Майрамбек Осмонов - Кең дүйнө
Музыка
#ЧубакСатаев #КеңДүйнө #МайрамбекОсмонов
"Кең Дүйнө"
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө.
Бирөө тартса муң-кайгы,
Бирөө көрдү жыргалды.
Жаратканым бар болсо,
Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү,
Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы.
Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө,
Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө.
Бакыт конгон адамга,
Ушул дүйнө - шаң дүйнө.
Сүйгөнүнө жетпегенге -
Чиркин дүйнө, зар дүйнө.
Күйүп-күйүп, күл болом,
Ичи тарды көргөндө.
Көрсөм күйүп күл болом,
Жакшы адамды бир арам,
Жер алдына, жер алдына көмгөндө.
Тирүүлүктө адамдар, адамдар,
Алгаласын кадамдар, кадамдар.
Арабыздан жок болсун,
Ичи бузук арамдар.
Ач көз, акмак, ач көз, акмак,
Ач көз, акмак, сараңдар.
Бакыт болсо, көппөйлү,
Кайгы болсо, чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат,
Өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
Пікірлер: 19
Майрамбек Осмонов - Кең дүйнө
Чубактын ырлары сонун!
Жандуу ырды дегеле чындыкты адамдар сагынышыптыр
ЧУБАК АКЕБИЗДИН ЛЕГЕНДАРЛУУ ЫРЛАРЫН ЭЭМИ ИШЕНИП ТУШУНУП УГУП ОТУРАБЫЗГО. АЯБАЙ ТУУРА ЖАЗЫП КЕТКЕНГО
Майрамбек брат чыныгы талант!
@user-rb4oy1jw6k
Жыл бұрын
Ю.юююю.ююхюю..ююю.юююююю.юююю..юююююююююююююю.юююхю́
Азамат!
Агам менин жакшы инсанго жакшы кором майрамбек
Майрамбек жеткизе ырдайт молодец орусча айтканда досконально и максимально достаточно и достойно.
Чубак Сатаев легенда ыры ото маанилук
Керемет!
Одном слове певец от бога
Супер соз жок
Майрамбек бесбаеч
Азаматсыз Майрамбек аке Чубактын ырларынан кобураак аткарын.
👏👏👏
👏👏👏👍👍👍
👍👍👍👏👏👏