Нурмат Садыров - Торгоюм / Караоке

Музыка

Көчүрүү / Угуу: infinity.ffm.to/torgoyum
♪ Нурмат Садыров - Торгоюм
✔ Каналга кошулуңуз: bit.ly/3lmpFBz
Нурмат Садыровдун расмий баракчалары:
/ nurmat_sadyrov
Сенсиң менин торгоюм
Суук көздөн коргоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн
На-на ней, на-на ней, на-на ней ней
На-на ней, на-на ней, на-на ней ней
На-на ней, на-на ней, на-най ней ней
Сенсиң менин торгоюм
Суук көздөн коргоюн
Ашык болдум жалындап
Калпы болсо оңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Гүлдөй болуп соолбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Күндөп-түндөп ойлоюн
Ишенип кой сөзүмө
Калпы болсо оңбоюн
Менин ырчы торгоюм
Жолугууну болжоюн
Алтынчы күн - кадыр түн
Карап күтөм жол боюн
Алтынчы күн - кадыр түн
Карап күтөм жол боюн
Сен торгоюм - сүйгөнүм
Арнап өмүр гүлдөрүн
Бир басалы гүл бакта
Тыңшап торгой үндөрүн
Ырахат го жаш кезде
Күлүп-ойноп жүргөнүң
Саймалайлы жылдыздай
Жашообуздун түндөрүн
Саймалайлы жылдыздай
Жашообуздун түндөрүн
Жалын болуп жаркылда
Чагылгандай чартылда
Көл үстүндө ойногон
Ак булуттай калкылда
Канат күүлө, күү чалып
Ойноп-күлүп жаркылда
Кадырлашып өтөлү
Көңүлгө кир калтырба
Кадырлашып өтөлү
Көңүлгө кир калтырба
На-на ней на-на ней на-на ней ней
На-на ней на-на ней на-на ней ней
На-на ней на-на ней на-най ней ней
Көңүл куруп, күү чалып
Күлүп-бийлеп, үн салып
Менин сүйгөнүм торгоюм
Эмгек жолун бир чалып
Айыл ичин гүлдөтүп
Обон созуп ырдашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып
Өмүр суусун кечели
Жабык сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели
Өмүр суусун кечели
Жабык сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели
На-на ней на-на ней на-на ней ней
На-на ней на-на ней на-на ней ней
На-на ней на-на ней на-най ней ней
#НурматСадыров #Торгоюм #Караоке
© ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted

Пікірлер: 13

  • @Alina-ew2
    @Alina-ew22 ай бұрын

    Торгоюм сонункен .

  • @kanyshaibaktybekova629
    @kanyshaibaktybekova6292 жыл бұрын

    Сен бактылуу жаша ырыңыздын караокесин чыгарыңызчы ырдап жатып калалы🤗

  • @aman_kgz
    @aman_kgz2 жыл бұрын

    Нурмат Байке ишинизге ийгилик

  • @user-vd1xg1uv5z
    @user-vd1xg1uv5z2 жыл бұрын

    Сен бактылуу жашанын карокесин чыгарынызчы

  • @user-oi5uq9qk1l
    @user-oi5uq9qk1l3 ай бұрын

    ❤❤

  • @Spor_t5
    @Spor_t5 Жыл бұрын

    Нурмат байке ишинизке ийгилик молодецсиз 👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍💪💪💪💪🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-rw9si9ji9v
    @user-rw9si9ji9v2 жыл бұрын

    Нурмат байке сиз жаушы ырчысыз мага сиздин ырыныз жагат мендагы ырчы болом деп кыялданам сиздей болуп ырчы болгум келет,Нурмат байке ишинизге ийгилик😊☺😍😘👍👍👍👍👍👍👌

  • @sulayman2387
    @sulayman2387 Жыл бұрын

    Молодец

  • @user-po2rq5ct4x
    @user-po2rq5ct4x2 жыл бұрын

    Нурмат жабышпа толгонайга жиниме тийбечи

  • @kuba_saparkukove
    @kuba_saparkukove2 жыл бұрын

    Нурмат байке мен айдоочунун минусун киргизиңчиии

  • @Nurtilekorozalieev
    @Nurtilekorozalieev2 жыл бұрын

    Чыгармачылык ийгилик👍 бирок бул караоке эмеско бул ырдын тексттин любой жерден тапса болот, минус караокесин жуктонуздор

  • @user-yy9lh1jd5p

    @user-yy9lh1jd5p

    3 ай бұрын

    😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊😊

  • @user-hz3lw4hh2p
    @user-hz3lw4hh2p4 ай бұрын

    9000ььддль

Келесі