Эрлан Андашев - Ойлон (Кыргыз спорт тарыхы)
Музыка
«Ойлон»
Сөзү; Акбар Кубанычбеков
Обону; Эрлан Андашев
Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.
Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
Багыттан алга деген чарчабагын.
Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
Кыялды, максатыңды таштабагын.
Кайырма:
Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
Элиңдин келечегин ойлонуп.
Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
Калың журт колдоп турат баары тең!!!
Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.
Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
Тайманбай алдыда бар улуу сапар
Баралы келечекке бизди күткөн.
Эр Манастын урпагы,
Эч доордон бул жагы.
Кырчылдашкан майданды,
Жеңип өтүп сынбады.
А азырчы не болду?
Улууларын укпады.
Көрүнгөндү сындады,
Минте берсе кандай болот бул жагы...
Все права защищены
Copyright © Эрлан Андашев
Пікірлер: 189
Раатбек Санатбаев учун лайк мыкты жигит болчу🇰🇬🇰🇬❤❤
@klanariviz8812
Ай бұрын
Раатбек менен Жд вокзалда жоолугуп учурашкамын бизге иш таап берген 1999 жылдары , Поездге товар ташыган балдардын устунон карачуубуз алардан алган акчага питания квартплат тренировкага жетет эле , Восток 5 теги Фок деген залга коп барар элек Алмаз деген брат тренер болчу, Эх менин жаштыгым Кайра келбейт эми.
@TURAN189
Ай бұрын
Ова мыктыны мыкты деш керек☝
@user-tf1dr1cz6c
10 күн бұрын
Кыргыздын намысын коргой бергиле кыргыз алга жаш спортчулар алга желек силердики силерге ишенебиз
Денедеги Канады дуркуроткон ыр Аллах ыразы болсун Эрлан мырза патриоттук сезимди кайнататго чиркин, соз жок
Кыргыз бауырлар тек алга! Батыр халык уландары тек алга!
2024 спорт жылы Духту которчу Чыгармаларды Чыгарып жатканынарга Ырахмат 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Баардыгыңыздардын колдооңуздарга чоон рахмат)) Биздин спортчуларга дагы баардык ийгиликтерди каалайбыз.
@zari578
Ай бұрын
Жаш муундарды спортко ундогон мыкты клип болуптур,браво 👏👏👏👏👏
@user-mz7bo9re1x
Ай бұрын
Ассолому алейкум эрлан мыкты чыгарма патриот жигиттер ге арналат экенго ийгилик алга Москвадан салам!
@user-ug1yi4fr6r
Ай бұрын
Кыргызстан боюнча биринчи местада турсан керек азыр
@user-rp7qc1ij6i
Ай бұрын
🎉🎉🎉🎉😢😢🫀🫀🫀🥳🥳🥳
@atillalexus9141
Ай бұрын
Эрлан мырза Парижде болчуу ойундарга арнап патриоттук бир ыр жазынызчы. Кыргыз элим ырдап турсун
АЛГА КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬 💪🏻 КЫРГЫЗСТАН СПОРТМЕНДЕРИНЕ ТЕК ГАНА ЖЕНИШ ЖАНА ИЙГИЛИК КААЛАЙМ 💪💪💪💪
Чыгармачылык оркундой берсин Эрлан Андашев байке ❤❤❤❤
Кыргыз болгонума сыймыктанам ❤️🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Азаматсын Эрлан иним! Иштеринде ийгиликтер болсун! Жаштардын патриоттук сезимдерин ойготупсун.
Нукура Кыргыз кыз жигиттерине дух бере турган ыр клип болуптур Эрлан, Алга Кыргызстан алгаа Кыргыз элим 🔥🇰🇬🔥🇰🇬🔥🇰🇬🔥🇰🇬🔥⚡🔥🔥
Узбекистан дан салам ❤❤❤❤❤ удачи вам
Эрлан,азаматсын!!!Патриоттук сезимди которгон чыгармаларды кутуп калабыз!!!
Кыргызстан Алга ❤❤❤❤❤
Номер один, Эрлан Андашев
Аззамат,мин бир мактоолор болсун,,😗✊✊✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Эн мыкты чыгармалардан болот деп ишенем😍😍😍
Кыргыздын патриоттук ырлары азамат Эрлан Андашев!!! Чыгармачылык ийгилик.
Эрлан азаматсын иним. Мен ар дайым ушул ыр менен кросс кылам.👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Талантына таазим иним💪💪💪👍👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬
КЫРГЫЗСТАН АЛГА🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️❤️
Тата Улан менен Дуэт Күтөбүз. Эрлан 🇰🇬✊🏻
Красавчик балам бравоо 👍👍👍
Ооойбойй козумдон жаш акты коруп, кубанычтын коз жашы бул😊.Баламды сиздердин катарыныздарда коргум келет эээ АЛЛАХ ниетиме озун жеткир
Азаматсын Эрлан!!! Өнөрүң өркүндөй берсин!!!
Даяр клип болуптур Азамат Кыргыз бири биринди колдоп Бир асабанын тубундо биригип ынтымакта жашайлы🎉
Эрлан ийгилик клип сонун чыкты,эл жана дүйнө жүзүн дүнгүрөткөн инсан бол,
Кыргызстандын баардык спортчуларына коп коп ийгиликтерди кааалайбыз💐 Кыргызстаным Алга!
Маа шаа Аллах,Алга Кыргызстаным!!!🇰🇬👍
Руслан Абасов Жамбулат Амантаев Ален Офойе 💪 можно продолжать бесконечно, Тахир Гафуровдун каналында Кыргызстандын спорт жылдыздары
Мыктыбек Мамасалиев Ак-Аю да кошуш керек болчу.
@saparabdyrasulov2337
21 күн бұрын
Ал спортсмен эмес бандит
Бул ырды уксам чемпион болбосомда духту мин процент кошуп алам озумду арстан сезип. Эркекче. ЭРЛАН АНДАШЕВ ЫРЧЫБЫЗГА ЧОН РАХМАТ ХИТМЕН БАЙКЕ БАШКА ЫРЧЫЛАР УКТАДЫ СИЗДЕН КИЙИН. ДУЙНОГО КОТОРУЛУН АМИНЬ.😳✊️🤲🤲🤲
Алга Кыргызстаным💪💪💪🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Биздин эр азаматтар! Алга Кыргызстан!!!
Мен сыйлаган ырчы
👏👏👏👏👏👏👏💐💐💐💐🥇🥇🥇🥇🥇👍👍👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 кудай буюрса олимпиада да алтын утуп келишсин балбандарыбыз.🤲🤲🤲🤲🤲
Алга Кыргызстан биздин ийгилик спортсмен Дер Аллах таалам омурунуздорду Узун кылсын
Мааниси терең, клип мыкты. Эрлан Андашев🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍
Эрлан молодец денени титирететко бул ырын молодец патриоттор кобойсун.
Кыргызстан алга! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤❤❤☝🏻☝🏻☝🏻
Биздин эр-жүрөк баатыр уул,кыздарыбыз 👍👍👍👍👍💪💪💪💪💪🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Унун, ырларын сонун🔥👍Унуно бере, чыгарган мааниси бар ырларына рахмат👏🤲🙏💐🌟🫶!!!
Ырды укканда башкача болуп атам Кыргызстан алгаааааааааа🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Соз жок Кудайым буйрса Менин баламда сиздердей чемпион болушун Аллахым насип кылсын
Биздин спортчулар буйруса быйыл олимпиада оюундарын да дуйнону дуркуротот деп ишенем
Баракелде
Намысты козгогон ыр экен чыгармачылык ийгилик каалайм аман бол.
Алгы Кыргызстан!!!
Алга Кыргызстан 🇰🇬❤👊
Аллахым менен да баламын ушул Чемпион дордун каттарына кошсун😊
Мош вапше мощь ыр чыгыптыр.
Алга Кыргызстан Рахмат
Алга Кыргызстан.
Алга Кыргызстан 🇰🇬💐❤️🤲🏻
WOW🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥
Беш жолу көрдүм кайра кайра кайталап. Алга Кыргызстан))))
Ур токмок спорт эмес.Жоламан красавчик.
Козумо жаш алып кордум,аябай сонун чыгыптыр клип а ырга болсо вообще соз жок🔥🔥🔥🔥🔥🔥
Создание 🎉
Кыргыз болуп туулганыма мин мертебе ыраазымын АЛЛАХыма ❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Эн сонун клип💯
Керемет Алга Кыргызстан❤❤❤❤❤!
Козумдон жаш чыгып кетти коруп олтуруп
Басызбек Баратов 🔥
Кыргызымдан айланайын Алга 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💪💪💪💪
Кадрлар чындыгында тарыхта кала Турган коз ирмемдер.Алга Кыргызстан ❤❤❤
Кыргызстан алга
Дух бере турган музыка болуптур
Көк бөрү ойногон жигиттерди да кадрга кошуп койсоңор жакшы болмок экен
@user-dm5kr2yp9k
Ай бұрын
Көк бөрүнү,бок бөрү кылдыңар,болбойт көк бөрү,биздин эл көк бөрүнү жок кылыш керек,эң.жаман,жапайылардын оюну,ойндан от,осурактан бок чыгат деген ,так ушу көк бөрү, бир да мамлекет ,салттуу,олимпиядалык,эмес жок дегенде спартакиядалык оюнга киргизишейт,анткени жиндилердин оюну.улутта арасында, региондор арасында канчалаган эл арысында чыңалуулар пайда болуп жатат,Казак менен Кыргызды ойногон сайын душман кылып келет,Ош менен Талас,кетпес кекке айланып баратат,себеби бул оюндун фанаттары ,көбүнчө зөөкүрлөр,он миңдеген зөөкүрлөр колдогон командалары утулуп калса,бири бирин кырганга даяр турушат.бир эле жалданган правокатр баштап койсунчу, жапайы жырткычтай бири бирин кырып киришет.
Ассалому алейкум Кыргыз элим! Буюрса баары жакшы болот. Баардык тараптан онуккон, кучтуу олко курабыз. Духтан тушпогуло ✊🇰🇬
Алга🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💪💪💪💪✊️✊️✊️✊️❤❤❤
❤❤ Марсельди Рустам Тыналиевти кошуп койгулачы 🎉🎉🎉
Красавчик Эрлан братан
❤❤❤Кыргызстан❤❤❤
❤❤❤ Эрлан высший уровень🎉🎉🎉❤❤❤
Чоон рахмат🎉
Мыкты 👍
Улукманапо - Ак кула !!! Кыргызча версиясы !!!
МаашаАллах
Денени дуркуроткон видео болуптур мощь
Айланайын кыргызымдын чыгаан инсандары-ийгилигинерди Аллахым озу колдосун!!!
Асаламу алейкум Кыргыз элим неге ушундай видеолор аз лайк алат милиондорду алыш керек эле
Кутобуз
Молодец красавчик брат калгандардан да кутобуз
Алгааа Кыргызымдын буркуттору, келечек учун…
Ото кооз красавчик
Сонун
Кыргызстан 🇰🇬 алга Олимпийский чемпиондорубуз
Арасына комуз кошулса мощ болуп кетмек экен
патриоттор Алга!!!!! 🤝
Надырбек уулу Улан 💪
Өтө сонун азаматсын Эрлан мекенчилдик сезимдерди ойготуң
БУЛ ЭСКИ ЫРГО
Молодец Кыргызстандын данкын далайга чыгарган уул кыздары патоттук сезимди чыгарманар менен чагылдырасын сыймыктанабыз бар бол
Молодец Эрлан соонун чыгарма болуптур биздин спортчуларыбызга , биздин коптон бери бийликте олтурган чиновниктерге дагы чыгарма чыгары намыз жонундо
Раатбек Санатбаев 😢
Кыргыз кыргыз деген ким өзү Айбаты курч ташты жарат мүнөзү Жүрөгүндө жанып турган оту бар Кыргыз эли-чагылгандын бир өзү. Майдаланбай улуу жолду баштаган, Душман кирсе дайра болуп каптаган Өлүмдөн да бийик койгон намысты, Кыргызмын деп дүйнө элине мактанам. Мен кыргызмын кыргыз деген жаным бар, Көкүрөктө намысым бар,арым бар. Алп Манастын учкунунан тутанган, Жүрөгүмдө күйүп турган жалын бар.❤
Красава
Кыргызстан Алга 🇰🇬
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️😍😍😍 Мекенимдин баатырлары сыймыктанабыз🚀🚀
Акжол 💪