Кар вальсы - Кубаныч Сатаев / Тексти бар, кошулуп ырдасаңыздар болот
Музыка
С: А. Рыскулов, О: А. Сардарбеков
Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Каткырып кар кечип, кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.
Кайырма:
Вальс, вальс, вальс,
Мойнума кар саласың.
Вальс, вальс, вальс,
Кубанычым таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың, классташ-парталашым?
Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.
Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.
Пікірлер: 7
Кубантай, элиңди кубантып,жаркылдап ырдап жүрө бергин! Сага чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!
Кубаныч азаматсыз.
Сонун азаматсын Кубаныч
👍🏼👍🏼👍🏼
Аккан арыктан суу агат демекчи,атага тен уул,аман бол.
С: А. Рыскулов, О: А. Сардарбеков Кызыктай бар эле адатыбыз, Кыш эрте келсе деп самачубуз. Каткырып кар кечип, кубалашып, Кечинде сабактан тарачубуз. Кайырма: Вальс, вальс, вальс, Мойнума кар саласың. Вальс, вальс, вальс, Кубанычым таркабасын. Кайрадан кар кечип узатайын, Кайдасың, классташ-парталашым? Жаштыктын жалындуу күчү менен, Жаш элек биз анда үшүбөгөн. Күкүктөр сайраса кыш чилдеде, Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен. Жабыркайм чилденин тушунда бу, Жалгыздык азабы ушундабы? Жылытам, демиме жылытамын, Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.
СООНУН ЫР ГО.КУБАНЫЧ ЖАКШЫ АТКАРЫП ЖАТАСЫН.