Малинанын мекени болгон Кадамжай району // Өнүгүүгө карай
Малинанын мекени болгон Кадамжай районунда түшүм жыйноо кызуу жүрүүдө. Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарынын эли негизинен малина өстүрүшөт. Болжол менен 200 гектар жер аянтты элеген малина тааларында полька, поляна жана жергиликтүү жайдары деген түрлөрү көп кездешет. Кимия Турсункулова да учурда малина өстүрүп, үй-бүлөлүк киреше булагын толуктап келет. 8 сотых жер аянтында малинанын биринчи терими аяктоо алдында турат. Каарманыбыздын айтымында үй-бүлөлүк кирешеге кошумча тыгынчык болгон азыкты сатууда кыйынчылык деле жок. Болгону кардарларды сапаттуу малина менен камсыздап туруу кажет. Ал эми малина өстүрүүнүн сырларын мыкты билген каарманыбыз, органикалык жер семирткич катары малдын кыгын пайдаланат. Бутоо, кыркуу процесстерин өз учурунда жүргүзүү мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Учурда аймакта малинаны баасы 160 сомго чейин сатылууда. Элеттеги түшүм жыйноо өнөктүгүн кезектеги материалдан көрө аласыз.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
KZread (УТРК) - / ktrkkgchannel
Instagram - utrk_live?...
Телеграм - t.me/ktrk_live
Пікірлер: 13
Кадамжай берекелүү жерибиз,аракет кылса берекет.
Аллах таала берекесин берсин
Кимия эже кыманга барака
Баткен алга!!!
👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🍏🍒🍇🍓.
Туганда месный сорт болбойт уксанар халадилник алббай атат дейт месный бир гун турса эртеси эзилип кетет и таварный вид жок арзан биз Полка сортун экенбиз Полка эзилбейт гопко турат вид жакшы и чон чон месныйдан 5 сотик тен 10 кл терсенар Полкадан 2 барабар гоп берет
@user-qp4yz4ww6q
Ай бұрын
Ал сортун кайдан табабыз?
@user-zc8vg2rv3b
15 күн бұрын
Саламатсызбы номеринизди бересизби малина алайын деген элем кантип байланышсак болот
Малига пыштыбы ???
Ушул эженин тел номерин жазып койгулачы. Мага көчөт керек эле