутобуз.

  • @user-ii5cz2zh8f
    @user-ii5cz2zh8f3 ай бұрын

    Чооң рахмат.🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹

  • @tophcubai6435
    @tophcubai64358 ай бұрын

    Жүда зор чыгарма экен

  • @user-dj3qq1dx9p
    @user-dj3qq1dx9p7 ай бұрын

    Тескерисинче күйөө баласын кетирип жибербейби, өз үйүнөн өзү кетбей

  • @user-nc1mt5zh1j
    @user-nc1mt5zh1j8 ай бұрын

    Ишиңерге ийгилик дагы да көп көп чыгарма күтөбүз, уккулуктуу окуйт экенсиз👍

  • @daniarorozbaev507
    @daniarorozbaev5078 ай бұрын

    Керемет ун керемет чыгарма

  • @DinaraAsylbekova-dd7rd
    @DinaraAsylbekova-dd7rd8 ай бұрын

    Жакшы окуптурсуз.Бирок наушник мн уга албайт экенсиң музыкасы мн.Музыкасы жок окунузчу.

  • @aasalomkalle4718
    @aasalomkalle47188 ай бұрын

    😢

  • @user-yn3rz1zm7m
    @user-yn3rz1zm7m8 ай бұрын

    Эркектер кайнене -кайната менен чыдабайсыңар, анан келиндерди күнөөлөйсүңөр.Кечке кызмат кылып баш көтөрбөй иш кылса да келин жаман дейсиңер

  • @user-zo1jv7vb4n
    @user-zo1jv7vb4n6 ай бұрын

    Обон салбай эле окуса сонун болмок экен😊

  • @user-tr8yr8qn2q
    @user-tr8yr8qn2q8 ай бұрын

    Мен болгондо оздорун чынарып салат элем тумшукка бирберип

  • @user-rd4jd6so6i
    @user-rd4jd6so6i6 ай бұрын

    Кайниси эмне унчукбай отурду экен, башына чаап кууп чыкбайбы. Куубалап чыкбайбы. Же озу болунуп чыгып кетбеген шомтурук.

  • @FgggfBfbdvv-nf3zl
    @FgggfBfbdvv-nf3zl6 ай бұрын

    Эне оз уйундо экен го Куч күйөө турбайбы

  • @user-rv5jq6et8w
    @user-rv5jq6et8w2 ай бұрын

    Кайын агасы куйоо баласынын айтканын угуп. Олтурбай сазайын берсе болмок

Келесі