No video

"Карагул ботом" Оз баласын атып алган ата

«КАРАГУЛ БОТОМ»
«Карагул ботом» дастанынын эл ичинде аткарылып жүргөн алты варианты бар. Бирок, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна Калык Акиевдин, Сарыкунандын варианттары сакталып калган. Негизинен бул дастан эл арасында Ашыраалы Айталиевдин айтуусунда кеңири тараган. Ошондуктан негизги вариант катары Ашыраалы Айталиевдики эсептелет. Ошондой эле Кыргыз радиосунун Алтын фондуна Алтымыш Мундузбаевдин аткаруусунда жаздырылып алынган. Үн тасмага Мээрим Карыпованын аткаруусундагы Ашыраалы Айталиевдин варианты жаздырылды.
Кошок, жоктоо ыкмасында баяндалган бул дастандын өзөктүү идеясы «Кожожаш» дастанынан анчейин айырмаланбайт. Тактап айтканда, идеялык жактан окшош. Карыпбай аттуу мергендин Эрегулу айтышкан доодон өлөт, Жорогулу атышкан жоодон өлөт. Каңгырап жалгыз калган мергенчи алтымышка таяганда Карагул аттуу уулдуу болот. Карыганда көргөн жалгызын кесепет-кырсыктан сактайм деп, тоо арасына бекинишет. Кийик атып жан сакташат. Бир күнү Карагул ууга кеткен атасын ээрчип баратып, чарчаганда балтыркандын түбүнө уктап калат. Аңчылыктан жолу болбой келаткан атасы элик тон кийген уулун чаарчык экен деп байкабай атып алат.
Сураныч Карагул ботом дастаны бир аз болсо дагы жаккан болсо КАНАЛГА ПОДПИСАТЬСЯ болунуз жана коментарий жазыныз!
Карагул ботом
Карагул Ботом мээрим карыпова
Мээрим Карыпова карагул дастан

Пікірлер