ИИМ менен УКМК биргеликте Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутатын бейбаштыкка шектүү катары кармашты
Июнь айынын башында ИИМге арыз менен Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б. кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.
Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.
Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган А.У. кармашты.
Кармалган жаран А. У. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 96 беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайында киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Пікірлер: 9
Ушундай депутаты туп жок кылышкерек
@WermneWermne-ty3vc
9 күн бұрын
Бул баягы президент айткан, аты Урмат , өзү урматсыз депутат турбайбы
Молодчики
УКМК деп карап отура бербей МВД деле иштейт экенго👍
МВД 👍👍👍👍
ИИМ азаматсынар
Булар баардыгы пара менен алектенишет Чолпон атанын депутаттары Камчы Деген кафирдин кишилери
Оруссунарбы ИИМ десе болбойбу канал башчысы Кыргызсынбы?
@akochago
9 күн бұрын
Документация, иш-кагаздар ИИМде орусча аябай көп колдонулат