Кыргызстанда дары дармектер жетиштүүбү?

13/05/2024
13-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин маалыматы угулду.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү дары-дармектер чоң социалдык мааниге ээ болгон товар экенин баса белгилеп, жарандардын дары-дармекке болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, «Эл аман» мамлекеттик дарыкана тармагын мындан ары өнүктүрүү, дары-дармектердин баасын төмөндөтүү, дары рыногун жөнгө салуу жаны аны контрафакттык продукциядан коргоо жана башка көптөгөн актуалдуу маселелерге көңүл бурушту.

Пікірлер: 3

  • @user-ph9xc2kz5i
    @user-ph9xc2kz5i10 күн бұрын

    Туура айтас депутат мырза. Айылдарда менчик аптекалардын баасы. Менен биржей.Министр тоготпогондой ырсандап жооп берет да ал эмнеси,Ушул себептен медицина долго тушпой жатат,дагы деле врачтар чон. Чон акча алышат айласы жок бересин

  • @user-yh3cw3wg5r
    @user-yh3cw3wg5r10 күн бұрын

    Алымкадыр кайра келгенден бери кичине арзандады,Пенсионерлерге озунчо ачкылачы,50% сатылсын??Жеке Аптекаларды жапкылачы ЭЛАМАНдеген Аптеканар Ош базарынын кайсы жеринде?Эч арзан Аптека таппадым.

  • @user-te4uu3dy3z
    @user-te4uu3dy3z10 күн бұрын

    Жетиштууу болсо бирок баасы ото кымбат.карапайым эл ыйлап атып зоорго алышат туугандардан карыз сурап атып.аны козомолдогон инсан жок

Келесі