"Грузия кантип реформа жасай алды" китеби боюнча толук баяндама

Урматтуу китеп сүйүүчүлөр жана окумалдар, өзгөчө Грузиянын реформасына кызыккандар, "Грузия кантип реформа жасай алды" китеби боюнча видеолорду топтоп, бир видеого батырып койдук.
Бул китептеги реформалардын маңызы биздин мамлекетте да ишке ашмайынча китептеги айтылгандарды элибизге жая берели!
Китепти сатып алам дегендер 0 999 600 400, 0709 600 400 номурларына чалсаңар болот!
Оюңар менен бөлүшкүлө!
Инстаграм @abidetegin баракчама жана Facebook @abideteginjanybek баракчама жазылып коюңуздар!

Пікірлер: 13

  • @user-ye1kq5yu8g
    @user-ye1kq5yu8g4 жыл бұрын

    Рахмат, жакшы сабак болду. Катталуучунуз көбөйсүн!

  • @demkg718
    @demkg7184 жыл бұрын

    Ассаламу алейкум. Берүү өтө сонун болуптур. Видеонун качествосу да мыкты. Бирок, бөлмөнү ирээттуу кылып койсо дагы жакшы болот деп ойлойм. Баса, 5-10 мүнөткө батыруу керектей. Себеби 25 минутаны көргөн адам качып кетет.

  • @janybek_abidetegin

    @janybek_abidetegin

    4 жыл бұрын

    Алейкум салам. Ыракмат. Бөлмөнүн ирээттүүлүгүн эмки видеодо эске алалы. Бул видео каналга мурун чыккан 5 видеонун бириккени. Сиз каналдагы башка видеолорду көрдүңүзбү? Бир көрүп көрүңүз. Негизи көбү 5 мүнөттүн тегерегине ылайыкталган. Көрсөңүз дагы оюңуз болуп калар. Дагы бир жолу ыракмат, келип көрүп туруңуз видеолордон)))

  • @demkg718

    @demkg718

    4 жыл бұрын

    Мен дайыма китептерден обзор көрүштү жакшы көрөм. Күнүнө 3 обзор көрүүнү адатка айлантууну ойлонуп жүрөм. Азыр 3 видео көрөм. Көбүнчө орустардын видеолорун, Илхам келгенде түркчө, англисче болуп кетет. Негизи мыкты иш баштагансыз. Жараткан ыраазы болсун!

  • @janybek_abidetegin

    @janybek_abidetegin

    4 жыл бұрын

    @@demkg718 жакшы адатыңыз бар экен. Адатыңыздан жазбаңыз. Чоң ыракмат. Буюрса сиздердей колдоочу, көрүүчү турганда иштей беребиз.

  • @user-wq8bg7nw5h
    @user-wq8bg7nw5h4 жыл бұрын

    Ассаляму аляйкум. Жакшы иш баштапсыз. Бирок, каналыңыздын "заставкасы" өтө узун экен. 18 секунд көрүүчүнү тажатып башка тасмага аттап кетишине жетиштүү. Ийгиликтүү блоггерлер эң алгач тасма тууралуу эң кызыктуу жарнама кылып (жарнамадан көрүүчү тасманы эмне үчүн улантып көрүшүм керек деген суроого жооп табат) андан соң 3-4 секунддук каналдын "жүзүн" көрсөткөндөн кийин негизги тасмага өтүшөт. Сиз башындагы "жүзүңүздү" алып койсоңуз экинчиси (1:14) жетиштүү болчудай. Жана башкы сүрөткө дагы так, таамай, кызыктыруучу сөз жазган эффективдүүрөөк (Мисалы: Грузия ушул себептен болуп көрбөгөндөй өзгөрдү). Кыскасы, тизилип турган товардын арасынан сиздикин тандап алгандай кылыш керек. Тандагандан кийин дагы оңой ачылгандай жасаган оң, болбосо татттуусуна жеткичекти 20 секунд өтсө табити качып кетпейби ))

  • @user-wq8bg7nw5h

    @user-wq8bg7nw5h

    4 жыл бұрын

    жана 8:55 теги камераңыз ачык жана түстөрдү жакшы берет экен

  • @janybek_abidetegin

    @janybek_abidetegin

    4 жыл бұрын

    Алейкум салам Акын байке. Сиз сүрөттөгү Өмүрзак комузчусузбу? Биринчиден, видеону кунт коюп көрүп, жакшы ойлоруңуз менен бөлүшкөнүңүз мени кубандырды. Чоң ыракмат. Сиз сыяктуу кишилер үчүн биз иштей беребиз. Экинчиден, ар бир айткан оюңузду эске алам. Бул биз үчүн маанилүү. Үчүнчүдөн, ооба сиз айткан таанытуу ролигибиз узун болуп калыптыр, каналды жаңы ачып, анан биринчи ролик болгон үчүн ушундай болчу калды го. Азыр жаңысын даярдап жатабыз. Төртүнчүдөн, башкы сүрөттү кийинки видеолордо эске алабыз. Бешинчиден, 8.55теги камераны эске алабыз. Жана акырында сураарым Акын байке башка видеолорумду көрдүңүзбү? Мурунку. Бул Грузия ошол видеолордун бириккени. Башка видеолорумду көрсөңүз, бир ой пайда болуп калар. Көрүшкөнчө аман туруңуз. Жакында дагы жакшы, жаңы видеолор чыгып турат.

  • @user-wq8bg7nw5h

    @user-wq8bg7nw5h

    4 жыл бұрын

    @@janybek_abidetegin Өмүрзак комузчу эмесмин, бирок тууганымын (кыргыздар түгөл тууганбыз го 🙂). Башка тасмаларыңыздын жасалгаланган башкы сүрөттөрү бар экен, азыр байкадым. Кыргыз ютубунда жеңил-желпи, пайдасыз тасмалар көп каралбай пайдалуу тасмалар каралышын каалайм. Ал үчүн тасма жаратуучулар дагы эмгек кылыш керек деп ойлойм.

  • @janybek_abidetegin

    @janybek_abidetegin

    4 жыл бұрын

    @@user-wq8bg7nw5h ооба, көбүрөөк эмгектенбесек жеңил-желпи тасмалар көбөйдү. Буюрса биз аракетибизди көр берели берекетин кудай берер. Ыракмат сизге

  • @il-muras9632
    @il-muras963210 ай бұрын

    салам алейкум толук либерал экенсизго.сиз мактаган китепке критика кылдым.Робинсондун китепин жактап дебат кылууга даярсызбы?

  • @janybek_abidetegin

    @janybek_abidetegin

    10 ай бұрын

    Алейкум салам. Даярбыз. 🙂👍

  • @il-muras9632

    @il-muras9632

    9 ай бұрын

    @@janybek_abidetegin рахмат Жаныбек мыктысыз анда

Келесі