Замирбек Парманкуловдун сөзүнө көңүл буруңуздар: "Сетунь" станок сериясынан...

Коомдук ишмер, ишкер Замирбек Парманкулов стратегиялык багыттагы "Сетунь" заводун өзүнүн жана бир туугандарынын каражаты менен расмий түрдө банктан (мамлекеттен) сатып алып, бир топ жыл ийгиликтүү иштеткен. Жакындарынын айтымында, ал оокат чогултпай станок чогултуп, ишкерлерге керектүү тетиктерди чыгарып жатышканда, кайдагы бир уюшкан топ келип заводду басып алып, убагында СССР учурунда
космос кораблдерине чейин тетиктер чыккан, кийин чакан ишкерчиликти колдоо максатта ар кандай керектүү станокторду чыгарган заводду талкалашкан... Станоктор да тонолгон...
Эми жок дегенде технологияны сактап, чакан өндүрүштөргө арналган машиналарды чыгара берүүнү үзбөй кетиш керектигин баса белгилеген Замирбек мырза станок сериясын тааныштырууну баштады. Аны күнүгө түшүндүрүп, айтып бермекчи... Анда эмесе, кыргыз элим, жакшылап угуп, колдон келсе колдойлу!

Пікірлер: 1

  • @TV-rz9fh
    @TV-rz9fh4 ай бұрын

    Ийгилик!

Келесі