Кубаныч Ажыбаев "Ак тилек"

Фильм және анимация

"Ак тилек"
Сөзү, обону: Чубак Сатаевдики
Эй, эй, адамдар,
Каалаганым амандык.
Тынчтык болуп өлкөмдө,
Болбосо экен жамандык,
Болбосо экен касчылык.
Кайырма:
Биздин заман - нур заман,
Ушул заман - гүл заман.
Ден соолугуң болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Ой, ой, адамдар,
Күлүп өмүр сүргүлө.
Өмүр кургур бир келет,
Жашоо баркын билгиле.
Ой, ой, адамдар,
Каалаганым ден соолук.
Ден соолугуң болбосо,
Калдың дей бер кор болуп.
Биздин заман - нур заман,
Ушул жыргал, гүл заман.
Ынтымагың болбосо,
Бул заманда эң жаман.
Түндүк, түштүк болбойлу,
Баарыбызга тең заман.

Пікірлер: 5

  • @zulpuharakbekov5775
    @zulpuharakbekov57752 жыл бұрын

    Талантынызга таазим!!

  • @user-tp8xx7fk8b
    @user-tp8xx7fk8b Жыл бұрын

    Азаматсын бар бол

  • @user-qk7wi2vj7t
    @user-qk7wi2vj7t2 жыл бұрын

    Кубаныч таланты на тазим

  • @user-qv8nb3gi5g
    @user-qv8nb3gi5gАй бұрын

    Туура ден соолук жок кор болот!

  • @user-od6tf7un7e
    @user-od6tf7un7e2 жыл бұрын

    Браво.азаматсын.

Келесі