Эне тил - Айкөл Сатаев
Музыка
Сөзү, обону: Чубак Сатаевдики
Эне тилсиз эр болбойт,
Эр сүйбөгөн жер болбойт.
Эне тилин билбеген,
Эч нерседен тең болбойт.
Элин-жерин сыйлаган,
Эч нерседен кем болбойт.
Кайырма:
Дилим, дитим кыргызым,
Кыргыз - күйгөн жылдызым.
Дүңгүрөткөн дүйнөнү,
Эне тилин туу кылган,
Кыргыз уулу Чыңгызым.
Өскүн-өнгүн, элим-жерим,
Менин кыргызым, кыргызым ай,
Жылдызым…
Ар улуттун ар дайым,
Эне тили апасы.
Эне тилде берилет,
Ар бир элдин батасы.
Эне тилин билбеске,
Элдин тийсин жазасы.
Кайырма:
Дилим, дитим кыргызым,
Кыргыз - күйгөн жылдызым.
Дүңгүрөткөн дүйнөнү,
Эне тилин туу кылган,
Кыргыз уулу Чыңгызым.
Өскүн-өнгүн, элим-жерим,
Менин кыргызым, кыргызым ай,
Жылдызым…
Эне тилсиз Эр болбойт,
Эр суйбогон жер болбойт.
Эмне тилин билбеген,
Эч нерсеге Тен болбойт.
Элин-жерин сыйлаган,
Эч убакта кем болбойт.
Пікірлер: 12
УлууКыргыз элимдин Кыраан жигиттеринен бол Айкол.
Чон атасынын уулу болуптур азаматсын Чубак Сатаевдин, ырларын дайыма баалайбыз ел уулу болуп, атына жараша затын болуп Чон атанын, Тайенендин ырларын жанырта бер ар дайым.
Азаматсын Айкол, буйруса Чон атасынын жолун жолдойт.
Анайын. Сонун ырдаптыр омурлуу бол Бактылууу бол
Омуру узуун бактылуу жигит болуп чонойсун!!!
Азамат.Папасы мамасы таланттуу адамдар балдары андан беш бетер таланттуу экен осо бергиле
Аккан арыктан суу агат же Алма шагынан алыс тушпойт 😂😂😂 дегени ушулда 😂👍👍👍👍👍✊✊✊✊✊🤲🤲🤲🤲🤲🤲👏👏👏👏👏💐💐😊😊💯💯 Аллахым узаак омур берсин оммийин Аллахым колдосун оммийин
Бактылуу балалыкта Ата энеси м н бирге Аман эсен чонойо берсин атасына абдан окшош тура
Акылдуу Омуру уузун болсун. Чон атасы таенеси атасы сонун эл адамдарыда😘🌹🌹🌹
Аман болсун!Азамат!
❤❤❤❤❤🤩🤩🤩🤲🤲🤲👍👍👍👍👍
Азамат