Кубаныч Сатаев - Ойлоп көрсөм/Тексти бар, кошулуп ырдасаңыздар болот

Музыка

Сөзү & обону: Жолдошбек Мамажанова
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Чоң жоготуу, чоң күтүү.
Кыз баланын жанынан,
Өтүп кетсе чоң сүйүү.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жүрсө күтүп сүйүүнү
Сезбей калса жаш жигит,
Келгендигин сүйүүнүн.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жетип сүйүү курагы.
Келсе, кетсе махабат,
Кудум жийде бурагы.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Баарынан да эң жаман,
Адамдын жашпы, каарыбы.
Бош турса жаз түнүндө,
Жаздыгыңдын жарымы
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Жалгыздык жаман

Пікірлер: 4

  • @user-wq8sp8gu7q
    @user-wq8sp8gu7q2 ай бұрын

    👍👍👍👍🔥🔥🔥🔥🔥🔥кермет ун

  • @user-hq5cg8fi9u
    @user-hq5cg8fi9u2 ай бұрын

    Сонун ырдаптыр Ийгилик каалайбыз

  • @user-nj2wv6zy6z
    @user-nj2wv6zy6z2 ай бұрын

    Молодец

  • @user-bn4cy6rk4k
    @user-bn4cy6rk4k2 ай бұрын

    Таланттыныз ташкындай берсин👏👏👏

Келесі