Эрнис Турсунов. "Ак көпөлөк" | Аудио китеп
Эрнис Турсунов. "Ак #көпөлөк"
Акын, прозаик, драматург жана белгилүү котормочу Турсунов Эрнис Нурдинович 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Нурдин Серкебаев Кыргызмамбастын директору болуп кызмат аткарып, ошол кездеги китепке суусап турган кыргыз элине алгачкы китептерди, окуу китептерди чыгаруунун үстүндө иштеген. 1938-жылдагы кандуу репрессия Нурдин Серкебаевди да жөн койгон эмес, ал жалган жалаага кабылып, 28 жаш курагында атууга кетет. Анын сөөгү кийин Ата-Бейиттен табылган. Эрнистин экинчи атасы Кененбай Турсунов партиянын Ысык-Көл обкомунун бөлүм башчысы, Ысык-Көл, Тоң, Тогуз-Торо райкомдорунун биринчи катчысы кызматтарында иштейт. Өз атасынан жаш калган Эрнисти экинчи атасы жана энеси Сабира Телтаева-Турсунова жогорку билимдүү адамдар болгондуктан,уулуна жакшы тарбия беришип, анын илим-билим алышына камкордук кылышкан. Эрнис Турсуновдун акындык шыгы эрте ойгонуп, адабият дүйнөсү менен жашынан таанышып, зээндүү өсөт. Ал эң алгачкы чыгармасын он эки жашында жазат. 1948-жылы анын "Ак-Сууга саякат" деген чакан аңгемеси, "Тынчтык үчүн" деген биринчи ыры 1950-жылы чыккан. Студенттик кезде жазган "Гүл" деген ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. "Достук сыры" прозалар жыйнагы 1957-жылы жарык көргөн. Эрнис Турсунов Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университетти бүтүрөт. Ал окуусун бүтүргөндөн тартып маданият, искусство жаатындагы кызматтарда иштейт. Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орун басары, Кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Тажикстан жана Кыргызстан мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, "Мектеп" басмасында улук редактор, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, кыргыз телерадиокомитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы кызматтарын аткарып келген. Эрнис Турсунов акын жана прозаик гана болбостон драма жанрында да абдан ийгиликтүү жана жигердүү иштеди. Анын калеминен чыккан "Айчырайлуу кыздар", "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр", аттуу драмалык чыгармалар жазылып жана театрдын репертуарына зор салым кошуп келди. Анын "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагун", аттуу опералык либреттолоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка жазышкан, анын обондуу ырлары да арбын болгондуктан ушу аталган композиторлор анын ырларына обон да жазышканы белгилүү.
#Эрнис Турсунов абдан таланттуу жана ошонусуна карата өтө талыкпай көп изденип, көп окуган инсан. Анын чыгармаларын окуган окурман Турсуновдун стилиндеги чилистендик жагдайды дароо эле байкайт. Анын ар тараптуу билимге ынтызарлыгы жана куйма кулактыгы өзгөчө котормо адабияттарынан көрүнүп турат.Чындыгында да Эрнис Турсунов эч нерседен тартынбаган, эгер кези келсе тилинен да колунан да келе турган көйкашкалыгы бар адам эле. Анан ошого жараша кажыбас кайраттуулугу, майтарылбас күчтүү эрки жана шер мүнөзү менен айырмаланып туруучу. Аны менен ар ким эле тил табышып, көзүнө тик багып карап, теңата болуп кете алчу эмес. Ошондой мүнөзүнө карабай абдан сезимтал жана боорукерлиги байкалып турса да, кырс мүнөздүү, чукул кыялдуу бирок да абдан назик, сулуу, мыкты сапаттарга өтө изгилик менен мамиле кылып, андай сапаттарга же чыгармаларда кезиккен таамай саптарды, таасын образдарды, ошондой мүнөздүү чыгармачылыкка өткөрө баа берип баалай биле турган, калыстыгы да бар болучу.
(Адабиятчы-илимпоз, котормочу Рахима Сыдыкованын макаласынан үзүндү. Аны толугу менен мына бул жерден окусаңыз болот; adabiyat.kg/ernis-tursunov-ky... )
Пікірлер: 25
Ыбрайдын өмүр бою жалгыз калганы өкүнүчтүү. А сизге Алла ыраазы болсун.мыкты окуйсуз
Эрнис Турсуновдун айылдашы,замадашы,теңтушу Жолдошбай Абдыкалыковдун да поэма,аңгемелеринен үндөштүрүңүзчү.Өтүнүч...
Сонун чыгарма коркомдоп коркуно чыгара окуган 👍👍👍👍
Өтө өкүнүчтүү экен көзүмө жаш тегеренди 😢
Керемет чыгарманы керемет окуганыңызга терең ыраазычылык! Ийгилик каалайбыз!
Рахмат сизге
😢😢😢 👍👍👍👍🙏🙏
Керемет!!!
Апееей кантип бири бирине жолукпай бүтүп калат 😢
@DoorovT
Жыл бұрын
:))
👍👍👍
Ыйлагым келип кетти. Коштошуп кетпейт беле. Же чыгарма буто элекпи?
@DoorovT
Жыл бұрын
Толук чыгарма ушул.(
Баракелде уланта беринис
@DoorovT
Жыл бұрын
Рахмат🙏
Ушул жерден бутобу кызык жеринде бутуп калдыго же экинчиси барбы
@DoorovT
Жыл бұрын
Ошондой экен)
Жулундорун бошоп шолоктоп жибердим эркек башым менен. 😢. Уялганынан кетип калдыбы Магданела?
@DoorovT
11 ай бұрын
Рахмат пикириңиз үчүн!🙏
Евгений Онегинди жазып эмгиче Пушкиндин чачы кара * Евгений Онегинди котором деп ээ кокуй Эрнис Турсундун чачы кана***** Апсалам Абдрахманов
@DoorovT
11 ай бұрын
Рахмат! Ошол «Евгений Онегиндин» Эрнис Турсунов которгон вариантын таппай койдум. Интернетте барбы?
@user-vf3pd2jp4l
11 ай бұрын
@@DoorovT Бишкек центральный нац библиотекадан сураш керек ' интернетте жок болуш керек
Биянас Сартовдун Мамыры гулдогон маалда эчким окуп берейин жатат .кутобуз
@user-kh8op1ey9s
Жыл бұрын
Биянас эмес Беганас эле го
@user-wn1yz4bl5j
Жыл бұрын
Беганас Сартов ,биринчи фантастикалык чыгарма жазган .Жумгалдын Кызарт айлынан.