Кубаныч Сатаев - Атакем оорубасын /Тексти бар кошулуп ырдасаңыздар болот.
Музыка
Сөзү жана обону: Сыймык Бейшекеев
Ден соолук адамга зор байлык тура,
Демейде ушул ойго келбейт тура.
Адамды жараткан соң жаратканым,
Төп кылып төгөрөгүн бербейт тура.
Орундуу ушул ак сөз чындык белем,
Оорунун кадырын соо билбейт тура.
Кыйналып ооруп жатсаң жаным атам,
Кысылып мен турамын таштай ката.
Атакем аман-эсен айыксынчы,
Деп сурайм жараткандан кайра-кайра.
Оорубай жүргөн күнүң эстей берем,
Ошол күн кайра келчи, кеттиң кайда?
Ушул ыр эм болсун деп, дем болсун деп,
Ак тилек айтып сизге багыштадым.
Балдарың жетилсинчи, эр жетилип,
Бакайдай карыя бол сыйын көрүп.
Тилегим жаратканым кабыл кылсын,
Ылайым ишиң дайым алга жылсын.
Өмүрдүн гүлү эрте соолубасын,
Оо кудай атакем эч оорубасын.
Пікірлер: 10
Эн соонун чыгарма экен унуно береке талантын ташкындай берсин Кубаныч атанын уулу сендей уулдар коп болсун Бир дем менен угуп чыктым
Сонун👍🏻Кубаныч САТАЕВ мыкты 👍🏻👍🏻👍🏻ырларын угуп эс аласын ✊🏼✊🏼
Азаматсыз Кубаныч мырза, талантыгызга таазим!
Ийгилитер коштосун сонун ыр
Абдан жакшы чыгарма экен. Азаматсың!Кубаныч .Талантың ташкындай берсин..Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!
Сонун ыр экен 👍🏻 Кубаныч мыкты ырчы 🎉
Эн сонун чыгарма экен Рахмат
👍
🔥🔥🔥
🌷🌷🌷