Кой жүнүн өрттөбөй, андан пайда табууга болот! Венера Осмонкулова

Үй жануарлары мен аңдар

Кыргызстанда 6 миллиондун тегерегинде кой бар. Орточо өндүрүмдүүлүгү 2 кг болгон жүндүн потенциалдуу өндүрүлүшү 12 000 тоннага жетет. Акыркы жылдары мал багуучулар жүндү сатууда кыйынчылыктар жаралаган учурда аны өрттөшөт же таштандыга ташташат. Себеби, көпулүк органикалык жер семирткичти өндүрүүгө даяр чийки зат колунда экенин билишпейт.
Польшалык окумуштуулар койдун жүнүнүн жардамында помидор, калемпир, баклажандын өндүрүмдүүлүгүн 33% чейин көбөйтүлгөндүгүн жазып чыгышкан. Буга өзгөчө кызыккан ишкер Тилек Токтогазиев бул ыкманы Кыргызстанга ишке ашырууга өзгөчө кызыкаан. Мындан улам, фермерлерге жүндү гранулдуу органикалык жер семирткичтерге кайра иштетүү методикасын үйрөтүүнү пландап, ишкердин аракети "Рынокторго чыгууну камсыздоо долбоору" тарабынан колдоо тапты.
ИФАД каржылаган #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору ЖҮНДӨН ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРДИ ЧЫГАРУУ технологиясын өнүктүрүү максатында Кыргыз күнөскана ассоциациясына 88 миң АКШ долларын бөлүп берет. Ал боюнча гранттык келишимге кол коюлду.
Бул өндүрүштүн келечеги чоң. Жалпысынан республика боюнча 12 миң тоннадан ашык жүндү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Жүндөн жасалган жер семирткичтердин колдонуу жалпы эле экологияга да жакшы таасирин тийгизет жана импорттук минералдык жер семирткичтерге жакшы органикалык альтернатива болот.
#ОРСП #ИФАД #жүн

Пікірлер: 4

  • @user-pv3mf6eq5y
    @user-pv3mf6eq5y18 күн бұрын

    Баракелде бизде ушундай ишкана кобойсун колдойбуз ишкерлерди👍👍🇰🇬🇰🇬

  • @Samal.tv.
    @Samal.tv.18 күн бұрын

    Мен койдун жүнүн черешнянын астына салып көмүп койдум

  • @user-fu4yx3cx4b
    @user-fu4yx3cx4b17 күн бұрын

    Ээн сонун

  • @kampkampu5647
    @kampkampu564710 күн бұрын

    Жүн курттабайбы жердин баарын курттатбайбы

Келесі