Болот Назаров - Кул базардан салам | Кыргызстанда жемкорлукка орун жок
Биздин instagram баракчабызга жазылыңыздар - / aytaytdese
Жана youtube каналыбызга жазылганды унутпаңыз - / @aytaytdese
Темиров лайф кыргызча - / @temirovlivekg4060
Улуу жибек жолунун боюндагы
Уулу бар жетелеген колундагы
Бейишти таманына басып жүргөн
Бир эне сөзүн айтты ойундагы
Ыктай карап сөзүн баштап жибергенде
Ылдый карай шылкыйды мойнум дагы
Беш балам бар чийедей үйүмдө тур
Үйүмда чоң дубалдын түбүндө тур
Орундук аз ордуна койулулбай
Олчойгон түйүнчөктөр түйүндө тур
Эртеден кечке турам келип калаар
Иштетип таман акым берип калаар
Кур кайтсам кул базардан нан табалбай
Курсактан чыккан балдар кейип калаар
Эртеңки жол киреси кемип калаар
Бир башчыны кубалап аткан кезде
Бир уулуман айрылгам ачыгында
Он он беш саат иштечү жүк түшүрүп
Ошондон болуп турчу азыгымда
Акыйкаттын ак туусун кулатпайм деп
Сынып калган, силер үчүн казыгым да
Алдейледим көбөйтүп кыргыз санын
Аман эсен торолтум жатынымда
Соргоктордун түзүшкөн мыйзамынан
Соолуп бара жатышат чатырымда
Чакырыктар бакырыктар сапырыктар
Айкырыктар үйүм тар, эшикте кар
Тажадым мен ойгончу сен
Топурайт жандар токочко зар
Мен эле эмес мен өңдүү мекенемиде
Менденда шору катмар жарандар бар
Көрдүм калыс өткөргөн шайлооңорду
Көркоолор тарп аңдыган жайлоо болду
Жыйылган эли журтум үмүт артып
Жыбыраган партияга талдоо болду
Шайысын бийлик жапкан айрымдарга
Шайлоо боло электе эле майлоо болду
Бул шайлоо элди жайлоо дедик эле
Кулдурай беребизби кемип эле
Оошуп партиядан партияга
Ошолор дайым жүрөт жеңип эле
Отуз жыл каныңарды кактап келген
Ошолордун балдары эми деле
Кенин саткан адамдар элин саткан
Сатып ийет бир күнү сени деле
Көз алдыңда мекениң соолуп атса
Көз жумуп отурабыз эминеге
Билбейм кандай болоор экен айагыңар
Башталды шоу коштогон байаныңар
Башыбызга кайрадан келиптирго
Башынанда оозу чоң байаагылар
Ай силер калкыбызга карекесиңер
Аймактар өнүгүүгө данексиңер
Атайын эл атынан келип алып
Аа силер эмне менен алексиңер
Мөөнөтүң бүткүчөктү майлуу жерден
Мөөнүңөр жарылгыча кересиңер
Шаймансыз кедей элге акча берип
Шайлоонун алдында эле келесиңер
Эшектин тушоосун да чече албасаң
Элиме эмне үчүн керексиңер
Тоок урдап ач бөбөгүн тойгузам деп
Тор артына коңшумдун уулу кетти
Тоо урдап тоготпогон мыйзамыңды
Торойто чапкым келет далай бекти
Соккондор соттолушту байпагыңды
Чапкандар акталышты банктарыңды
Абаке азыр деле көз камандар
Аткарат болуш керек айтканыңды
Бир далай жемкорлорду көзүң көрөт
Бир карап койсоң эле капталыңды
Жолотпо деп жаныңа туугандарды
Жоон топ элим менен айтпадыкпы
Жүздөгөн эл алдында тике карап
Жүрөктөргө жашаттык айтканыңды
Жүздөргө шаң жараткан убадаңдан
Жүздөр көрбөй калса не кайтканыңды
Желелеп ороп алаар жасоолдоруң
Жеп жуутар жемкор бекен байкадыңбы
Ууруларга убакыт бере берген
Ушундай кеңдигиңен аксадыңбы
Ишке салып бекерге кыйнабайлы
Ишке ашыра албаса максатыңды
Байкабай калдың окшойт өзүң дагы
Бул эшиктин кулпусун ачканыңды
Пул базардын кызыгы азгындатып
Кул базардын үмүтүн таптадыңбы
Айт Айт Айт Десе,Болот Назаров
#болотназаров #айтайтдесе #акын
Пікірлер: 294
Болот Назаров биздин замандын Токтогул Сатылганов болду .Катуу айтыптыр ийгилик каалайбыз. Таза жашоону айткан.
Бул жигиттин түсү кара болгону менен, ичинен "илибоюңардан" аппак! Баракелде Болот, акындык парзыңды аткарганыңа алкыш! Терең маанилүү, салмактуу сөздөр! Акылдуу башчы болсо угуп калаар, акылсыз болсо, өз убалы өзүнө. Бир күн келип сайылаар өз көзүнө.
@user-po7qx5vs3d
2 жыл бұрын
Аала раазы болсун балам
@user-zy6lq7uf7c
2 жыл бұрын
Эми эмне болду акпы же карабы.
@abykeeva6313
2 жыл бұрын
Жардыныз😂😂👍👍👍
@Kyrgyzfighter
2 жыл бұрын
@@user-zy6lq7uf7c Сенден ак!
Кандай учкул,чындыкты даана суроттогон ырлар.Азаматсын иним дайым Эл менен бол,
Боке иним мынчалык терең акын экениңе ыраазы болуп турам.Бар бол, жаман көздөн алыс бол!
Өтө катуу жазылыптыр Чындык Аттиң
@user-ow8gk9ut6t
2 жыл бұрын
См67
Кана эми бул ыр саптар жүрөккө тийсе экен абакендин,
Аззаматсың, Жараткан Кудай өмүрүңдү, өмүрүңө кошуп өнөрүңдү берсин... Сен бар, сендейлер бар мекенибиз дагы деле сакталып турат жок болуп кетпей...
Карапайым элдин жүрөгүндөгү сөздөрдү айтыптыр! Азаматсың Болот! Аман бол! Эч качан сынба! Артыңда калдайган эл бар!
Болот орконун осун тез тез жаны тема менен чыга бер. Аллахым озу колдосун. Жегенин желим ичкенин ирин кылчуудай кылып жаза бер.Алга!!!
@UserUser-hd3tv
2 жыл бұрын
Азамат бирок бийлик түшүнбөйт эл тушунбойт
Чырквраган чындык Оркунун оссун Аман бол
Боке унуно береке! Аллах бар баарыбызга... Аллахым жаман коздон жаман создон жемкорлордон озу сактасын! Сени мн сыймыктанабыз эл АКЫНЫ
Садага болоюн сенин талантындан,чагылгандай мунозундон!Бар бол,коп жаша,мизинден мокобо.Карапайым эл сен менен,Боке.
Азаматсын Болотбек алтын бала Аллахым ыраазы болсун талантын ташкындай берсин Элдин уулусун
Талантын ташкындай берсин!Аллахым сени колдосун!Иштерине ийгилик!👍👍👍👏👏👏
Азаматсың Боке бар бол.
Это шедевр!!! Ыракмат!!!
@user-fl8ck8ob7g
2 жыл бұрын
Азаматсын Болот калемин ото курс...мындай чындыкты эч Ким айта албайт...
@user-fl8ck8ob7g
2 жыл бұрын
Курч
@user-fl8ck8ob7g
2 жыл бұрын
Туура шедевр кандай керемет ачуу чындык..бирок ыйлагын келет...
@user-wx8jh2rb7g
Жыл бұрын
Болот баракелде оноруно жараткан онор кошссун ушул Сенин айткан ырларындын маанисин тушунбогон копосторго наалат
Азаматсың Болот!
Болот Аллахым ыраазы болсун, сенин Атын Тарыхта калат буйруса Тууганым
Азаматсын Болот,Аза экоонордун ыр саптарынар элдин журогуно жетет,чындык бар бул ыр саптарында
После того как милиционеры вам сделали рекламу, число подписчиков будет расти. Я узнала о вас благодаря новостям. Нет худа без добра. Держитесь! Такие люди нужны стране! Дай вам бог здоровья, сил, удачи!!!
@user-dl9jy5xv8u
2 жыл бұрын
Азамат туура чындык
@user-wv4oj1fq5t
2 жыл бұрын
Ооба мен да эми тушундум эн туура журоктогу создорду айтат экен .азаматсын
@aglaoskonbaeva9488
2 жыл бұрын
Патриот Кыргызстана.
Эх,кайран гана кыргыз элим! Бул акындын айтканы,соок-чучугуна жеткизет экен! 😢😢Чындыкты айтып жатат,акыныбыз! Бийликке алданган элибиз,чыркыраган чындык,жетээр бекен силерге!
Азаматсын ! уккула бийликте кресло талашкан кыргыз жигиттери !!!
Боке жаштар сени колдойбуз!
Болоттун ар бир сөзү дем, күч кубат берип турат, күнүнө бир нече угам,, кайталап да, ойлонуп да жүрө берем. Болоттор бар болсун.
Боке Дос Мыктысын ийгилик 🔥
Эң эле туура ырлар чыгарыптыр рахмат ар кимдин эле колунан келе бербейт.Наркаман деп жалаа жапса баарыбыз ишенип кошулуп тебелеп кеттик.
Азаматсын балам Омурлуу бактылуу ийгиликтуу бол. Аллахым колдосун.
Азамат!!!!
Эн сонун ырларды жазган тура бийлик тоболдорго. Кечеги окуядан кийин кордум ырларын
Болот сенин талантына таазим. Калемин курчуй берсин.Сонун журоко жеткен ырлар экен.Алга Чагылган!
Ма Шаа Аллох Аллох рози болсин сиздан байке
Азаматсың
Заманыбыздын Токтогула -Болот Назаров ! Акты ак,караны кара деп таамай айтыптыр.Азамат!!!
Не деген керемет,ойгонолу кыргызым ертен кеч болот
Ушундай жигитерди коргоп калышкерек
Азамат,оркундой бер ийгилик .
Азаматсың Болот
Азаматсын Болот иним чындыкты чыркырата айттын бар бол иним чындык эч уачан сынбайт
АЗАМАТСЫҢ Болот!!!!!!!АЛГА!!!
Боке бар бол элин сага ыраазы үнүн жетсе экен авабыз баягынын баарын эле жыйнап алды... Билбейм эми деле ошого
@user-pd5vk7dn1d
2 жыл бұрын
@@muketemirov4625 сен өзүң мусор, бийликтин жугундусун ичкен.
@user-ri5dl4og6y
2 жыл бұрын
@@muketemirov4625 памперсин
@user-jm7xi6ws4p
2 жыл бұрын
Емнеге нааразы бул чындык шорлуу Эл Аран базарда Жан багууда. Кана жумуш орду Эл дале сыртка кулчулука агылууда. Бул чындык чычалабагыла жапаровчылар
Болот Назаров Алга. Милисияга ракмат,ошолордун аркасы менен сиздей Эл акынын билип коруп атам.
Мыкты ойумдагын айтасыз жуздору ачыла баштадыгоо бийликтин
Азаматсын Болот мырза!! Чындыкты чыркырата бер Баш кесмей бар, тил кесмей жок!!!🇰🇬👍🙏🤲!
👏👏👏👏👏👏соз жок,озуна май иним👍
Боке Бокиден салам Денсолукта бол жамандык корбо дайма жакындарындын мандайында жаркылдап журобер алтын баласын сен чыныгы АЛТЫНСЫН
Жаратканым жар болсун сендей чындык үчүн күрөшкөн акындарыбызды өзү сактасын
Болот Бали Акыйкаттыкты ,чындыкты суйгон Элин сени менен!!!!!!!!
😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭 канткенде онолот экен биздин окмот . Тообо
БОКЕ БАЛАМ!!!! ЗООРГО ТУРГАН ЖАНЫМ ШОЛОКТОП ЫЙЛААП УКТУМ БИР ЭКИ ЫРЫНДЫ!!!!
Ассаламу алайкум уа рахматуллохи уа баракатуху ! Ма Ша Аллах ага ачуу чындык создорду айтыпсыз . Ак ийилет бирок сынбайт ... Аллахым сыноонузду женил кылсын амин амин .
Ыйлаттын го, рахмат 🙏 азыркы Токтогул болдун, сизди бул ач саткын эки дос тибйбесе экен
Алла Ыраазы болсун..Омурун узун болсун
Азамат,атына жараша заты Болот курчуй бер,элиндин ичине толгон черди коз жаш менен чыгардын,ар бирибиздин коодонубуздо жургон окунучторду чагылдырган ыр саптарына чексиз ыраазычылык. Жараткан узун омур берсин,кайратын ташкындай берсин,талантын оркундой берсин,аман эсен болушунду тилейм,Аллахым коргосун!
Болот иним Азамат.Туалет кагаз сураган депутат бар
Азаматсын!Азыркы бийлик алар жонундо акыйкатты айтканына чычалап жасаган иштери учун жооп беришет ИН ША АЛЛАХ !!!!!!
Азаматсын Болот, онорун осуп ташкындай берсин, омурун узун болсун, силердей акыйкатты айткан балдарыбыз менен мактанабыз.
Азаматсын Болот чындыкты чыркыратыптырсын узун омур ишинде ийгилик ак ийилет сынбайт
Азамат ошон үчүн жаман көрсөтүптүр да чындыкты таамай айткан акын ден соолук, узун өмүр каалайм
Соз жок ырга.Ыйлайсын😥😥😓😓😓
Кудайым омур берсин. Намысы жок оз элин жегендерди, кудайым берсе экен жазанарды.
Азамат мыкты акын Алах Ыраазы болсун
Болот Азамат Аман бол чындык учун жаралгансын
Бали, бали , чындык.
МАЛАДЙЦ УКА ОЛГААААААА
АЛЛАХЫМА шүгүр сендей акын менен замандаш болгонума. Өмүрүңө береке берсин. Жараткснымдын колдоосунда, коргоосунда бол
Мына ушундай жигиттердин тегерегине чогулгула келечек деген инсандар бул шанс манкурт болбогула кайдыгер болбогула
Чыркыраган чындык
АЙланайыня БОлотум чыныгы болотсун .отурам ыйлап Элмирбек олбоптур деп сен айласыздан курчудун балам аллага аманатсын келечегин кен жаным балам аллага аманат.
Супер! Молодец!
Болотназаровго боштондук
@Meryem10081
Жыл бұрын
Акындан тилин эч качан бууй албайт .Акынга боштондук .
Азамат Болот чындыкты чыркыратыпсын
Аман болунуз сиздей адам коп болсун.
Аллахым ыразы болсун
Биз сиз мененбиз✊
Азамат Болот өнөрүң өркүндөй берсин... Бийликтин партиялары көп десем,жадакалса эл өкүлдөрүнүн башчысы да кудааларынан экен да... Түшүнүктүү...
Башынан да оозу чон баягылар дечи 😁 Болот 💥💥✊✊✊
Азаматсын! 👍👍👍
Ушундай эр журок акындарыбыз бар болсун башкаларчылап бужуроп отурбай чындакты ыр менен жеткирип атат
Өзүлөрү шайлоону сатып алышып,анан айтат эл шайлады бизди деп.арамдар.
Вообще сонунго
Азаматсын иним кайран Кыргызым чандордон ашпай калдыго
Болот элин бар Алга
Азаматсын онорун орчундой берсин
Ээн туура ыр саптар
Азаматсын 👍👍👍💪💪💪
Машаллах.уулум
Бар бол. Аллага аманат
Ушундай форматта же акындык обон менен чыгарсаныздар 😍 эл чындыкты билсин
кыргыздын залкар мырзалары аттин кордолуп жатат да эсиз кайран козу майга толгон эл кандай гана эки жуздуу болдук 😔😔😔😔😔
Азаматсын
Эн сонун Акыйкат👍
Токтотпочу ушундай баяндарынды токтотпой чыгар биз ел колдойбуз
Ачуу чындык
Болот аке алга алга алга! Жака Жумабаев
@ainakandjunushalieva5224
2 жыл бұрын
Болот м
@ainakandjunushalieva5224
2 жыл бұрын
Болот балам сенин унун кудайга жетсе экен!!!
Соз жок мынча керемет создор таланттына таазим
Азамат экен го чындыкты чыркырата айтты
Ыйлагын келет
Молодец мыкты чыгарма
Боки азаматсың
Болот жигитсин сендей патриот кыргыз элине жерине куйгон азаматтарыбыз коп болсун биз кай жака кетип жатабыз кундон кунго бардак адилетсиздик кымбатчылык эки жуздуу адамдар бийликке жагалданган докансалар кор болушту чындыкты коргусу келишбей эки зектин аркасын тазалашып.