Элмирбек Иманалиев - Төрөлөр төрдү булгады (2018)

Төрөлөр төрдү булгады,
Төбөлдөр элден уурдады.
Кысыр эмден май кетти,
Кыйындардан шай кетти,
Кыргызыңдан жай кетти.
Жаттан карыз көп алды,
Жан кечтилер жеп алды.
Бөлөктөн карыз көп алды,
Бөрүлөр бөлүп жеп алды.
Эми жаттан алган карызга,
Жарыдык деп айтабыз.
Жакшылап аны түшүнбөй
Жашообуз жыргал болду деп,
Жаркылдап жүрбүз канчабыз.
Башканын кылган кайрына,
Байыдык деп айтабыз.
Машине минип, там салып,
Марыдык деп айтабыз.
Мекенди коюп күрөөгө,
Менчик деген дүйнөнүн,
Элим мээнетин бир күн тартабыз....
Булак: / 1012133282325869

Пікірлер: 42

  • @user-og7bj4ll7q
    @user-og7bj4ll7q10 ай бұрын

    Каран жигит эмне эрте кеттин укансайын унунду уккум келет айланайын ай жаркыраган

  • @user-vy8xm5nr5i
    @user-vy8xm5nr5i11 ай бұрын

    Ойиии молодец элмирбек туура созду ырдапсын жаткан жерин жаайлу болсун

  • @SamsungGalaxy-df9zf
    @SamsungGalaxy-df9zf10 ай бұрын

    АЗ ЖАШАП ТААМАЙ АЙТЫП ЖАН ДУЙНОСУ ТАПТАЗА АДАМ БОЙДОН КОП ЧЫНДЫКТЫ БЕТКЕ АЙТЫП ЫРДАП ЭЧ КИМГЕ КОШОМАТ ДАГЫ КЫЛБАЙ БУЛ ДУЙНО МЕНЕН КОШ АЙТЫШТЫ .АЛЛАХЫМ АКЫРЕТТЕ БЕЙИШИ МЕНЕН СЫЙЛАСЫН ОМИИН.

  • @user-fr5mo5go2x
    @user-fr5mo5go2x10 ай бұрын

    Азамат элмирбек

  • @baktygularykova8698
    @baktygularykova86983 жыл бұрын

    Эльмирбек жалан кайгыдан,элдин кыйналганын коруп ооруп олгон тура. Ичкен,жеген иттерди Эльмирдин арбагы урсун. Эльмирдин чиедей балдарынын кусуру урсун айбандар силерди.🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲 ООРУСУ КУН ОТКОН САЙЫН ЫРБАГАНЫ ДАГЫ АЗЫРКЫ АКЫБАЛДЫ ОЙЛОП КУЧОДУ. ИТТЕР,ЧООЛОР БИЗДИН АТА-БАБАЛАРЫБЫЗЛЫН АРБАГЫ УРСУН. 🤲🤲🤲

  • @SamsungGalaxy-df9zf

    @SamsungGalaxy-df9zf

    10 ай бұрын

    😢😢

  • @bekzatmairambekov7567
    @bekzatmairambekov7567 Жыл бұрын

    Аттин дуйно кайран Элирбек .Бейишти жургун аралап

  • @user-fg6iz3jv4m
    @user-fg6iz3jv4m2 жыл бұрын

    Аллахым бейиши менен сыйлаган болсун. Ырларын туболук угулатко Элмике.

  • @user-fb8hy4pn8x
    @user-fb8hy4pn8x2 жыл бұрын

    Кайран Элмирбек ырынды кайсыл маалда уксам деле козумо жаш тегеренет.Аллаахым Фирдаустан жай берсин

  • @user-gw7gc1gb2o

    @user-gw7gc1gb2o

    11 ай бұрын

    Амин🤲

  • @taalaibek-jv1lb

    @taalaibek-jv1lb

    10 ай бұрын

    @@user-gw7gc1gb2o оомийин

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i3 жыл бұрын

    Эл баатыры наамы берилсе деп ойлойм

  • @user-lx3ft8kq8r
    @user-lx3ft8kq8r4 ай бұрын

    Кудайым бейиштен жай берсин кандай керемет акын элениз!

  • @user-zj1fp2bu9p
    @user-zj1fp2bu9p4 жыл бұрын

    Элмирбектей көз карашы деңиздей, акылман арстандай уулдар депутат болсо КЫРГЫЗСТАН ӨНҮГӨТ ЭЛЕ.Оо кайран элими качан Манастай уулдар төрөлөт экен.Элмирбек айткандай Кыргыз экенине күмөн бар, кылымдан теги бузуктар деп ырдаганы туура деп ойлойм.Оо кайран көрөгөч акыным

  • @user-mz8os1dk3y

    @user-mz8os1dk3y

    3 жыл бұрын

    Элмирбек эл учун куйдун атин ай сен олбогондо болдуу эле жемектен олуп кетпейби бийлик сени айсак атан

  • @user-jv2gt4kk9l
    @user-jv2gt4kk9l10 ай бұрын

    Ушундай сонун акындар адам колдуу эле болуп каза табат экен илгертеден бери эле. Кайран ак тандай акындар.

  • @user-zx1kq8eb6w
    @user-zx1kq8eb6w2 жыл бұрын

    ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ КУЙДАЙЫМ ОЗУН РАЙЫМЫНА АЛСЫН 😥😥

  • @user-db9nr4qc2j
    @user-db9nr4qc2j2 жыл бұрын

    Жаткан жерин жайлуу болсун залкар акыным Элмирдин айтышын эле угуп журом мыкты акын эле

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i3 жыл бұрын

    Бейиштен жай берегор аллахым оомийин

  • @kanygulibraimova5998
    @kanygulibraimova59982 жыл бұрын

    Кайрылгыз талант

  • @asman777
    @asman7772 жыл бұрын

    Бул улуу инсандын, бул эл тени эмес балким урпактар баалап тарыхта ушул Элмирбек атабыз оз баасын берер,,,,,,,,,, Бул балык муноз элге акындын айткан бир да созу журогуно жетпейт аттин бир кем дунуо

  • @user-bi2ef6me7i
    @user-bi2ef6me7i11 ай бұрын

    Бир келип кетти армандуу ЭЛДИН уулу Акылы тунук Эстүү Зээндүү Сезимдүү Туйумдуу акын уулу жайы жаннаттан болсун айткан сөзү түбөлүк жашайт

  • @user-gu5fc4wq4p
    @user-gu5fc4wq4p2 жыл бұрын

    Кайран кана Элмирбек, менин оюмча сен президент болсон Кыргызстан онолмок. Аттин айта турчу создор коп... Президент сенин ырларынан маани берип, эл башкрганга пайдаланса болот. Кыргыз деп куйуп журуп кеттин. Арман...

  • @user-hx3px3ii6b
    @user-hx3px3ii6b2 жыл бұрын

    Эсил кайран эл акыныбыз эмне деген гана насыйкат айтып кеткен.Аттин,бул дуйнодон эртелеп жуз уйруп кетти,Кыргыздын эр уулу эле

  • @user-vl5ly8cm3t
    @user-vl5ly8cm3t5 ай бұрын

    Кайран Эмикем жаткан жайы жаннат болсун

  • @user-ee1rd6vt2t
    @user-ee1rd6vt2t3 жыл бұрын

    Кыргыздын тагдырына санаа тартып жүрүп, сахар, жүрөк ооруга чалдыктыго дейм да. Жеп ичкендер убалы силерде 120.

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i3 жыл бұрын

    Оп бали Элмирбек жаткан жерин жайлуу болсун анык жигит элен аттин ай

  • @user-it5rb7xo8z
    @user-it5rb7xo8z11 ай бұрын

    Ырынды уксам ичим ачышат

  • @user-gl8zh7ef3f
    @user-gl8zh7ef3f2 жыл бұрын

    элмирбек

  • @asybekurdoolotov5861
    @asybekurdoolotov58614 жыл бұрын

    Токтогул чындыкты айткан учун Сибирге айдалган Садыр Жапаров чындыкты айткан учун турмодо отурат бизге билинбеген жуздогон адамдар жалаа менен турмодо отурушат жуздогон Адам чындыкты айткан учун тышта журот

  • @user-mz8os1dk3y

    @user-mz8os1dk3y

    3 жыл бұрын

    Элмирбек бир келдин бир кетин бейишин берсин

  • @taabaldytocsobarv3020

    @taabaldytocsobarv3020

    9 ай бұрын

    🎉😂😂

  • @uluku3144
    @uluku31444 жыл бұрын

    Азамат акын Элмирбек.

  • @user-zy9rn9co3l
    @user-zy9rn9co3l2 жыл бұрын

    Эмикем адилеттулукту акыйкатты баарын алып кеттинби.шакирттерин ээч бир ун катпайтго акындан коб эме жок бирок акыйкат айткан акын жок.Эмике сен жетпей турасын бизге.

  • @user-io3ke7ke1d
    @user-io3ke7ke1d4 жыл бұрын

    Бирда созундо ката жок Биздин чондордун кекиртегине соок туурасынан турмайынча жей берет

  • @user-bw9hv6pp1o
    @user-bw9hv6pp1o2 жыл бұрын

    👍👍

  • @ZuurabubuIsakova
    @ZuurabubuIsakova19 күн бұрын

    Ыйманы саламат Болсун.

  • @salamkandai1630
    @salamkandai1630Ай бұрын

    Жашаса болмок арман ай

Келесі