Ысык-Көлгө инвестиция тартууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

30/05/2024
Жогорку Кеңештин жыйынында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору кызуу талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды.
Талкууда мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Эльмурза Сатыбалдиев кенен түшүндүрмө берип, айрым эл өкүлдөрүнүн суроолоруна конкреттүү жооп берди.
Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттерге менчик укугун жана пайдаланууга берүү менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда, алар “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана бүтүндөй «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасынын олуттуу өнүгүшүнө шарт түзүлѳт.

Пікірлер

    Келесі