Каныкей Эралиева-Эңсөө
Музыка
Эңсөө - тексти
Закымдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл элеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да журөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.
Пікірлер: 9
Каныкей эжекебиздин уну керемет, кайталангыс.❤❤❤
Азаматсыңар угуп эле подписканы бастым ушундай ырларды чыгара бергиле Алга ийгилик дагын гүтөбүс ушундай ырларды❤❤❤
мен ушул ырды 1977 жылы укчу элем кандай сонун откон кундор эске келе тушот ❤
1974 жылдар кандай сонун жылдар кыз кезибиз эске тушот
Коп коп чыгаргылачы ушул мезгилдеги ырларды
Биз бойго жетген убакта чыккан ыр аябай суйуп укчуу элек
Жарайсың бар бол!!!
Эң тунук эң сонун үн талантына таазим ❤ биз дин жаш кезекте ушундай сонун ырларды угуп чоңойдук да
❤❤,🌺🌺🌺🥰👍👍👍👍