Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
Музыка
Премьера песни
Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/boloyoun
Follow Toktobek Asanaliev:
toktobek_asanal...
profile.php?...
Болоюн сенин Боогачың
Сөзү: Акбар Рыскулов
Обону: Калмурат Рыскулов
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыстан арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздотсоң кантем түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Пікірлер: 14
Үнүңүзгө береке Токтобек мырза. Ак-Муздан салам.
💥💫💥💫
Токтобек аке сонун ырдагансыз,кыргыздын чыныгы булбулу 👍
Азаматсың доке чыгармачылык ийгилик!
Кайра кайра уксам да.тажабайм.го атаганат
Ассалому алейкум мен озум колдон болом бирок ушул ырды уканда Ак-Сай Торугарт эске тушот бул ырдын омур байанын билем деп ойлойм мага Ат-башылык дос баке бир туугандар айтышы бойунча
Байке мыкты ырдай экен 🤝💪🇰🇬
ӨРКҮНҮҢ ӨССҮН.АЗАМАТ КЕЛЕЧЕГИҢ АЛДЫДА. БИРОК БИР СУНУШ КОЛУҢДАН СӨӨМӨЙҮҢДҮ СУНУП АСМАНДЫ КӨРСӨТПӨӨГӨ АРАКЕТ КЫЛУУ КЕРЕК.
Сонун уну таза экен
Браво 👍👍👍
Баракелди байке ийгилик калайм
Сонун
Унунузго береке
Унуно береке!Азамат!!!