Урматтуу кардарлар,Акыркы учурда телефон аркылуу алдагандар көбөйдү. Сак болуңуздар!

Алдамчылар банктын кызматкери катары телефонго чалып, сиздин маалыматтарыңызды сурап, насыя же акча сунушташы мүмкүн.
Эскертебиз, банк кызматкери эч качан сиздин MBANK’тын сыр сөзүн, карта номурун, CVV-код жана телефонуңузга билдирүү аркылуу келген коддорду сурабайт. Банк кызматкери башка эсепке которуп туруу шарты менен эч качан насыя алууну сунуштабайт.
Эсиңизде болсун!
• PIN-кодду, CVV-кодду жана бир жолу келүүчү коддорду эч кимге бербеңиз. Бул маалыматтарды жада калса Банк кызматкерине да айтпаңыз
•Телефонго билдирүү аркылуу келген шектүү шилтемелерди баспаңыз
•Телефон чалуу учурунда экрандын демонстрациясын күйгүзбөңүз
Төмөндөгү видеону көрүп, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугун сактаңыз!
Банк менен расмий каналдар аркылуу гана байланышыңыз: сайт mbank.kg/, социалдык тармактар @mbankkgz жана байланыш борбору 3333 (Кыргызстандын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Пікірлер

    Келесі