Өлүкканадан чыккан чыр жөнгө салынды

Жалал-Абад облустук ооруканадагы адам сөөгүн сактоочу муздаткыч оңдолду. Бул тууралуу аталган мекеменин башкы директору Кумар Ботокараев билдирди.
Анын айтымында, аталган муздаткычты оңдоо үчүн жергиликтүү жана Ош шаарындагы адистерге кайрылышып, бирок жыйынтык чыкпай келген.
«Биз бир нече жолу Жалал-Абаддагы адистерге кайрылып келгенбиз. Ош, Бишкек шаарынан адистерди чакырып, алар биргеликте бул иштин аягына чыгышты. Адистер электр энергиясы өчкөндөн улам бузулган деген тыянак чыгарышты. Мындан улам атайын генератор да орноттук», - деди облустук клиникалык оорукананын башчысы.
Талкуу жаратып келген чакан муздаткыч да кошумча иштей берет.
Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы облус боюнча бир гана облустук ооруканада өлүк сактоочу муздаткыч болсо, ал да былтыркы жылдын жай мезгилинен бери иштебей жатканын адистерге таянуу менен билдирген болчу.

Пікірлер

    Келесі