Өктөм Сапар уулу “Баткеним”
Музыка
« Баткеним»
Созу : Акбар Кубанычбеков
Обону : Октом Сапар уулу
Тоо болгон кени бар,
Ток пейил эли бар.
Айгүл тоо тараптан,
Атырдай жели бар.
Өрүкзар - Мекеним,
Баркыңа жетемин.
Баткенге келгенде,
Бакытты сеземин.
Асыл жер бар болгун,
Агарган таң болгун.
Айылдан куралып,
Ак жолтой шаар болдуң.
Баатырлар чыгышкан,
Акыйкат курушкан.
Ата Журт үчүн деп,
Өз жанын сунушкан.
Баткеним - Баткеним,
Өзүң деп ар демим.
Кыргызстан башталган,
Кемибес бар чебиң.
Айгүл гүл ачылса,
Арнайсың жаз демин.
Бар болгун Баткеним.
Шаар, көчөң жаңырып,
Шаң күлкү жамынып.
Дүйнөнүн бурчунан,
Эл келет агылып.
Бабалар кураган,
Жаңы муун улаган.
Өркүндө Баткеним,
Суктансын бул аалам.
Пікірлер: 20
Баткенде дайыма тынчтык болсун, Өктөм чыгармачылык ийгилигин өркүндөй берсин.
💯🔥🔥Баткеним бар болгун Баткеним👍👍👍чыгармачылыгынзга ийгилик Октом ака Аллахым озу колдосун ар дайым🤲🤲
Кылымдык ыр болуптур!👏👍 Мына чыныгы чыгармачылык! Мына дем, мына мекенге болгон суйуу!☝️👏👍
Оххо соонун,туура создор жазылган ыр болуптур!!!👍Иштерине ийгилик Октом,молодец!Баткеним,Баткеним сагындым Баткеним!Орук зар мекеним!❤🤩
Азаматсыз байке! Жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет! Туулган жердин топурагы алтын❤
Азаматсын Октом ийгилик 🎊 👍👏
Молодец Өктөм ийгилик
Молодец октом чыгармачылык ийгилик сага
Талантына таазим! Патриот жигит!
Бар болгун БАТКЕНИМ
👍👍👍жакшы чыгарма болуптур,чыгармачылыгына ийгилик,Баткеним❤ардайым тынчтыкта болсун❤
Баткендиктер баатыр эл.
Москвадан угуп отурам .Баткеним сени сагындым
Сонун чыгарма🎉
Молодец Октом.
👏👏👏👏👏
Ден-соолук чыгармачлык ийгилик
Таааазим
🎉🎉🎉🎉👍👍👍
Өктөм Сапар уулуну каалагандар бир ЛАЙК басып өткүлө. Мыкты оранжировщик