ЗУУРА СООРОНБАЕВАнын "ЧООЧУН КИШИ" романы I бөлүм (1-чыгарылыш)

Жазуучу Зуура Сооронбаеванын бул романында адамдардын турмушка болгон көз карашы, адамгерчилик мамилеси, үй-бүлөлүк ынтымакты сактоосу, көркөм тилге болгон кызыгуусу чагылдырылат.
Окуган:
КИПАРИСА СУРАХМАНОВА
Ар бир уктуруу автордук укук менен корголот.
#ЗуураСооронбаева#ЧоочунКиши#КипарисаСурахманова#Роман#ҮйБүлө#Мансур#Кына#Толкунбек#Сады#Тумар#Зыйнат#Эмил#Аккыз#Байбуура#Салтанат#ТөтөпШыңгырама

Пікірлер: 13

  • @user-mn7xd4rh2e
    @user-mn7xd4rh2e2 ай бұрын

    Эмнеге Зуура Сооронбаеванын чыгармасы жазган аягына Бактыгул улаган негизги автордуку озундой улап жазгаг Бактыгулго терен ыраазычылык Зуура эжейдин арбагы колдосун ийгилик жана таазим озундой жазып пикирин бирлей чыгарган чыгармага сага абдан ыраазычылык

  • @user-mn7xd4rh2e
    @user-mn7xd4rh2e2 ай бұрын

    Китептин сыртындагы сурот Ьолкунбекти аткрганактердун озуго

  • @user-yq3lg2xt2u
    @user-yq3lg2xt2u4 ай бұрын

    Зуура Сооронбаеванын китептерин издеп жүрүп окуйт элек атам экөөбүз. Унутпасам 1988жылы китеп болуп чыккан. Биздин шаарда жалгыз эле китеп магазин бар болчу. Китеп түшөр менен сатылып кетиптир.89-жылы февраль айында Фрунзеге иштеген жеримен 21күнгө окууга жөнөтүштү. Үйгө кайтарымда Москва районунун Петровка айылында жашаган сиңдимкине барып келатып долдун бойундагы китеп дүкөнгө кире калсам китеби текчеде тизилип турат. Сүйүнгөнүмү айтпа.3сом экен. Сатып алдымда автобуска отуруп Фрунзеге жеткенче окуп бардым. Ал китепти кимдергана сурап алып окушбады.

  • @user-mn7xd4rh2e

    @user-mn7xd4rh2e

    2 ай бұрын

    Негизи Зуура Сооронбаеванын китептери аябай сонун мен окуп ыйлагандын студент кезимде Ас стра гүлү деген китеби абдан сонун жазылган дагы мен берилип окуган китептер Ч Айтматовдун Төлөгөн Касымбеков Чолпон Абыкеевдин китептери жеткирилет так Дана окуп жатып ичине кирип кетесиң каттуу баалаймын

  • @user-rj4sq8ci4r
    @user-rj4sq8ci4r3 ай бұрын

    Жок бул зуура Эженики кийинкисин бактыгул клапан жазган

  • @user-wc4mq3jk2v
    @user-wc4mq3jk2v4 ай бұрын

    Бул Зуура Сооронбаеванын китеби эмеско бул ошо китептин уландысы Бактыгул Сейитбекованын китеби го мен де бар элди алдабай окусаныз жакшы болмок орозо куну эжеке сураныч

  • @kiparizasurahmanova4865

    @kiparizasurahmanova4865

    4 ай бұрын

    Орозонун улуу күнү уруштун уусун чачып, жалаа жапкан адам Кудайдын таразасында өзү салмактанат. Чыгарма жазуучу Зуура Сооронбаеваныкы. Ар бир үтүр, ар бир сөзүн экспертизага салсаңыз да?! Ал эми китептин мукабасы менде өтө эски болгондуктан, Чоочун киши деп интернеттен алып сүрөтүн жасадым. Сиздин айтууңуз боюнча чыгарманын сөздөрү дал ушундай жазылган экинчи автордун китеби бар болсо жүктөп көрсөңүз. Көзү өткөн автордун чыгармасын уурдагандар ичин (сөздөрүн) өзгөртпөй, сыртын башкача кылып менчиктеп чыгарышыптырбы?

  • @aliya19545

    @aliya19545

    4 ай бұрын

    Э​@@kiparizasurahmanova4865

  • @nura.nura.

    @nura.nura.

    4 ай бұрын

    Зуура Сооронбаеванын чыгармасы.2-китеби бар.Ошону аайтышат го аманат кылып бир жазуучу аялга калтырып кеткен деп.Уландысын чыгар деп.2-китеп мүмкүн ошол Бактыгүл деген аялдыкыдыр.

  • @user-wc4mq3jk2v

    @user-wc4mq3jk2v

    4 ай бұрын

    Эжеке сизге ийгилик болгону билгенимди айтып койсом мен Зуура Сооронбаеванын китебин окуп буттум анан уландысы бар деп угуп Мен озум москвада жашайм кыргызстандан заказ кылып уландысын алдырдым аа жаны китеп 2018 жылы чыккан Бактыгул Сейитбекованын китеби Чоочун киши китебинин уландысы автор акыркы кундору уландысын жаза албай калышын билип шакирти Бактыгул эжеге керээз кылып калтырып кеткен ал улул мукабада чыккан элдер азыр ушул мукабадагы китептерди издеп журушот ошондуктан мен мукабасын коруп аа жаны китепти окуп чыгыптыр деп суйунуп уксам ичи берки китеп экен ошол эле эжеке сизге болгону мукабасын алмаштырып берип коюшканго

  • @user-zs4eo8hs3l

    @user-zs4eo8hs3l

    3 ай бұрын

    Бул Зуура Сооронбаеванын китеби башкага тануулаганга болбойт

Келесі