Ош ОИИБдин жетекчилиги 83 жаштагы ардагери менен жолугушту
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген.
Бул жолу башкармалыктын жетекчилиги 83 жаш курактагы ардагер Тургунбаев Зулун менен маектешип, ал акыбалын сурап кайтышты.
Ардагер 1941-жылы Араван районунун Чек-Абад айылынын Огроном участкасында жарык дүйнөгө келген. Ал мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, жогорку окуу жайды Ленинградтан жана Карагандыдан бүтүргөн.
Алгачкы жолу 1966-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгына жумушка орношкон.
1961-жылы 17-май күнү сүйүктүү жары 1945-жылы туулган Раат Курбанбаевага баш кошкон. Жубайлар 1 уул 5 кызды тарбиялап, өстүрүшкөн.
Ал, кызмат өтөгөн жылдары бир топ тайгак кечүү, тар жолдорго туш келген учурларды тизмектеп айтып отуруп, ошол учурдагы милиция менен азыркы милициянын ишмердүүлүгүн салыштырып өттү. Ал бир топ өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда колдонгон ыкмаларды айтып берип, учурдагы милиция аткарып жаткан иштерге да баам салып тургандыгын баса белгиледи. Айрыкча акыркы 3 жылда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайып, өлкө боюнча бир топ имараттар курулуп, жаңы заманбап техникалар алынып, коомдук жайларга жүздү таануучу видеокамералар орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр бодикамера, планшеттер менен камсыз болуп жатканын көрүп, ичи жылыганын айтып берди.
Ардагер келечекте кылмыштуулуктун аты жоголуп, жаштар билимдүү, ыймандуу жакшы кулк мүнөз менен өсүп жетилип, келечекте өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошооруна чон ишеним менен тилек кылат.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы
Пікірлер: 13
Жезде сиз менен сыймыктанабыз ден соолугунуз чын болсун ар дайым маанайыныз жарык болсун уйбулоонуздун ардактуу атасы таятасы болуп бактылуу карылыкты каалайм бар болунуз эл ичинде амандыкта журунуз
Зулунбай жезде, биз сиз менен сыймыктанабыз анткени сиз Мекенди коргоо учун коп эмгек откоргонсуз. Сизге бактылуу каарылыкты каалайбыз
Баарыныздарга чоон рахмат! Папам менен сыймыктанам!❤
Зулун тага дайыма ден соолукта болунуз,коп жашаныз.
Тагам менен сымыктынып келгенмин, мындан ары да сыймыктанамын, тагам улгулуу уул..улгулуу ини...улгулуу инсан деп эсептеймин. Тага мындан ары Аллахым озу колдосун....омурунуздун ырыскыныздын берекесин берсин...Ден соолугунуз чын болсун, жээндериниз ар дайым сиз менен❤
Зулун Ава омурунуз Узун болсун!Ден-соолукта коп жашан
Жезде көп жашан ден соолугунуз бекем болсун
Зулунбай аке коп жашан Омурунуз узун ден соолукта болун
Маащаллах 🤲 🤲 🤲 Аллах раазы болсун 👍☝🤲
Кооп жашан, ден соолукта болун,
Омурузго Аллахым береке бересин 🤲🤲🤲
Аяшата доим сог саломат болинг
Соонун зынкыйган киши экен. 👍