КУБАНЫЧ АЖЫБАЕВ - Сулууларга суктанууга акым бар - караоке

Музыка

🎵 К.Мендебаировдун "Сулууларга суктанууга акым бар" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Кубаныч Ажыбаевдин аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤КУБАНЫЧ АЖЫБАЕВ - Сулууларга суктанууга акым бар ырынын үнү жок (минус) варианты • СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА ...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Кубаныч Ажыбаевдин расмий ютуб-каналы: / @user-nn5ic9jp4g
#ыркесе #кыргызча_караоке #КубанычАжыбаев #СулууларгаСуктануугаАкымБар #yrkese
======================================================
-- "Сулууларга суктанууга акым бар" --
---------------------
Сөзү: Ж.Ырысбаев
Обону: К. Мендебаиров
Аткаруучу: К.Ажыбаев
------------------------------
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Сулууларга суктанууга,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Сулууларга суктанууга, сулууларга суктанууга акым бар.
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Сулууларга суктанууга, сулууларга суктанууга акым бар.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Сулууларга суктанууга, сулууларга суктанууга акым бар.
Сулууларга суктанууга, сулууларга суктанууга акым бар.

Пікірлер: 7

  • @Yrkese
    @Yrkese2 жыл бұрын

    К.Мендебаировдун "Сулууларга суктанууга акым бар" ырынын караокеси тексти менен, Кубаныч Ажыбаевдин аткаруусунда. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

  • @nuradilkasymaliev713

    @nuradilkasymaliev713

    8 сағат бұрын

    Кубаныч. Ажыбаев. Тууралу. Көп. Ыр чыгарсың. 😊❤❤❤❤❤

  • @user-bm7ci6pn3q
    @user-bm7ci6pn3q2 ай бұрын

    ❤❤❤😊😊😊

  • @user-ur7dw7ru1j
    @user-ur7dw7ru1j Жыл бұрын

    саламат садыкованын келгиле сыйлашалы деген ырын минусовкасын чыгарып ьериниздер сураныч

  • @user-su4ws1uu5x

    @user-su4ws1uu5x

    Жыл бұрын

    Актан сонун ыркен я

Келесі